Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2012-жылдын 12-декабрындагы № 48\10 токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду 

киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин.  

2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 19-майындагы №12/5 «Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы» ЖЧКсына кредиттик союздардын катышуучулары менен финансылык ижара (лизинг) боюнча операцияларды жүзөгө ашырууга укук берүү жөнүндө» токтому күчүн жоготкон катары таанылсын

3. Юридика башкармалыгы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду, расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.   

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен адистештирилген финансы-кредит мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын тааныштырсын.  

5. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.   

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2012 жылдын 12.12.  

48\10 токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 10-июнунда 75-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №14/3 токтом менен бекитилген “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Жобонун 5-бөлүгүнүн 5.5.-пунктунун: 

- 1) пунктчасындагы “Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы” деген сөздөр “Адистештирилген финансы-кредиттик мекеме “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсы (мындан ары КСФК)деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- Жобонун 5-пунктчасынын бүтүндөй текст боюнча кездешкен “Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы” деген сөздөр КСФК деген сөзгө алмаштырылсын. 

 

2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 6-июнунда 73-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №12/2 токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) Эрежелердин 3-бөлүгүнүн 3.1.3.-пунктунун: 

- биринчи сүйлөмдөгү “Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы” ЖЧКсы деген сөздөр “Адистештирилген финансы-кредиттик мекеме “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсы (мындан ары КСФК)деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- экинчи сүйлөмдөгү “Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы” ЖЧКсы” деген сөздөр КСФК деген сөзгө алмаштырылсын; 

2) Эрежелердин 5-бөлүгүнүн 5.2.4.-пунктундагы “Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы” ЖЧКсы” деген сөздөр “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсы (мындан ары КСФК)” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 

3. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 13-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 20-апрелинде 44-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №13/13 токтом менен бекитилген “Кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө” нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) Нускоонун 3-бөлүгүнүн 3.4-пунктунун үчүнчү абзацындагы Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы” ЖЧКсы деген сөздөр “Адистештирилген финансы-кредиттик мекеме “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсы (мындан ары КСФК)деген сөздөргө алмаштырылсын; 

2) Нускоого карата 1-тиркеменин: 

- биринчи абзацындагы “Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы деген сөздөр Инспектирлөө башкармалыгы деген сөздөргө алмаштырылсын. 

- бүтүндөй текст боюнча кездешкен “Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгы” деген сөздөр “Инспектирлөө башкармалыгы” деген сөздөргө алмаштырылсын  

- Улуттук банктын билдирме катына карата тиркемедеги “Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы” деген сөздөр “КСФК” деген сөзгө алмаштырылсын. 

 

4. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 11-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 7-августунда 78-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №34/3 токтом менен бекитилген “Кредиттик регистр жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) Жобонун кириш сөзүнүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«Ушул Жобонун талаптары, Улуттук банктан лицензия алышкан бардык коммерциялык банктарга, “Адистештирилген финансы-кредиттик мекеме “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсына (мындан ары КСФК) жана микрофинансалык компанияларга (МФК), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылат.»; 

2) Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.1-пунктунун

- экинчи абзацындагы “коммерциялык банктар, ЭСК, “Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы” тарабынан берилген деген сөздөр коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, ЭСК, КСФК тарабынан деген сөздөргө алмаштырылсын

- төртүнчү абзацындагы Кыргыз Республикасында өз ишин жүзөгө ашырган коммерциялык банктар, ошондой эле “ЭСК” ААКсы, Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы” ЖЧКсы деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүзөгө ашырган бардык коммерциялык банктар жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, ошондой эле КСФК деген сөздөргө алмаштырылсын.” 

 

5. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/7 токтому менен бекитилген “Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

Жобонун 1өлүгүнүн 1.1-пунктундагы “Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы” деген сөздөр Адистештирилген финансы-кредиттик мекеме “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсы (мындан ары КСФК)деген сөздөргө алмаштырылсын

 

6. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 23-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 21-апрелинде 45-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №7/5 токтом менен бекитилген “Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

Жобонун 2-бөлүгүнүн 2.2.-пунктундагы “Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы” ЖЧКсы” деген сөздөрАдистештирилген финансы-кредиттик мекеме “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсы (мындан ары КСФК)деген сөздөргө алмаштырылсын

 

7. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган,  

Жобонун 1-бөлүгүнүн 1.1-пунктунун экинчи сүйлөмүндөгүУлуттук банктан лицензия алышкандеген сөздөрдөн кийин “, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” деген сөздөр менен толукталсын. 

 

8. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы №41/10 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтомго карата тиркемеге төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

тиркеменин 1-пунктунун ж) пунктчасындагы “12.7-пунктундагы” деген сөздөр “13.7-пунктундагы деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

9. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 94-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №18/2 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө” нускоого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин

Нускоонун 1.1-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

“Бул нускоонун талабы ошондой эле Адистештирилген финансы-кредиттик мекеме “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсына да, капиталдын түзүмүн аныктоо, капиталдын (өздүк каражаттардын) минималдуу өлчөмүн жана капиталдын шайкештик коэффициенттерин эсептөө тартибин жана баланстык активдерге жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерге тобокелдик деңгээли боюнча баа берүүдө таркатылат” таркатылат.