Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2019-жылдын 9-сентябрында төмөнкү токтомдорду кабыл алды: 

- «Кыргыз Республикасында кепилдик фонддорду түзүү жана каттоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» № 2019-П-33\47-2-(НФКУ) токтому; 

- «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» № 2019-П-33\47-3-(НФКУ) токтому

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» № 2019-П-33\47-4-(НФКУ) токтому.  

Аталган токтомдор Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.  

Токтомдор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.  

Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg/Банк тууралуу/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банк эмес финансы мекемелер ишин жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылган.