2026-жылдын 6-июлундагы №2026-П-17/35-6-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына адистештирилген финансы уюмдарынын ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому кабыл алынган.
Токтом адистештирилген финансы уюмдардын ишин колдоо жана өнүктүрүү максатында иштелип чыккан, атап айтканда: алардын уюштуруу-укуктук формаларынын түрү, уруксат берилген операциялардын тизмеси, жөнгө салуу жана аларды техникалык жактан бекемдөө талаптар белгиленген.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.







