Өлкө региондорунда стартап-долбоорлорун жана чакан бизнести каржылоо механизмин талкуулоо боюнча жолугушуу болуп өттү 

 

2019-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, «Гарантиялык фонд» ААКтын, «Айыл Банк» ААКтын, «РСК Банк» ААКтын жана «Бакай Банк» ААКтын жетекчилиги менен жолугушуусу болуп өттү. Анын алкагында тараптар өлкөнүн региондорунда стартап-долбоорлорду каржылоо механизмдери боюнча биргелешкен программанын ишке ашырылышын талкуулашты. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын аткаруунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Улуттук банк Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен биргеликте региондордо чакан бизнес чөйрөсүндө стартап-долбоорлорду түз каржылоо линиясы боюнча каржылоо механизмдерин иштеп чыккан. 

Долбоорлорду талаптагыдай даярдоо максатында, биринчи программага катышкан ишкерлер үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду БУУӨП (ПРООН) менен биргеликте региондордо стартап-долбоорлордун алкагында тике каржылоо линиясы боюнча жалпы 1 млн. АКШ доллары суммасына бизнес жүргүзүү, бизнес-план түзүү, ж.б. боюнча ишкерлерди окутууну уюштурган. Бул алардын билимин жана квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле колдо болгон потенциалды кеңейтүүгө жана арттырууга багытталган. 

Окутуунун жыйынтыгы боюнча 10 долбоор, анын ичинде Нарын областы боюнча - 4 (сүттү кайра иштетүү 3, мал союу цехи 1), Баткен областы боюнча - 3 (өрүктү кайра иштетүү жана сактоо 2, жүндү кайра иштетүү 1), Талас областы боюнча - 3 (төө буурчакты кайра иштетүү 1, логистикалык борбор 1, медициналык клиника 1) долбоор тандалып алынган. 

Региондордо чакан бизнес чөйрөсүндөгү стартап-долбоорлорун каржылоо боюнча экинчи программа өлкөнүн бардык областтарындагы экономиканын артыкчылыктуу секторлору боюнча жаңы ишкерлер үчүн тиешелүү шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан. 

Бул программага катышууну каалагандар үчүн үстүбүздөгү жылдын август-сентябрь айларында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан өлкөнүн бардык региондорунда үч күндүк консультациялык курстар уюштурулуп өткөрүлдү. Белгилүү бир бизнес-планды иштеп чыгуу жана толтуруу боюнча жардам көрсөтүү уюштурулган консультациялардын максаты болуп саналат. Ал эми ийгиликтүү иштелип чыккан бизнес-пландар өнөктөш банктардын кароосуна сунушталды. Окутуунун жыйынтыктары боюнча 70тен ашык долбоорлор даярдалган, алар каржылоо маселеси боюнча кароого алынат. 

Чакан бизнести каржылоо механизми тобокелдиктерди программанын катышуучулары ортосунда бөлүштүрүүнү болжолдойт, мында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду долбоор боюнча каржылоо суммасынан 30% өлчөмүндө (долбоор боюнча Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан кепилдиктерди берүү жолу менен), «Гарантиялык фонд» ААК 30% өлчөмүндө (долбоор боюнча Гарантиялык фонд тарабынан кепилдиктерди берүү жолу менен) жана өнөктөш банктар 40% өлчөмүндө тобокелдиктерди өзүнө алат. 

Бул долбоорлор иш жигердүүлүгүн жогорулатууга түрткү берет, ал эми түзүлгөн ишканалар өндүрүштө тиешелүү мультипликативдик таасирин тийгизип, кластердик ыкманы өнүктүрүүгө негиз түзөт деп күтүлүүдө