Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Эл аралык валюта фондусунун
техникалык миссиясы өз ишин баштады
Улуттук банктынын Төрагасынын орун басары Нурбек Жениш 2019-жылдын 13-майында Эл аралык валюта фондусунун (ЭВФ) техникалык миссиясы менен жолугушту.
ЭВФ менен Швейцариянын экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын техникалык жардамынын алкагында акча-кредит саясатынын негиздери жана финансы секторунун ишине көзөмөл жана жөнгө салуу багыттары боюнча долбоорлорго баа берүү - аталган миссиянын иш максатынан болуп саналат.
Миссиясынын иш сапары 2019-жылдын 20-майына чейин созулат.