2019-жылдын 12 жана 13-сентябрында Евразия борбордук (улуттук) банктарынын кеңешинин кезектеги 41-отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин курамына Россия Федерациянын, Армян Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстандын жана Кыргыз Республикасынын борбордук банктары кирет.  

Отурумда банк ишине тиешелүү ар түрдүү маселелер, атап айтканда, Евразия борбордук (улуттук) банктарынын кеңешинин катышуучуларынан болгон борбордук (улуттук) банктардын мамлекеттеринин акча-кредит саясатынын негизги багыттары, банк секторунун финансылык туруктуулугу боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары, микрокредиттик (микрофинансы) мекемелердин ишин жөнгө салуу маселелери, ошондой эле төлөм балансынын абалы жана эл аралык резервинин динамикасы каралды.