Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтом долбоорун (кошо тиркелет) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору виртуалдык активдерге байланышкан операциялардын өнүгүшүнө, санарип финансылык технологияларды колдонуунун кеңейишине, ошондой эле коммерциялык банктардын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ички контролдоо системаларын мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгына байланыштуу иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтынын «Банк жөнүндө»/«Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Улуттук банк токтом долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2026-жылдын 20-июнунан кечиктирбестен dzhusupov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүнү өтүнөт.