Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системаларынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары долбоор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын башка кызыкдар катышуучулары долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2020-жылдын 28-июнунан кечиктирбестен abakesarieva@nbkr.kg электрондук почта дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.