Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети, төлөм уюму/төлөм системасынын оператору тарабынан төмөнкү талаптар бузууга жол берилгендигин үчүн 1 081 609 (бир миллион сексен бир миң алты жүз тогуз) сом өлчөмүндө айып салды:
- Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын автоматташтырылган системалардын ишин жана операциялар жөнүндө маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу тартиби бөлүгүн;
- Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын эл аралык электрондук акча которууларды жүзөгө ашырууда кардарды талаптагыдай текшерүү тартиби бөлүгүн.







