Банк тутумунун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле, орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди жабуу үчүн зарыл болгон банк тутумунун капиталдык базасын колдоо максатында, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2019-жылдын 14-мартында № 2019-П-12\11-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алынган.
Жогорудагы токтом менен Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоо;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-августундагы №18/1 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө” жобо.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: «www.nbkr.kg/Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу» бөлүгүндө жайгаштырылган.