Ош областында «Финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү» аталышында тегерек стол маеги болуп өттү 

 

2019-жылдын 16-октябрь күнү Ош областынын Ноокат шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү биргелешип уюштурган, «Финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү» темасында тегерек стол маеги болуп өттү

Аталган иш-чарага Улуттук банктын, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, «Гарантиялык фонд» ААКтын, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана жергиликтүү бизнес-коомчулугунун, айыл аймактарынын өкүлдөрү жана Ноокат районунун акими катышты. 

Бул иш-чара жергиликтүү бийлик органдарын катыштырып, финансы институттары менен райондун бизнес-коомчулуктарынын ортосунда натыйжалуу карым-катышты түзүү максатында уюштурулган. Тегерек стол маегинин жүрүшүндө калкты жана ишкерлерди сапаттуу, жеткиликтүү банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу жагында жөнгө салуучу жана бүтүндөй банк сектору тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана иш-аракеттер тууралуу Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү маалымат беришти.