Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 13-февралындагы № 4\2 токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук 

актыларына ёзгёртъълёрдъ жана толуктоолорду киргизъъ тууралуу 

 

  Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын «Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 06-октябрындагы №169 Мыйзамынын 4,5 жана 6 статьяларына ылайык келтирүү максатында жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7 жана 43 беренелерине таянып, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына кошо тиркелген өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин: 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгы тарабынан 2005-жылдын 4-майында №14/3 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 10-июнунда 75-05 регистрациялык номери менен катталган «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндөгү» Жобосуна; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгы тарабынан 2007-жылдын 31-январында №5/1 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 05-мартында 27-07 регистрациялык номери менен катталган «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө» Жобосуна. 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы

- Ушул токтомду Кыргыз республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрайымынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрайым Асанкожоева З.М. 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын   

2013-жылдын 13.02 4\2 

токтомуна тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улукттук банкынын кээ бир ченемдик укуктук актыларына өзгөрүүлөр жана толуктоолор 

 

I. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгы тарабынан 2005-жылдын 4-майында №14/3 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 10-июнунда 75-05 регистрациялык номери менен катталган «Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндөгү» Жобосуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

 

1) Жалпы жоболордун (мазмунундагы) 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын; 

2) 1.4 пунктунун 2) пунктчасында «- кредиттик союздун катышуучулары менен лизинг операцияларын жүргүзүү;» деген сөздөр алып салынсын; 

3) 1.6 пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Кредиттик союз лицензияларында көрсөтүлгөн финансылык кызматтарды, ошондой эле финансылык лизинг боюнча кызматтарды жүзөгө ашырууга укуктуу»; 

4) 4-бөлүм күчүн жоготту деп таанылсын; 

5) 5-тиркемеде «- кредиттик союздун катышуучулары менен лизинг операцияларын жүргүзүү» деген сөздөр алып салынсын. 

 

II. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармалыгы тарабынан 2007-жылдын 31-январында №5/1 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 05-мартында 27-07 регистрациялык номери менен катталган «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө» Жобосуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

 

1) 3.2 пунктуна «мындай» деген сөзүнөн кийин «финансылык лизинг кызматтарынан сырткары» деген сөздөрү менен толукталсын; 

2) 3.2 пунктунун 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын; 

3) 7-тиркеменин 1.3 пункту алып салынсын.