2019-жылдын 28-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарында Эл аралык ислам соода-финансы корпорациясы (ITFC) (мындан ары Корпорация) Стамбул борбордук банк ишинин мектеби (ISCB) жана Статистикалык, экономикалык жана социалдык изилдөөлөр жана ислам өлкөлөрү үчүн кадрларды кесиптик жактан даярдоо борбору (SESRIC) менен биргеликте ислам банк иши жана финансы боюнча төрт күндүк окутуу курсун өткөрдү. Семинарда колдонуудагы финансы продукттары, ислам финансы институттарынын иши тууралуу кенен маалымат берилип, адаттагы банктык кызмат көрсөтүүлөр менен шариат стандарттарына ылайык келген финансы жана банктык кызмат көрсөтүүлөр ортосундагы негизги айырмачылыктар толук каралып чыкты.  

Тренингге Азербайжандын, Казакстандын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Афганистандын ислам банк ишин жана каржылоону ченемдик укуктук жактан жөнгө салууну жана өнүктүрүүнү жүзөгө ашырган борбордук банктарынын жана башка уюмдарынын жыйырмага жакын өкүлдөрү, ошондой эле Түркиянын төрт банкынын өкүлү катышты. 

Бул семинар Корпорация тарабынан КМШ өлкөлөрү үчүн уюштурулган семинарлардын бири болуп саналат. Ал ислам финансы кызмат көрсөтүүлөрүн кеңейтүүгө, ал тууралуу маалыматты Корпорациянын сооданы өнүктүрүү боюнча ишинин алкагында кеңири таратууга багытталган.  

 

Эл аралык ислам соода-финансы корпорациясы (ITFC) жөнүндө

Эл аралык ислам соода-финансы корпорациясы (ITFC) Ислам өнүктүрүү банкы (IsDB) тобунун курамынын мүчөсү болуп саналат. Анын негизги милдети Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр ортосунда соода мамилелерин өнүктүрүүгө түрткү берүү

Корпорация 2008-жылдын январь айында өз ишин баштап, буга чейин Ислам өнүктүрүү банкы (IsDB) тобундагы ар башка «терезе» тарабынан сунушталган соода-финансы операцияларын бириктирүүгө жетишти. Корпорациянын Moodys рейтинг агенттигинен A1 рейтингин алгандыгы анын кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу сунуштап жаткандыгын, ошондой эле бизнес чөйрөсүндөгү кардарлардын муктаждыгына ыкчам чара көрүү жөндөмдүүлүгүн айгинелейт. 

Корпорация 2008-жылдан тартып, Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөргө сооданы каржылоо үчүн 45,4 млрд АКШ долларынан ашык каражат бөлүп берген, бул Корпорациянын Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн муктаждыктары үчүн соода боюнча чечимдерди кабыл алууда алдыңкы провайдер экендигин билдирет.  

Азыркы учурда Корпорация Кыргыз Республикасынын, Тажикстан жана Өзбекстан өкмөттөрү менен стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдеп, Кыргыз Республикасындагы жана Өзбекстандагы алдыңкы финансы уюмдары менен кызматташууну ийгиликтүү улантып жатат.  

Корпорация түзүлгөн учурдан тартып, КМШ өлкөлөрү үчүн бөлүнгөн жалпы сумма 1,1 млрд АКШ долларын түзгөн.