Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына банктык жөнгө салуу жана көзөмөлдөө маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор банктардын ишине тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдөө ыкмаларын өркүндөтүү, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык келтирүү жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу боюнча калктын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында, ошондой эле коммерциялык банктардын сунушу боюнча иштелип чыккан. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Коммерциялык банктар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2020-жылдын 18-октябрынан кечиктирбестен nzhaparkulova@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.