Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банктын жазма буйруктарын аткарбагандыгы үчүн «Nur International Trade» (Нур Интернейшнл Трейд) жоопкерчилиги чектелген коомунун 2015-жылдын 10-ноябрындагы № 3016101115 жана № 2017101115 лицензияларынын аракети 2019-жылдын 15-октябрынан тартып убактылуу токтотулгандыгын маалымдайт. Лицензиялардын аракетинин убактылуу токтотулушу «Nur International Trade» (Нур Интернейшнл Трейд) жоопкерчилиги чектелген коомун өз милдеттенмелерин аткаруудан бошотпойт.