Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрындагы № 2026-П-12/48-1-(НПА) токтому менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү  чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, ФАТФнын эл аралык стандарттарына, Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана кылмыштуу ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун сунуш-көрсөтмөлөрүнө, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын адистештирилген финансы уюмдарынын ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу маселелери боюнча мурда кабыл алынган токтомуна ылайык келтирүүгө багытталган өзгөртүүлөр киргизилди.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg / Банк жөнүндө / Банк иши тууралуу мыйзамдар / Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Токтом менен өзгөртүү киргизилген ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтынын төмөнкү бөлүктөрүндө  жайгаштырылат: 

- «www.nbkr.kg / Банк жөнүндө / Улуттук банктын ченемдик актылары / Банктык жөнгө салуу»; 

- «www.nbkr.kg / Банк жөнүндө / Улуттук банктын ченемдик актылары / Банк эмес финансы мекемелер ишин жөнгө салуу»;  

- «www.nbkr.kg / Банк жөнүндө / Улуттук банктын ченемдик актылары /Төлөм системасы».