2019-жылдын 13-ноябрь күнү Ош областынын Өзгөн шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргелешип уюштурган «Финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү» темасында тегерек стол маеги болуп өттү

Аталган иш-чарага Улуттук банктын, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, «Гарантиялык фонд» ААКтын, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана жергиликтүү бизнес-коомчулугунун, айыл аймактарынын өкүлдөрү жана Өзгөн районунун акими катышты. 

Бул иш-чара жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда финансы институттары менен Өзгөн районунун бизнес-коомчулуктары ортосунда натыйжалуу карым-катышты түзүү максатында уюштурулган. Тегерек стол маегинин жүрүшүндө Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү калктын жана ишкерлердин сапаттуу, жеткиликтүү банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануусун камсыз кылуу жагында жөнгө салуучу жана бүтүндөй банк сектору тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана иш-аракеттер тууралуу маалымат беришти.