2026-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү «Казакстандын микрофинансылык уюмдар ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси (КМУА) тарабынан Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) уюштурулган «Борбордук Азияда микрокаржылоо келечеги» форумуна катышты.  

Форумдун алкагында микрокаржылоо секторунун финансылык туруктуулугун камсыз кылуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүү, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, санарип микрокаржылоо кызматтарын өнүктүрүү жана регион өлкөлөрүндө кредиттик ресурстардан пайдаланууну арттыруу маселелери талкууланды.