Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн, Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмуна/төлөм системасынын операторуна жалпы суммасы 220 000 сомду түзүүчү айып пул салынды. Айып пул төмөнкүдөй мыйзам бузуулар үчүн белгиленди

Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын милдеттүү талаптарын аткарбагандыгы;  

Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын ички көзөмөл системасын уюштуруу бөлүгүн аткарбагандыгы.