Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги №22/3 «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары-долбоор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары ошондой эле кызыкдар болгон башка жактар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2019-жылдын 16-ноябрынан кечиктирбестен sibragimova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.