Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов ОБСЕ Академиясынын студенттерине лекция окуду  

  

Улуттук банктын Төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2018-жылдын 7-апрель күнү ОБСЕ Академиясынын студенттерине “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролу жана аткарган милдеттери” темасында лекция окуп, анын жүрүшүндө ал өлкөнүн башкы банкынын калыптануу тарыхы, республикада банк жана төлөм системаларынын жөнгө салынышы, банк мыйзамдары, Улуттук банктын акча-кредит саясаты, ошондой эле улуттук валюта сомдун 25 жыл ичичнде басып өткөн жолу тууралуу кең-кесири баяндап берди. 

Өз сөзүндө ал «Улуттук банктын пайдубалы түптөлгөн учурдан бери өз алдынча өнүгүү жолун көздөгөн, тышкы таасирлеге туруштук берүүгө жөндөмдүү финансы системасынын калыптандыруу үчүн кадам сайын коомдун өнүгүшүнө шайкеш тиешелүү чаралар көрүлүп, системанын натыйжалуу иши башкы максаты баа туруктуулугуна жетишип, аны колдоп турууга багытталган акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу камсыз кылынгандыгын», баса белгиледи.  

Иш-чараны жыйынтыктап жатып Толкунбек Абдыгулов студенттердин берген бардык суроолдоруна жооп берип, активдүү студенттерге баалуу белектерди тапшырды.