Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор микрофинансылык компаниялар жана кредиттик союздар тарабынан берилүүчү ачык валюта позициялары жөнүндө отчетту тапшыруу тартибин өзгөртүү зарылдыгына байланыштуу иштелип чыкты. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Микрофинансылык компаниялар, кредиттик союздар жана кызыкдар болгон башка жактар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2020-жылдын 28-февралына чейин mtatybekova@nbkr.kg электрондук почтасына (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.