2019-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н.Жениш менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын расмий делегациясы ортосунда жолугушуу болуп өттү. Делегацияны Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ишин Түркия, Румыния, Азербайжан жана Кыргыз Республикасы өлкөлөрүндө көзөмөлгө алган Директорлор кеңешинин мүчөсү Ташкин Темиз мырза жетектеди. Жолугушуу учурунда банктар ортосундагы кызматташуу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк жана финансы чөйрөлөрүнө тиешелүү маселелер талкууланды.