Дүйнөлүк каражат топтоо күнү өз ишин баштады 

 

2019-жылдын 21-октябрында пресс-конференция өткөрүлүп, анда Кыргызстанда Дүйнөлүк жыйым топтоо күнүн белгилөө иш-чарасы башталгандыгы жарыяланды. 

Пресс-конференцияга Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мээрим Момункулова, Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы Элчисинин орун басары Ирья Берг айым, Эл аралык кызматташуу боюнча Шпаркасс фондунун регионалдык координатору Аня Хойер айым жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Эркебай Мурзабеков катышты. 

Өз сөзүндө М. Момункулова бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкы үчүн каражат топтоонун эң эле туруктуу ыкмасы катары банктык аманаттар санала тургандыгын белгилеп кетти. Бул, биринчи кезекте, банк тутумунун туруктуулугу, ошондой эле депозиттерге мүнөздүү бир катар артыкчылыктар менен шартталган. 

Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөөгө карата көптөгөн иш-чараларды: финансылык жармаңке, ачык эшик күндөрү, лекциялар, интерактивдүү оюндар, финансылык мекемелерге экскурсия уюштуруу, сынактарды өткөрүү пландаштырылган. 

Аня Хойер айым каражат топтоо финансылык көз карандысыздыкка жана жашоо деңгээлин жакшыртууга негиз түптөй тургандыгын айтты. Топтолгон жогорку үлүштөгү каражат инвестиция салууга өбөлгө түзүп, өлкөнүн экономикасын андан да өнүктүрүүгө түрткү берет.  

 

Маалымат үчүн: 

Дүйнөлүк каражат топтоо күнү Кыргызстанда Германия сактык кассалар фонду, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана коммерциялык банктар менен биргеликте бешинчи жолу уюштурулууда. 

Дүйнөлүк каражат топтоо күнү 90 жылдан ашык убакыттан бери белгиленип келет. Мындай иш-чаранын негизги милдети калктын акчалай гана эмес, суу, токой, энергетика жана башка ресурстарды да сактоо маданиятын түптөө саналат.  

Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн өткөрүүнүн максаты каражат топтоо маданиятын жайылтуу жана үйрөтүү саналат. 

 

Кыргызстанда 2019-жылдын 16-октябрынан 6-ноябрына чейин Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2019 алкагында өткөрүлгөн иш-чаралардын планы