Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10\16 токтому 

Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу тооруктарды  

жүргүзүү эрежелерин бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 43-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кароого сунуштулган “Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу тооруктарды жүргүзүү эрежелери” (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 23-декабрында №50/2 кабыл алынганБанктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын соода-маалыматтык электрондук системасы аркылуу тооруктарды өткөрүү эрежелери” ушул токтомдун 6-пунктуна ылайык Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу тооруктарды жүргүзүү эрежелер нормалары колдонууга киргизилген күндөн тартып күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштырылсын. 

4. Юридика башкармалыгы бул токтом расмий жарыялангандан кийин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

5. Бул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

6. Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу тооруктарды жүргүзүү эрежелердин нормалары Автоматташтырылган тоорук системасынын  өнөр жайлык пайдаланууга киргизилгенден тартып колдонулат.  

7. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук Банк Башкармасынын 2013-жылдын «28» мартындагы № 10\16  

токтому менен бекитилген  

 

Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу тооруктарды жүргүзүү эрежелери  

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

1. Банктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу тооруктарды жүргүзүүнүн ушул эрежелеринде (мындан ары Эрежелер), Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу (мындан ары АТС) Кыргыз Республикасынын банктар аралык валюта рыногунда чет өлкө валютасы менен операцияларды ишке ашыруу тартиби аныкталган. 

2. Бул Эрежелер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан АТСтин иши аркылуу Кыргыз Республикасынын банктар аралык валюта рыногунда натыйжалуулуктун, ишенимдүүлүктүн, ачык-айкындуулуктун жана ликвиддүүлүктүн өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан.  

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө жободо (мындан ары АТСтин иши жөнүндө жобо) белгиленген шарттар жана эрежелер, ушул Эрежелерге таркатылат.  

4. Бул Эрежелер АТС аркылуу бүтүмдөргө келишүүдө Тоорук катышуучуларынын тең укуктуулугун камсыз кылуу принциптеринен улам, ишенимдүү атаандаштыкты жана бардык Тоорук катышуучуларынын иш алып баруу тартибин жана принциптерин жөнгө салат

5. АТСтин Тоорук катышуучуларынан болуп, Кыргыз Республикасынын ушул Эрежелердин 14-пунктунун талаптарын канааттандырган коммерциялык банктары саналат. Улуттук банк өзгөчө статуска ээ Тоорук катышуучусу болуп эсептелинет. 

6. Тоорук катышуучусу АТС аркылуу өз атынан өздүк эсебинен жана кардардын тапшырмасы боюнча өз атынан алардын эсебинен бүтүмдөрдүн төмөнкү түрлөрүн ишке ашыра алат: 

§ нак эмес кыргыз сомуна (мындан ары сом) нак эмес чет өлкө валютасын сатып алууну-сатууну; 

§ нак чет өлкө валютасын сомго сатып алууну-сатууну; 

§ алмашуу валюталарынын бири сом болгон нак эмес чет өлкө валютасын своп шарттарында сатып алууну-сатууну. 

7. Тоорук катышуучулары менен макулдашуунун негизинде АТС аркылуу келишилген бүтүм, бул бүтүм боюнча жазуу түрүндөгү келишимге милдеттүү кол коюну талап кылбайт, ал эми бүтүм боюнча милдеттенмелер ушул Эрежелерде белгиленген тартипке жана шарттарга ылайык ишке ашырылат. Тоорук катышуучулары бүтүм боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн толук шарттарын жөнгө салган өзүнчө эки тараптуу келишимди түзө алышат.  

8. Тоорук катышуучусу менен Улуттук банк ортосунда келишилген бүтүм боюнча өз ара иш алып баруусу, ушул Эрежелер аркылуу жана ушул Эрежелерге карата 1-тиркемеге ылайык, Улуттук банк менен Тоорук катышуучусу ортосунда эсептешүүлөр жана АТС аркылуу операцияларды ишке ашыруу жөнүндө тиешелүү эки тараптуу Башкы келишим аркылуу жөнгө салынат.  

9. АТС аркылуу бүтүмдөргө келишүүдө Тоорук катышуучусу ушул келишимге таянуусу зарыл.  

2. АНЫКТАМАЛАР ЖАНА АТООЛОР  

Ушул Эрежелердин максаттары үчүн төмөндө көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, АТСтин иши жөнүндө жободо белгиленген аныктамалар жана атоолор колдонулат

10. Бүтүм келишилген күн АТСте бүтүмгө келишүү ишке ашырылуучу тоорук күнү.  

11. Валюталоо күнү АТСте келишилген бүтүмдүн шарттарына ылайык, Тоорук катышуучусунун эсептерине акча каражаттары чегерилген/келип түшкөн тоорук күнү

12. Чет өлкө валютасын сатуу-сатып алуу келишими бир тарап чет өлкө валютасын сатууга макулдук берип, ал эми экинчи тарап сүйлөшүлгөн баа боюнча жана сүйлөшүлгөн шарттарда аны сатып алууга макул болуп, чет өлкө валютасын сатуучу менен сатып алуучу ортосунда келишилген бүтүм.  

13. Своп шарттарында (своп бүтүмү) чет өлкө валютасын сатуу-сатып алуу келишими мурда сүйлөшүлгөн мөөнөттө негизги сумманы жана чегерилген пайыздарды кайтарым алмашуу милдеттенмеси аркылуу, бир тарап башка тараптын улуттук валютасына чет өлкө валютасын алмашууга макулдук берүү менен, валюта алмашуу боюнча келишим түзүү

 

3. ТООРУККА КАТЫШУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ 

14. АТСте чет өлкө валютасы боюнча тооруктарга катышуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн, коммерциялык банк Улуттук банкка АТСтеги чет өлкө валюталары боюнча тоорукка катышуу мүмкүнчүлүгүн алуу ниетин билдирген кат жөнөтүп, төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

§ Чектөөлөрсүз улуттук валютада банктык операцияларды жүргүзүүгө Улуттук банктын лицензиясынын болушу; 

§ Чектөөлөрсүз чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүүгө Улуттук банктын лицензиясынын болушу 

§ Улуттук банкта улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинин болушу; 

§ Чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсебинин болушу; 

§ Ушул Эрежелерге карата 2-тиркемеге ылайык, Тоорук катышуучусунун милдеттенмесин Улуттук банкка сунуштоого; 

§ Ушул Эрежелерге карата 3-тиркемеге ылайык, АТСте бүтүмдөргө келишүүгө ыйгарым укуктуу дилерлерге ишеним катты Улуттук банкка сунуштоого; 

§ АТСке кошуу үчүн зарыл болгон техникалык талаптарга дал келүүсү

§ Кыргыз Республикасынын “Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө” мыйзамда каралган процесстерге жана жол-жоболорго (консервация, санация, реабилитация, өз ыктыяры менен же мажбурлап жоюу, реструктуризация жана реорганизация) тиешеси жок болушу.  

Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө чечими боюнча, АТСтеги тоорукка Кыргыз Республикасынын “Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө” мыйзамда каралган процесстерде жана/же жол-жоболордо турган Катышуучуларга катышууга уруксат берилет.  

15. Тоорук катышуучусунун милдеттенмесине жана дилерлерге болгон ишеним катка, коммерциялык банктын аткаруу органынын биринчи кол коюу укугуна ээ жетекчиси кол коет.  

16. Дилерлерге ишеним кат Тоорук катышуучусу тарабынан ар бир жаңы календардык жылдын башында берилет жана ал жылдын акырына чейин колдонулат. Эгерде, дилерлер курамы өзгөрсө, Тоорук катышуучусу дилерлерге жаңы ишеним катты сунуштоого милдеттүү

4. БҮТҮМДӨРГӨ КЕЛИШҮҮНҮН ЖАЛПЫ ТАРТИБИ  

17. Чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу жана своп бүтүмдөрү боюнча тоорук сессияларынын иштөө регламенти, АТСтин иши тууралуу жобого ылайык белгиленет.  

18. Чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу жана своп бүтүмдөрү боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби АТСтин иши жөнүндө жобого ылайык белгиленет.  

19. АТСте бүтүмгө келишүүгө жеткиликтүү болгон чет өлкө валютасынын түрү Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

20. Тоорук катышуучусу төмөнкү тоорук механизмдерин колдонуу менен АТСте бүтүмдөргө келише алат:  

Ш Сүйлөшүү модулу

Ш Жашыруун тоорук модулу

21. Сүйлөшүү модулу бул тоорук механизми сатуучу менен сатып алуучунун эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн негизинде чет өлкө валютасын сатып алуу-сатууну камсыз кылат. Сүйлөшүү модулунда билдермелер төмөнкү түрлөрү боюнча берилет:  

§ «Сүйлөшүүлөр» билдирмесинин түрү - бүтүмдөрдүн шарттарын талкуулоону болжолдойт жана бүтүмдөрдүн эки Тооруктун эки катышуучусу тарабынан терең бекитилишин талап кылат. Билдирмени алгачкылардан болуп демилгелеген Катышуучу аны жыйынтыктап бекитет жана бүтүм келишилген болуп саналат; 

§ «Бүтүм» - билдирмесинин түрү билдирмени демилгелөөчүнүн көрсөтүлгөн шарттарда бүтүмгө келишүү ниетин чагылдырат жана анын шарттарын андан ары талкуулоону болжолдобойт. Билдирмени демилгелөөчү тарабынан бүтүмдүн бекитилиши талап кылынбайт. Бул билдирмени канааттандырууга ниеттенген Тоорук катышуучусу менюнун «Бүтүмгө келишүү» командасын тандоо менен, бүтүмдү ишке ашырат. 

22. Жашыруун тоорук модулу чет өлкө валютасын сатып алуу-сатууну жашыруун тоорук режиминде келишилишин камсыз кылат жана АТС “арзан сатып алуу, кымбат сатуу” принциби боюнча келип түшкөн билдирмелердин автоматтык түрдө корутундусун чыгарат. Билдирмелер дайыма жашыруун болот жана аны берген Тоорук катышуучусу тууралуу маалыматтар анда камтылбайт. Бүтүмдүн эки Тоорук катышуучулары тарабынан тең бекитилиши талап кылынбайт. Бир Тоорук катышуучунун бир эле учурда “сатып алууга” жана “сатууга” билдирме бериши автоматтык түрдө четке кагылат.  

23. Сүйлөшүү модулунда Тоорук катышуучусу билдирменин “Бөлүнүүчүөлүнбөй турган” белгисин тандай алат. “Бөлүнбөй турган” белги билдирме толук көлөмдө гана канааттандырылат дегенди, ал эми “Бөлүнүүчү” белги билдирме толук көлөмдө сыяктуу эле, жарым-жартылай да канааттандырылат дегенди билдирет. 

24. Жашыруун тоорук модулунда бардык билдирмелер “Бөлүнүүчү” белгисине ээ.  

25. АТС, күндөлүк тоорук күнүнө барабар же андан көбүрөөк күнгө валюталоо күнүн тандоо мүмкүнчүлүгүн берет.  

26. Тоорук катышуучусу, эгерде бүтүм келишиле элек болсо, АТСке берилген билдирмени өзгөртө алат жана/же жокко чыгара алат. 

 

5. САТУУ-САТЫП АЛУУ БҮТҮМДӨРҮНӨ КЕЛИШҮҮ ТАРТИБИ  

27. АТСте чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүнө келишүү үчүн Тоорук катышуучусу билдирмени Сүйлөшүү модулу жана Жашыруун тоорук модулу аркылуу бере алат. 

28. АТСте чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүнө келишүү үчүн Тоорук катышуучусуна төмөнкү маалыматтар зарыл: 

§ валюта түрү

§ билдирменин багыты (сатууга же сатып алууга); 

§ чет өлкө валютасынын курсу (үтүрдөн кийинки төрт белги так көрсөтүлөт)  

§ чет өлкө валютасындагы билдирменин суммасы (үтүрдөн кийинки эки белги так көрсөтүлөт); 

§ сом түрүндө билдирменин суммасы (автоматтык түрдө кайра эсептелинет); 

§ чет өлкө валютасы жана сом боюнча валюталоо күндөрү

29. АКШ доллары боюнча АТСке билдирмелердин минималдуу жетиштүү көлөмү 50 000 (элүү миң) АКШ долларын түзөт. Калган чет өлкө валюталары боюнча билдирменин минималдуу жетиштүү көлөмү АТСте белгиленген эмес. 

30. Сүйлөшүү модулунда чет өлкө валютасын сатып алууга-сатууга билдирмелерди каттоо учурунда, Тоорук катышуучулары бүтүмдүн төмөнкү ар бир валютасы боюнча валюталоо күнүн аныкташат: 

§ сом боюнча валюталоо күнү

§ чет өлкө валютасы боюнча валюталоо күнү

31. Жашыруун тоорук модулунда Тоорук катышуучусу бүтүмдүн валютасы боюнча валюталоо күнүн аныктай албайт.  

 

6. СВОП БҮТҮМДӨРҮНӨ КЕЛИШҮҮ ТАРТИБИ 

32. АТСте своп бүтүмдөрүнө келишүү үчүн Тоорук катышуучусу билдирмесин Сүйлөшүү модуль аркылуу сунуштай алат. 

33. АТСте своп бүтүмдөрүнө келишүү үчүн Тоорук катышуучусу төмөнкү маалыматтарды билдирүү менен, билдирме (сатууга жана/же сатып алууга) берүүгө тийиш

§ валюта түрү

§ алгачкы бөлүгү боюнча чет өлкө валютасынын алмашуу курсу (үтүрдөн кийинки төрт белги так көрсөтүлөт); 

§ аяктоочу бөлүгү боюнча чет өлкө валютасынын алмашуу курсу (чет өлкө валютасы жана сом боюнча пайыздык чен жок учурда гана көрсөтүлөт); 

§ чет өлкө валютасы жана сом боюнча пайыздык чен (аяктоочу бөлүгү боюнча чет өлкө валютасынын алмашуу курсу жок учурда гана көрсөтүлөт); 

§ чет өлкө валютасындагы билдирменин суммасы (үтүрдөн кийинки эки белги так көрсөтүлөт); 

§ сом түрүндө билдирменин суммасы (автоматтык түрдө кайра эсептелинет); 

§ алгачкы жана аяктоочу бөлүктөрдүн чет өлкө валютасы жана сом боюнча валюталоо күндөрү

34. Своп бүтүмү боюнча билдирмени каттоодо, Тоорук катышуучулары своп бүтүмүнүн эки бөлүгүнүн ар бир валютасы боюнча валюталоо күнүн аныкташат, анын ичинен

§ своп бүтүмүнүн сом боюнча алгачкы бөлүгүн валюталоо күнү

§ своп бүтүмүнүн чет өлкө валютасы боюнча алгачкы бөлүгүн валюталоо күнү

§ своп бүтүмүнүн сом боюнча аяктоочу бөлүгүн валюталоо күнү

§ своп бүтүмүнүн чет өлкө валютасы боюнча аяктоочу бөлүгүн валюталоо күнү

35. Своп бүтүмүнүн аяктоочу бөлүгүн валюталоо күнү анын алгачкы бөлүгүн валюталоо күнүнө барабар же андан азыраак болууга тийиш эмес.  

36. Своп бүтүмү боюнча билдирмелерди каттоо учурунда, АТС тилкелерге автоматтык түрдө бүтүмдүн алгачкы жана аяктоочу бөлүктөрү боюнча, своп бүтүмүнө келишүү күнүнө карата чет өлкө валютасынын колдонуудагы расмий курсуна, бүтүмдүн алгачкы жана аяктоочу бөлүктөрү боюнча алмашуу курсуна барабар маанини берет. Тоорук катышуучусу чет өлкө валютасынын колдонуудагы расмий курсунун маанисин өзгөртө алат.  

37. АТС автоматтык түрдө келишилген своп бүтүмдөр боюнча пайыздарды эсептейт. Алар боюнча пайыздарды чегерүү мөөнөтү, календардык күндөрдө туюндурулган мезгил аралыгы катары аныкталат жана улуттук/чет өлкө валюталарындагы акча каражаттарды алып салуу/чегерүү күнүнөн кийинки күндөн тартып улуттук/чет өлкө валюталарындагы акча каражаттарды кайтарым алып салуу/чегерүү күнүнө чейин эсептелинет.  

38. Тоорук катышуучусу мурда келишилген своп бүтүмдүн мезгили келип жеткенге чейин төмөнкү шарттарды өзгөртө алат, анда АТС своп бүтүмдөрүн автоматтык түрдө аяктап, бүтүмдүн өзгөрүү шарттарын Тоорук катышуучуларынын экөөсү тең бекитүүнү талап кылат: 

§ мөөнөтүнөн мурда аяктоо

§ пролонгациялоо.  

39. Своп бүтүмүн мөөнөтүнөн мурда аяктоодо, АТС автоматтык түрдө мөөнөтүнөн мурда аяктап жаткандыгын эске алуу менен, пайыздарды кайра эсептейт.  

40. Своп бүтүмүн пролонгациялоодо, АТС автоматтык түрдө пролонгациялангандыгын эске алуу менен, пайыздарды кайра эсептейт. 

 

7. БҮТҮМДӨРГӨ КЕЛИШҮҮ ПРИНЦИПТЕРИ  

41. Тоорук катышуучусу бүтүмдөрдү сунушталган билдирмелердин негизинде түзөт.  

42. АТСте бүтүмдөргө келишүүдө Тоорук катышуучусу төмөнкү артыкчылыктарды сактоого тийиш: 

§ Тоорук катышуучусунун билдирмеси сатып алууга багытталган учурда, бүтүм биринчи кезекте, сатуу курсун сатып алуучунун курсунан төмөнүрөөк сунуштаган Тоорук катышуучусу менен келишилет жана андан ары сатып алуучунун курсуна барабар курска чейин; 

§ Тоорук катышуучусунун билдирмеси сатууга багытталган учурда, бүтүм биринчи кезекте, сатып алуу курсун сатуучунун курсунан көбүрөөк сунуштаган Тоорук катышуучусу менен келишилет жана андан ары сатуучунун курсуна барабар курска чейин; 

§ Бирдей валюта курсу менен бир нече билдирме болгон учурда, мурда ушул курс боюнча билдирме берген Тоорук катышуучусу сунушталган валюта курсунан көз каранды биринчи кезектеги артыкчылыкка ээ. Алгачкы сунушталган көлөмдөн валютаны толук эмес көлөмдө сатууда/сатып алууда бүтүм билдирме берген убактысына жараша кийинки тоорук катышуучусу менен келишилет. 

43. Тоорук катышуучусуна төмөнкүлөргө тыюу салынат

§ валюталардын алмашуу курсун манипуляциялоо максатында сүйлөшүүгө

§ башка Тоорук катышуучуларына, алардын рынокто иш алып баруусун өзгөртүү максатында тике же кыйыр басым жасоого; 

§ рыноктук жагдайга басым жасоо максатында, башка Тоорук катышуучулары ортосунда жалган маалыматтарды таркатууга; 

§ Тоорук катышуучулардын дарегине нормага жатпаган, кемсинтүүчү сөздөрдү колдонууга, бүтүм боюнча комментарийлерди берүүгө

44. Тоорук катышуучусу дилерлердин/ошол Тоорук катышуучусунун дилерлерди текшерүүчүсүнүн ортосунда түзүлгөн бүтүмдөрдүн тууралыгына жана купуялуулугуна толук кандуу жооп берет.  

45. Тоорук катышуучусу тарабынан ушул Эрежелердин 42 жана 43-пункттары бузулган шартта, АТС администратору ага эскертүүчү билдирүүсүн жөнөтөт.  

46. Тоорук катышуучусунун ушул Эрежелердин 42- жана 43-пункттарынын талаптарын бир нече ирет бузууга жол берүүсү, тоорукка катышуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга негиз болуп саналат.  

47. Эгерде, Тоорук катышуучусу сунушталган билдирме боюнча бүтүмдү атайын эле түзбөй коюу менен, АТСте бүтүмдөрдү түзүү процессине жолтоо болсо, анда кайсы болбосун башка Тоорук катышуучусу ал тууралуу билдирүү менен, АТСте сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү системасы аркылуу АТСтин администраторуна кайрылууга укугу бар. АТС администратору сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү системасы аркылуу тоорукту өткөрүүгө жолтоо кылып жаткан Катышуучуга бүтүмгө келишүү же билдирмесин алып салуу зарыл экендиги тууралуу эскертүүчү билдирүү жөнөтөт. Бул Тоорук катышуучусунун эскертүүчү билдирүүнүн талаптарын аткарбай коюусу, АТСтеги тоорукка анын катышуусун токтотуп коюу үчүн негиз болуп саналат. 

 

8. УКУКТАРЫ, МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИГИ 

48. Тоорук катышуучусунун жана Улуттук банктын укуктары жана милдеттери ушул Эрежелерге жана АТСтин иши тууралуу жобого ылайык аныкталат. 

49. Тоорук катышуучусу Башкы келишимге кол коюу менен, ушул Эрежелерде берилген шарттарына макул болот келишилген бүтүмдөр боюнча милдеттенмелерди аткаруудан баш тартпоого милдеттенет. 

50. Тоорук катышуучусу тиешелүү валюталоо күнүндө АТСтин улуттук валюта боюнча эсептешүүлөрдү автоматтык түрдө жүргүзүүсү үчүн Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде улуттук валютада тиешелүү суммада акча каражаттарынын болушун камсыз кылуу боюнча зарыл аракеттерди өз убагында жүзөгө ашыруугатийиш. 

51. Тоорук катышуучусу бүтүмдү валюталоо/аяктоо күнүнө ылайык нак/нак эмес чет өлкө валютасы боюнча тиешелүү акча каражаттардын суммасын чегерүү боюнча бардык зарыл иш-аракеттерди өз учурунда жүзөгө ашырууга милдеттенет. 

52. Тоорук катышуучусу бир Катышуучу тарабынан милдеттенмелердин аткарылбай калгандыгы тууралуу тастыктоо документтерин сунуштоо менен АТСтин Администраторуна кайрылууга укугу бар. Милдеттенмелердин аткарылбагандыгы тууралуу факт тастыкталган шартта, АТСтин Администратору өз милдеттерин аткарбаган Тоорук катышуучусуна АТСтеги тооруктарга катышуусун милдеттенмелерин толук аткарып бүтмөйүнчө токтотуп коюуга укуктуу.  

53. Төмөнкүлөр Тоорук катышуучусунун бүтүм боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган катары саналат: 

§ Бүтүм боюнча тиешелүү валюталоо/аяктоо күнүнө карата Тоорук катышуучусунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде улуттук валютада тиешелүү суммада акча каражаттарынын жеткиликтүү суммасынын жок болушу; 

§ Бүтүм боюнча тиешелүү валюталоо/аяктоо күнүнө карата Тоорук катышуучусунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын тиешелүү суммасы толук эмес жана/же кечиктирилип чегерилсе. 

54. Улуттук банк Тоорук катышуучулары ортосунда чет өлкө валютасы боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

 

9. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР  

55. Кыргыз Республикасынын банктар аралык валюта рыногунда АТС аркылуу бүтүмдөргө келишүү тартиби, ушул Эрежелерге жана АТСтин иши тууралуу Жобого ылайык жөнгө салынат

56. Ушул Эрежелерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор, Кыргыз Республикасынын банктар аралык валюта рыногунда АТС аркылуу бүтүмдөргө келишүү процессин өркүндөтүү максатында, Улуттук банк тарабынан киргизилет

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Банктар аралык валюта рыногунда  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу тооруктарды жүргүзүү эрежелерине карата №1-тиркеме  

2013-жылдын «28» мартындагы № 10\16 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ МЕНЕН КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКТЫН ОРТОСУНДА ТҮЗҮЛГӨН ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖАНА ЭСЕПТЕШҮҮЛӨРДҮ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ТООРУК СИСТЕМАСЫ АРКЫЛУУ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ ТУУРАЛУУ БАШКЫ КЕЛИШИМ 

 

Бишкек ш. 20____ж. «___» ___________№ _________________ 

Мындан ары “Улуттук банк” деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан ___________________негизинде иш алып баруучу _________________________________ бир тараптан, мындан ары “банк” же “Катышуучу” деп аталуучу ________________________атынан ___________негизинде иш алып баруучу ________________________экинчи тараптан, экөө биригип мындан ары “тараптар” деп аталуучулар, Улуттук Банк Башкармасынын 20____-жылдын “___”____________№______ токтому менен бекитилгенКыргыз Республикасынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндө жобонун жана Улуттук Банк Башкармасынын 20____-жылдын “___”____________№______ токтому менен бекитилгенБанктар аралык валюта рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу жүргүзүү эрежелеринин (мындан ары Жобо жана Эреже) негизинде, ушул операцияларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу жүргүзүү тартиби жөнүндө башкы келишимди (мындан ары-Башкы келишим) түзүштү

1. Башкы келишим предмети 

1.1. Банктар аралык валюта рыногунда операцияларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу жүргүзүүдө келип чыккан шарттарды жана укуктук мамилелерди жөнгө салуу тартиби, Улуттук банк менен АТС тооруктарынын катышуучусунун бири болуп саналган банктын ортосунда түзүлгөн ушул Башкы келишимдин предмети болуп саналат. 

1.2. Ушул Башкы келишимдин жоболору АТС аркылуу жүргүзүлгөн бүтүмдөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүнө таркатылат

§ нак эмес чет өлкө валютасын нак эмес кыргыз сомуна сатып алуу-сатуу

§ Улуттук банктын нак чет өлкө валютасын нак эмес кыргыз сомуна сатуусу.  

1.3. Башкы келишимде колдонулган аныктамалар жана атоолор Жободо жана Эрежелерде аныкталган аныктамаларга жана терминдерге окшош.  

 

2. Жалпы шарттар 

2.1. АТС аркылуу келишилген бүтүм, ал боюнча кат түрүндөгү келишимге милдеттүү кол коюуну талап кылбайт.  

2.2. Улуттук валютадагы акча каражаттарын банктын жана Улуттук банктын тиешелүү эсептери боюнча чегерүү жана эсептен алып салуу, улуттук валютадагы корреспонденттик эсептер боюнча АТС аркылуу жүргүзүлөт.  

2.3. Банктар аралык валюта рыногунда АТС аркылуу улуттук валютадагы акча каражаттары боюнча операцияларга тиешелүү эсептешүүлөр төмөнкүчө жүзөгө ашырылат

§ Улуттук банктын улуттук валютадагы - «Валюталык операциялар үчүн эсеп» эсеби боюнча. «Валюталык операциялар үчүн эсептин» реквизиттери: №_____________________  

§ Банктын Улуттук банктагы “Банктын корреспонденттик эсеби” корреспонденттик эсеби боюнча. “Банктын корреспонденттик эсебинин” реквизиттери №____________ 

2.4. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын тиешелүү эсептер боюнча чегерүү жана эсептен алып салуу банк жана Улуттук банк тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт. 

2.5. Чет өлкө валютасынын ар бир түрү боюнча эсептешүүлөр банк тарабынан анын АТСте катталган бир корреспонденттик эсеби аркылуу чет өлкө валютасынын ар бир түрү боюнча жүзөгө ашырылат.  

2.6. Валюта эсептеринин реквизиттери өзгөргөн шартта, Улуттук банк жана банк бул тууралуу бирибирине каражаттарды тескөөгө ыйгарым укук чегерилген кызмат адамынын колу коюлган кат жүзүндө, жыйынтыктоочу бүтүмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөргө чейинки 2 (эки) күндөн кечиктирбеген мөөнөттө, токтоосуз маалымдоого милдеттенишет

2.7. АТСте бүтүмдөр боюнча нак эмес жана нак эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө акча каражаттарынын толук эмес суммада чегерилишине жол берилбейт. 

2.8. Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсеби боюнча акча каражаттарын чегерүү жана эсептен алып салууда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банк менен банктык ортосунда түзүлгөн корреспонденттик мамилелерди белгилөө тууралуу эки тараптуу келишимдерде, ошондой эле ушул Башкы келишимде белгиленген бардык шарттар жана эрежелер банкка таркатылат. 

2.9. АТСте келишилген бүтүм боюнча валюталоо күнү Кыргыз Республикасында же банк-корреспонденттин өлкөсүндө жумуш күнү эмес болуп калса, анда акча каражаттарын чегерүү кийинки жумуш күнү жүзөгө ашырылат.  

 

3. Бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөрдү нак эмес чет өлкө валютасында жүргүзүү 

3.1. Чет өлкө валютасындагы жана улуттук валютадагы нак эмес акча каражаттарынын тиешелүү эсептерге түшүүсү, келишилген бүтүмдүн шарттарына ылайык, тиешелүү валюталоо күнүндө жүргүзүлүүгө тийиш

3.2. Улуттук банк нак эмес чет өлкө валютасын банкка саткан учурларда, АТС банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен улуттук валютадагы каражаттарды Улуттук банктын “Валюталык операциялар үчүн эсеп” деп аталган эсебине тиешелүү валюталоо күнүндө чегерет. 

3.3. АТС ушул Башкы келишимдин 3.2-пунктунун шартын аткаргандан кийин, Улуттук банк чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын банктын валюталык эсебине, тиешелүү валюталоо күнүндө чегерет.  

3.4. Улуттук банк банктан нак эмес чет өлкө валютасын сатып алган шартта, банк чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын Улуттук банктын чет өлкө валютасындагы тиешелүү эсебине, тиешелүү валюталоо күнү чегерет.  

3.5. АТС улуттук валютадагы акча каражаттарын банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине, тиешелүү валюталоо күнү чегерүүнү жүзөгө ашырат.  

 

4. Бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөрдү нак чет өлкө валютасында жүргүзүү 

4.1. Банктын нак чет өлкө валютасын алуусу жана улуттук валютадагы нак эмес акча каражаттарын чегерүүсү, келишилген бүтүмдүн шарттарына ылайык тиешелүү валюталоо күнү жүргүзүлөт.  

4.2. Улуттук банк нак чет өлкө валютасын сатуу учурунда, АТС улуттук валютадагы нак эмес акча каражаттарын банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен Улуттук банктын “Валюталык операциялар үчүн эсебине”, тиешелүү валюталоо күнү чегерет. Мында, банк саат 14:00го чейин Улуттук банктагы корреспондеттик эсебинде тиешелүү суммада улуттук валютадагы акча каражаттарынын болушун камсыз кылууга милдеттенет.  

4.3. АТСте ушул Башкы келишимдин 4.2-пунктунун шарттары аткарылгандан кийин, банк нак чет өлкө валютасын тиешелүү валюталоо күнүндө саат 10:00 дон 15:00го чейин алат. 

 

5. Тараптардын укуктары жана милдеттери 

5.1. Тараптардын Жобого жана Эрежелерге, ошондой эле ушул Башкы келишимге ылайык, АТСте бүтүмдөрдү түзүүгө укуктары бар

5.2. Тараптар Жободо жана Эрежелерде, ошондой эле ушул Башкы келишимде берилген АТСте бүтүмгө келишүү шарттарына макул жана бири-биринин алдындагы өз милдеттенмелерин таанышат

5.3. Тараптар, бүтүмдөрдү ишке ашыруунун Жободо жана Эрежелерде, ошондой эле ушул Башкы келишимде белгиленген шарттарды сактоого жана келишилген бүтүмдөр боюнча милдеттенмелерин аткаруудан баш тартпоого милдеттенишет. 

5.4. Банктын милдеттери

Улуттук банкка чет өлкө валютасын сатууда

5.4.1. Чет өлкө валютасы боюнча валюталоо күнү Улуттук банктын тиешелүү эсебине чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын келишилген бүтүмдүн шарттарына ылайык чегерүү

5.4.2. Банк Улуттук банктын бүтүм боюнча эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүнө жооп берген түзүмдүк бөлүмүнө төмөнкү учурларда укук ыйгарат:  

-Улуттук банк тарабынан улуттук валютадагы акча каражаттарын чегерүү боюнча милдеттер аткарылган жана банк чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын чегерүү боюнча милдеттенмелерин аткарылбаган шартта, улуттук валютадагы негизги сумманы жана келишилген бүтүм боюнча чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын тиешелүү суммасынын 0,5% өлчөмүндөгү айыптын бир жолку суммасын акцепциз (талашсыз) эсептен алып салууга; Бир жолку айыптын өлчөмү банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен, эсептен алынып салынган күнгө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курс боюнча эсептен алынып салынат. Мында, банк менен келишилген бүтүм бузулган катары саналат;  

-Улуттук валютадагы негизги сумма жана бир жолку айыптын суммасын толук көлөмдө эсептен алып салуу мүмкүн эмес болгон шартта, банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарынын келип түшүшүнө жараша, алгач негизги сумманы, андан соң бир жолку айыптын суммасын эсептен алып салууга; 

 

Улуттук банктан чет өлкө валютасын сатып алууда

5.4.3. Банктын улуттук валюта боюнча валюталоо күнүндө Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде, келишилген бүтүмдүн шарттарына ылайык, улуттук валютадагы акча каражаттарынын тиешелүү суммасынын болушу

5.4.4. Банк Улуттук банктын бүтүм боюнча эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүнө жооп берген түзүмдүк бөлүмүнө төмөнкү учурларда укук ыйгарат:  

- Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде улуттук валютадагы жеткиликтүү сандагы акча каражаттары болбогон шартта, банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен келишилген бүтүм боюнча улуттук валютадагы акча каражаттарынын тиешелүү суммасынын 0,5% өлчөмүндөгү айыптын бир жолку суммасын акцепциз (талашсыз) эсептен алып салууга; Мында банк менен келишилген бүтүм бузулган катары саналат жана Улуттук банктын чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасын чегербей коюуга укугу бар.  

- Бир жолку айыптын суммасын эсептен алып салуу мүмкүн эмес шартта, Улуттук банктын эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүнө жооп берген түзүмдүк бөлүмү банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарынын келип түшүшүнө жараша, бир жолку айыптын суммасын эсептен алып салууну ишке ашырат.  

5.5. Улуттук банктын милдеттери

Банктан чет өлкө валютасын сатып алууда

5.5.1. Улуттук банк өз милдеттерин аткарбаган шартта, Улуттук банк, банкка келишилген бүтүмдүн суммасынын 0,5 % өлчөмүндө бир жолку айып төлөйт. 

Банкка чет өлкө валютасын сатууда

5.5.2. Нак эмес чет өлкө валютасы боюнча банктын чет өлкө валютасындагы тиешелүү эсебине, келишилген бүтүмдүн шарттарына ылайык, чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын валюталоо күнү чегерүү.  

5.5.3. Нак чет өлкө валютасы боюнча банкка ушул Башкы келишимдин 4.3-пунктунда белгиленген тартипте, чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттарын валюталоо күнү берүү

5.5.4. Улуттук банк Келишимдин 5.5.2. жана 5.5.3-пункттарында көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткарбаган шартта, ал эсептен алынып салынган күнгө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курс боюнча келишилген бүтүмдүн суммасынын 0,5% өлчөмүндөгү бир жолку айыпты банкка төлөп берет.  

5.6. Айыптык төлөмдү чегерүү жана эсептен алып салуу АТС аркылуу ишке ашырылат 

 

6. Тараптардын жоопкерчилиги  

6.1. Тараптар келишилген бүтүмдөр боюнча өз милдеттенмелери үчүн ушул Башкы келишимге, Жобого жана Эрежелерге ылайык толук жоопкерчиликтүү болушат. 

6.2. Тараптардын бири өз милдеттенмелерин аткарбаган шартта, ошол Тарап экинчи бир Тарапка келишилген бүтүмдүн суммасынын 0,5% өлчөмүндөгү бир жолку айып төлөйт.  

6.3. Банк АТСке өзүнүн жана Улуттук банктын тиешелүү эсептери боюнча улуттук валютадагы акча каражаттарын чегерүүнү жана эсептен алып салууну жүзөгө ашыруу укугун ыйгарат. 

6.4. Улуттук банк банк тарабынан Башкы келишимдин, Жобонун жана Эрежелердин талаптарынын бузууга жол берилишинен улам ал дуушар болгон чыгымдар үчүн жооп бербейт.  

6.5. Улуттук банк жана банк алардын жоопкерчиликтүү адамдарынын жана кызматкерлеринин бүтүмдөрдү жүргүзүүгө байланыштуу аракеттеринин тууралыгына, өз убагында аракеттерине жана купуялуулугуна толук жоопкерчиликтүү болушат. 

 

7. Форс-мажор 

7.1. Эгерде, Тараптар тарабынан ушул Келишим боюнча милдеттенмелеринин жарым-жартылай же толугу менен аткарылбай калышына тиешелүү жагдай өзгөчө кырдаалдардан: табигый жана техногендик кырсыктардан, жаратылыш кырсыктарынан, согуштук жаңжалдардан, көтөрүлүштөрдөн же мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин органдары тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын талаптарынан жана ушул Башкы келишим боюнча милдеттердин аткарылышына түздөн-түз тоскоолдуктарды жараткан башка жагдайлардан улам түптөлсө, анда Тараптар жоопкерчиликтен бошотулушат. Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар өзгөчө, күтүүсүз жана четтете алгыс мүнөзгө ээ болуп, Башкы келишим түзүлгөндөн кийин орун алууга жана Тараптардын эркине баш ийбөөгө тийиш.  

7.2. Өзгөчө кырдаалдар орун алган шартта, Тараптар эки жумуш күнү ичинде бул тууралуу бири-бирине кат аркылуу билдирүүгө тийиш. Билдирүүдө жагдайдын мүнөзү тууралуу маалыматтар, ошондой эле мүмкүнчүлүккө жараша, жагдайдын ушул Башкы келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышына жана аларды аткаруу мөөнөттөрүнө тийгизген таасирлерине баа берүүлөр камтылуусу зарыл.  

7.3. Форс-мажордук жагдайлар орун алган шартта, Тараптардын ушул башкы келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруу мөөнөттөрү, мындай жагдайлар жана алардын натыйжалары орун алып турган убакытка жараша жылдырылат.  

7.4. Эгерде форс-мажордук жагдайлар жана алардын натыйжалары жети календардык күндөн ашыгыраак убакытка өз таасирлерин улантса же алар жана алардын натыйжалары бул мөөнөттөн ашыгыраакка чейин созулса, Тараптар ушул Башкы келишимди аткаруунун эки тарап үчүн алгылыктуу болгон альтернативалык ыкмаларын аныктоо жана тиешелүү макулдашууга жетишүү үчүн мүмкүн болушунча кыска мөөнөттүн ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.  

7.5. Форс-мажордук жагдайлардын орун алышы Тараптарды ал жагдайлардын орун алган учурга карата түзүлгөн жана колдонуудагы келишилген бүтүм боюнча милдеттенмелерден бошотпойт. 

7.6. Форс-мажордук жагдайларга, көбүнчө, Катышуучунун контрагенти тарабынан милдеттенмелердин бузулушу, Катышуучуда зарыл болгон акча каражаттарынын жоктугу кирбейт.  

7.7. Өзгөчө кырдаалдардын орун алгандыгы тууралуу маалыматты билдирбегендиги же өз убагында билдирүү бербегендиги мындай жагдайларга таянуу укугун жоготууга алып келет. 

 

8. Талаш маселелерди чечүү 

8.1. Ушул Башкы келишимдин талаптарын аткаруу процессинде келип чыккан Тараптардын ортосундагы талаш маселелер, алгылыктуу чечим чыгаруу максатында Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салынууга тийиш.  

8.2. Тараптардын сүйлөшүүлөрү аркылуу чечүү мүмкүн эмес болгон учурда, ортосунда келип чыккан талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык жөнгө салынууга тийиш.  

9. Жана башка шарттар 

9.1. Бул Башкы келишимге Тараптардын эки тараптуу макулдугу менен өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилиши мүмкүн.  

9.2. Ушул Башкы келишимге карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор кат жүзүндө жазылып, эки тараптын тең колу коюлган шартта гана күчүндө болот. 

9.3. Тараптар кайра өзгөртүп түзүлгөн шартта, алардын ушул Башкы келишим боюнча бардык укуктары жана милдеттенмелери Тараптардын укугу өткөндөрүнө өтөт.  

9.4. Башкы келишим 2 түп нускада орус тилинде жана эки нускада кыргыз тилинде ар бир Тарап үчүн бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускадан түзүлгөн. Ушул келишимдин эки нускасы Улуттук банкта сакталып, калган эки нускасы банкка берилет.  

 

10. Башкы келишимдин аракеттенүү мөөнөтү жана бузуу тартиби 

10.1. Башкы келишим эки Тараптын тең колу коюлган учурдан тартып күчүнө кирет. Келишимдин шарттары келишим күчүнө кирген учурдан тартып түзүлгөн бүтүмдөргө гана таркатылат. 

10.2. Улуттук банк менен түзүлгөн бардык бүтүмдөр ушул Башкы келишим күчүнө киргенге чейин алар түзүлгөн учурга карата күчүндө болгон шарттарда аяктайт.  

10.3. Бул Келишим бир календардык жыл ичинде колдонууда болот. Эгерде, Тараптардын бирөөсү да ушул Башкы келишимдин аракеттенүү мөөнөтү аяктаганга чейинки 7 календардык күн ичинде келишимди токтотуу ниети тууралуу жазуу жүзүндө билдирбесе, жана ар бир кийинки жыл үчүн узартылган болуп саналат

10.4. Тараптар 7 (жети) календардык күндөн кечиктирбестен, бирок келишилген бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөр аяктаган күндөн эрте эмес, башка Тарапка билдирүү менен, ушул башкы келишимди бир тараптуу негизде бузууга укуктуу.  

10.5. Улуттук банк банкка алдын-ала билдирүү жөнөтүүсүз эле бир тараптуу тартипте ушул Башкы келишимди төмөнкү учурларда токтотууга укуктуу: 

§ банк ушул Башкы келишимдин жана/же Жобонун шарттарын аткарбаса

§ банкка карата Кыргыз Республикасынын “Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө” мыйзамында каралган процесстер жана/же жол-жоболор киргизилсе; банкка Улуттук банк тарабынан дайындалган убактылуу жетекчилик киргизилсе; 

§ банктан банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Улуттук банк тарабынан берилген лицензия алынып салынса

§ банк Кыргыз Республикасынын ыйгарым укук чегерилген органдары тарабынан банкрот деп жарыяланса

§ Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларына ылайык, банк юридикалык жак катары ишин токтотсо

§ ушул Башкы келишимдин шарттарын кайра карап чыгуу үчүн негиз болуп саналган, бүтүмдөрдү жүргүзүү тартибин аныктаган ченемдик-укуктук документтердин белгиленген тартипте өзгөрүүсү

 

11. Тараптардын юридикалык даректери жана реквизиттери 

 

Кыргыз Республикасынын Катышуучунун аталышы 

Улуттук банкы  

________________________________ ______________________________ 

 

(почта индекси, дареги) (почта индекси, дареги)  

__________________________ _______________________________ 

(кызматы) (кызматы

__________________________ _______________________________ 

(Аты-жөнү) (Аты-жөнү.) 

________________________________ _______________________________ 

(кол тамгасы) (кол тамгасы) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Банктар аралык валюта рыногунда  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу тооруктарды жүргүзүү эрежелерине карата №2-тиркеме  

2013-жылдын «28» мартындагы № 10\16 

 

(коммерциялык банктын фирмалык бланкасында басылып чыгарылат

 

Тоорук Катышуучусунун милдеттенмеси 

20__жылдын «___» ______________   

Ушул аркылуу (тоорук катышуучусунун толук аталышы) ______________ негизинде иш алып барган жак (кызматы, аты-жөнү) Кыргыз Республикасынын Банктар аралык валюта рыногуна  Улуттук банктын автоматтыштырылган тоорук системасы аркылуу катышууга ниетин тастыктайт жана Улуттук банк Башкармасынын 20__-жылдын «___»________ №______токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы системасы аркылуу тооруктарды өткөрүү эрежелерин жана Улуттук банк Башкармасынын 20__-жылдын «___»________ №______токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши тууралуу” жобонун талаптарын толук сактоого жана аткарууга милдеттенет.  

  

  

  

М.О  

Аты-жөнү, кызматы Кол тамгасы  

  

Банктар аралык валюта рыногунда  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу тооруктарды жүргүзүү эрежелерине карата №2-тиркеме  

2013-жылдын «28» мартындагы № 10\16 

   

Дилерлерге берилген ишеним кат 

  20__жылдын «___» ______________   

  

Бул ишеним кат аркылуу (тоорук катышуучусунун толук аталышы) _өрсөтүлсүн) негизинде иш алып барган жак (кызматы, аты-жөнү), Банктар аралык валюта рыногунда бүтүмдөрдү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын автоматтыштырылган тоорук системасы аркылуу жүргүзүүгө төмөнкү адамдарга ыйгарым укук чегерет.  

  

№  

Аты-жөнү  

АТСтеги ролу (дилер/дилерди текшерүүчүсү

Кызматы  

Кол тамгасынын үлгүсү 

Жумуш боюнча электрондук почтанын дареги 

Жумуш телефонунун номери 

1.  

2.  

3.  

…  

  

 

  

 

  

 

  

Бул ишеним кат кайра ишеним көрсөтүү укугусуз берилди жана 20_ жылдын 31-декабрына чейин же дилерлердин курамынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу, аракети токтотулган учурга чейин күчүндө болот.  

  

М.О  

Аты-жөнү, кызматы Кол тамгасы