Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Эл аралык музейлер күнүнө карата 2019-жылдын 17-майында Улуттук банктын нумизматикалык музейинде ачык эшик күнүн өткөрдү

Экскурсиянын жүрүшүндө нумизматикалык музейге келгендер - мектеп окуучулары, алардын ата-энелери, жогорку окуу жайларынын студенттери, ошондой эле борбор шаарыбыздын коноктору улуттук валютанын өнүгүү тарыхы, Улуу Жибек жолу доорунан тартып Кыргызстандын аймагында табылган кайталангыс байыркы монеталар экспозициясы менен жана Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталар менен таанышып, чет мамлекеттердин борбордук банктары тарабынан чыгарылган ар кандай акча белгилеринин үлгүлөрүн көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.