Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:
- 2026-жылдын 30-сентябрынан тартып 2026-жылдын 4-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Джал-29 кичи району, 3-үй, 4-кеңсе жана Тыналиев көч., 36-үй даректери боюнча жайгашкан «Лекс Финанс» ЖЧКнын алмашуу бюросу 2022-жылдын 4-мартындагы № 6271 лицензиясынын аракети;
- 2026-жылдын 1-октябрынан тартып 2026-жылдын 3-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Кожевенная көчөсү, 74, «Алкан Базары» базары, «Новый Север» катары, № 57 дареги боюнча жайгашкан «Алинур кейджи» ЖЧКнын алмашуу бюросу 2021-жылдын 15-декабрындагы № 6236 лицензиясынын аракети.







