Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен биргеликте POS-терминалдардын орнотулгандыгына жеке ишкерлер менен юридикалык жактарга мониторинг жүргүздү   

  

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга каралган Мамлекеттик программанын иш-чараларын ишке ашыруунун алкагында, 2018-жылдын 4 жана 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери биргелешип банктык төлөм карт ээлерин тейлөө үчүн РOS-терминалдардын болушун текшерүү максатында Ош шаарында мониторинг жүргүзүштү.   

Мониторинг жүргүзүү үчүн сулуулук салондор, медициналык борборлор, дарыканалар, техника, кийим жана кеңсе буюмдарын сатуучу дүкөндөр, азык-түлүк дүкөндөр, коомдук тамактануу жайлар, май куюучу жайлары жана башкалар кирген 44 ишкана тандалып алынган. 

Мониторингдин жүрүшүндө Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери тарабынан POS-терминалдар орнотулбаган 30 ишкананын жетекчилерине жазма буйрук берилген.  

Берилген жазма буйруктарга ылайык, аталган соода-тейлөө ишканалары 2018-жылдын 30-сентябрына чейин POS-терминалдарды орнотууну камсыз кылуусу зарыл. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жазма буйругу аткарылбаган учурда, кызмат адамына 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин айыптык төлөм төлөө жоопкерчилиги каралган.