Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18.05 № 19\6 токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алып, иши ал тарабынан жёнгё салынган банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин кардарларга-жеке адамдарга кредиттерди беръъсънё карата талаптар жёнъндё 

 

Улуттук банктан лицензия алып, иши ал тарабынан жёнгё салынган банктар жана башка финансы-кредит мекемелери тарабынан сунушталган банктык кызматтарды керектёёчълёрдън укуктарын коргоо, республиканын банк тутумунун ишинин натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдъълъгън камсыз кылуу максатында, ошондой эле карыз алуучулардан тъшкён кайрылууларды эске алып, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жёнъндё" мыйзамынын 3, 4, 7, 43-статьяларына, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жёнъндё" мыйзамынын 3, 4, 7, 35, 39, 39-1-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банктан лицензия алып, иши ал тарабынан жёнгё салынган бардык коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга (микрофинансылык компанияларга, микрокредиттик компанияларга, микрокредиттик агенттиктерге), кредиттик союздарга жана адистештирилген финансы-кредит мекемелерине:  

- эгерде кардардын-жеке адамдын карызынын ордун жабуунун эсебине кабыл алынган тёлёмдёр акчалай милдеттенмени аткаруу ъчън жетишсиз болсо, кредит келишиминде тёлёмдёрдъ кабыл алуунун тёмёнкъдёй тартиби караштырылсын: (1) негизги сумма; (2) акчалай милдеттенмени аткарууга кабыл алуу боюнча чыгымдар; (3) тёлёё графигине ылайык пайыздар; (4) ъстёк айып (айыптык тёлёмдёр, туумдар); 

- кардар-жеке адам менен тъзългён кредиттик келишимде карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча тёлём мёёнётън ёткёръп жибергендиги ъчън ъстёк айып (айыптык тёлёмдёр, туумдар) боюнча пайыздын ёлчёмъ келишимде кёрсётългён кредит боюнча пайыздык ченден ашпаган чекте белгиленсин. Мында, чегерилген ъстёк айыптын (айып, туум) максималдуу суммасы негизги карыздын калдыгынын суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш

2. Юридикалык башкармалыгы: 

- бул токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштырсын; 

- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы ъчън Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жёнётсън.  

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 кън ёткёндён кийин къчънё кирет. 

4. Кёзёмёл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды, микрофинансылык уюмдарды, «Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана ёнъктъръъ боюнча финансы компаниясы» ЖЧКсынын укугу ёткён - адистештирилген финансы-кредит мекемесин жана кредиттик союздарды тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Тёрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жъктёлсън

 

 

Тёрага Асанкожоева З.М.