1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» жабык акционердик коому тарабынан «Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» жабык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Анри де Куртеврондун талапкерлигине 2020-жылдын 28-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Компаньон Банкы» жабык акционердик коому тарабынан «Компаньон Банкы» жабык акционердик коомунун башкы бухгалтери кызмат ордуна сунушталган Сатибалдиев Максатбек Сатибалдиевичтин талапкерлигине 2020-жылдын 28-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз-Швейцариялык Банк» жабык акционердик коому тарабынан «Кыргыз-Швейцариялык Банк» жабык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Султанов Руслан Раимбековичтин талапкерлигине 2020-жылдын 28-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «ФинансКредитБанк КАБ» ачык акционердик коому тарабынан «ФинансКредитБанк КАБ» ачык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин төрагасы/мүчөсү жана Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитеттин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Разаков Жениш Парпиевичтин талапкерлигине 2020-жылдын 28-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды.