COVID-19 коронавирусу жайылышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым аймактарына өзгөчө абал киргизүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын иштөө тартиби жана алардын ишин жөнгө салуу жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» № 57, «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» № 56, «Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» № 55 жарлыктарынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана башка юридикалык жактардын маанилүү бизнес-процесстеринин ишин камсыз кылуу үчүн тобокелдиктерди кыскартуу боюнча чаралар тизмесин жана иш-чаралар топтомун жүзөгө ашыруу ыкмаларын бекитти. 

2020-жылдын 30-мартында кабыл алынган тиешелүү № 2020-П-12/19-1-(БС) токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.