Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2012-жылдын 28-ноябрындагы № 45/8 токтому 

 

 

 

 

 

Микрофинансылык уюмдарга карата талаптар жөнүндө  

 

Ишкердикти өнүктүрүүгө дем берүү жана республика калкынын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 3, 4, 7-статьяларына, "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамынын 2, 16, 17, 33-статьяларына жана "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 35-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Микрофинансылык уюмдардын кредиттөө боюнча операциялары ыйгарым укуктуу орган/уставда аныкталган адам тарабынан бекитилген ички кредит саясатына ылайык ишке ашырылууга тийиш.  

Кредиттик саясатта эң аз дегенде төмөнкүлөр каралган негизги жоболор чагылдырылышы зарыл:  

- кредит портфелин топтоодо "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамынын 2-статьясына ылайык, бизнести өнүктүрүүгө кредит бөлүүгө артыкчылык берүү

- кредит портфелинин жалпы көлөмүнө карата алардын үлүшүн көрсөтүү менен кредиттөө багыты; 

- карызгер айлык чогуу алгандагы кирешесинин 40% ашпаган бөлүгүн кредитти айлык төлөөгө жумшай тургандыгын камтыган керектөө кредитинин максималдуу суммасын эсептөө зарылдыгы; 

- карызгердин кредит боюнча карызынын ордун толук өлчөмдө жабууга же айыптык санкцияларды кармап калуусуз төлөө графигинен озуу менен төлөө укугу.  

2. Бардык микрофинансылык уюмдар кардарлар менен кредиттик келишиминде карызгердин кредит боюнча карызын толук көлөмдө мөөнөтүнөн мурда жаба алууга же айыптык төлөм кармалуусуз, графиктен озуу менен төлөө укугун чагылдырууга милдеттүү.  

3. Юридика башкармалыгы:  

- бул токтомду Улуттук банктын расмий сайтында жарыяласын; 

- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

5. Микрофинансылык уюмдар ички кредиттик саясаттарын ушул токтом күчүнө киргенден кийинки 1 ай ичинде ушул токтомдун талаптарына ылайык келтиришсин.  

6. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен микрофинансылык уюмдарды жана Микрофинансылык уюмдар ассоциациясын тааныштырсын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

 

Төрага Асанкожоева З.М.