2026-жылдын 23-июнунан тартып 25-июнь күндөрү Ысык-Көл областынын Бостери айылында жайгашкан Окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда («Толкун» пансионаты) «Борбордук (улуттук) банктардагы бухгалтердик эсептин актуалдуу маселелери» темасында эл аралык тегерек стол маеги өткөрүлдү. Тегерек столду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы уюштуруп, модератор катары иш алып барды.  

Тегерек столго Армения Республикасынын Борбордук банкынын, Казакстан Республикасынын Улуттук Банкынын, Казакстан Республикасынын Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин, Россия Федерациясынын Борбордук банкынын, Тажикстан Улуттук банкынын, ошондой эле Грузия Улуттук банкынын жана Грузия финансы министрлигинин өкүлдөрү катышты. Катышуучулар бухгалтердик эсептин эл аралык стандарттарын колдонуу, борбордук банктардын санарип валюталарын иштеп чыгуу жана борбордук банктардын ишине ESG принциптерин киргизүү тажрыйбасы менен бөлүштү