Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 13-февралиндеги № 4\1 токтому 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында №5/7 кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн «Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомго толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын тарабынан 2006-жылдын 2-мартында №5/7 кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн «Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» токтомго сунуш кылынган төмөнкү мазмундагы толуктоолор бекитилсин

- Жобонун 10.2-пунктундагы «же башка түрдө» деген сөздөрдөн кийин «үлктү ажыратып алуу боюнча ар кандай бүтүмдөрдүн укуктук өтүшүнүн белгиленген тартибинде соттун чечими боюнча акцияларды өткөрүп берүүнүн негизинде, ошондой эле башка учурларда)» деген сөздөр менен толукталсын жана мындан ары текст боюнча. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн

 

Төрага Асанкожоева З.М