Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2026-жылдын 3-августунан тартып «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл» алтын коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. 

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү бул мамлекетибиздин башкы майрамы, ал жыл сайын 31-августта белгиленет. Бул күн кыргыз элинин эркиндигин, эгемендигин жана улуттук биримдигин түшүндүрөт. 

Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин желбиреп турган фонунда алдыга басып бараткан ак илбирстин сүрөтү түшүрүлгөн. Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу болуп саналат, ал республиканын улуулугун, күчүн жана жаратылыш байлыгын билдирет. Монетаны тегерете «Эгемен Кыргыз Республикасы» деген жазуу түшүрүлгөн. Монетанын төмөнкү бөлүгүндө «100 С» номиналы жана «35 жыл» деген жазуу берилген. 

Монетанын арткы бетинде «35» цифрасы түшүрүлгөн, анын ичинде Кыргызстандын бай мурасын жана маданий ар түрдүүлүгүн чагылдырган кыргыздын кол өнөрчүлүгү курактын элементтерин камтыган геометриялык сызыктардын фонунда Кыргыз Республикасынын герби жайгаштырылган. Монетанын сол жагында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» жана монетанын чыгарылган жылы «2026» жайгаштырылган. Төмөнкү бөлүгүндө металлдын сапат белгиси (Au 999) жана монетанын салмагы (7,78 g) көрсөтүлгөн. 

«Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл» коллекциялык монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. 

 

Монетанын мүнөздөмөлөрү 

  

Аталышы 

Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл 

Номиналы 

100 сом 

Металлы (сапат белгиси) 

Au 999 

Диаметри (мм) 

22,00  

Салмагы (г) 

7,78 

Сапаты 

рroof 

Нускасы (даана) 

1000 

 

Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган.  

Коллекциялык монета Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мекемелеринин кассаларында 99 460,00 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин сатылат.