2019-жылдын 21-январынан 1-февралына чейинки мезгил аралыгында SECO ишеним фондусунун каражаттарынан каржыланган Финансы секторун өнүктүрүү долбоору боюнча Дүйнөлүк банктын миссиясы болуп өтөт.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана коммерциялык банктардын кызматкерлери үчүн 2019-жылдын 21-январынан 24-январга чейин Дүйнөлүк банктын консультанттары «Киберкоопсуздукту башкаруу» темасында семинар уюштурду.  

Миссиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өкүлдөрү менен учурдагы долбоорлорду ишке ашыруунун статусуна баа берүү маселелери жана Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук базаны жакшыртуу маселелери талкууланат.