Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелинндеги № 11\2 токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук  

актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө мыйзамынын 7 жана 43- беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин:  

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2010-жылдын 29-декабрындагы №96/2 токтому менен бекитилген "Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, коммерциялык банктарда ички контролдуктун уюштурулушуна карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобого; 

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 14-февралында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 23-мартында 35-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №7/2 токтом менен бекитилген "Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенъъ максатында, Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында жана кредиттик союздарында ички контролдуктун уюштурулушуна карата минималдуу талаптар ж#нънд#" жобого.  

2. Юридика башкармалыгы:  

- бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкын, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматын тааныштырсын. 

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 10.04 № 11\2 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

I. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 29-декабрындагы №96/2 токтому менен бекитилген “Терроризмди” (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдуктун уюштурулушуна карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1. 1-бөлүк боюнча

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: 

«1. Бул Жобо, Кыргыз Республикасынын “Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө”, “Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоо) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан».  

- 2-пункттагы «ислам терезесине ээ,» деген сөздөр «депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялар, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы,» деген сөздөр менен толукталсын

- 3-пункттагы «ПФТ/ОД чөйрөсүндө» деген сөздөр «(мындан ары - ыйгарым укуктуу орган)» деген сөздөр менен толукталсын

2. 2-бөлүктүн 4-пунктунда: 

- экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бенефициардык менчик ээси (пайдага ээ болуучу) бул: 

акча каражаттарына же мүлккө менчик укугуна ээ болгон жана анын атынан жана/же эсебинен кардар тарабынан акча каражаттары же мүлк менен ишке ашырылган операция (бүтүм) жана/же 

ошол жак менен кардар ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык кардардын акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) ишке ашыруусуна тике же кыйыр түрдө таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жана/же 

же түпкүлүгүндө келип анын пайдасына акча каражаттары же мүлк менен операция (бүтүм) ишке ашырылган жак (адам)». 

- үчүнчү абзацтагы «ПФТ/ОД жөнүндө» мыйзамга» деген сөздөр “Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоо) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга (мындан ары - «ПФТ/ОД жөнүндө»)” деген сөздөргө алмаштырылсын, «ПФТ/ОД чөйрөсүндө «(мындан ары - ыйгарым укуктуу орган)» деген сөздөр алынып салынсын; 

- төртүнчү абзацтагы “мүлкү менен” деген сөздөн кийин үтүр белгиси алынып салынсын, “пайдага ээ болуучу” деген сөздөр «бенефициардык менчик ээсинин (пайдага ээ болуучунун)» деген сөздөргө алмаштырылсын;  

3. 3-бөлүктүн 7-пунктундагы “кардарларды верификациялоо” деген сөздөр «жана бенефициардык менчик ээсин (пайдага ээ болуучуну) аныктоо” деген сөздөр менен толукталсын; 

4. 4-бөлүктүн 8-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарынын ортосуна төмөнкү мазмундагы абзац кошулсун: 

«- бенефициардык менчик ээсин (пайдага ээ болуучуну) аныктоо;” 

5. 4-бөлүктүн 10-пунктунун 3) пунктчасындагы "өз кардарын” деген сөздөр “,ошондой эле бенефициардык менчик ээсин (пайдага ээ болуучуну) аныктоо” деген сөздөр менен толукталсын; 

6. 5-бөлүктүн 15-пунктунун бешинчи абзацындагы «ПФТ/ОД боюнча орган тарабынан» деген сөздөр «мамлекеттик орган тарабынан» дегенге алмаштырылсын

7. 6-бөлүктүн 19-пунктунун үчүнчү абзацындагы «кардар жөнүндө» деген сөздөр «, бенефициардык менчик ээси (пайдага ээ болуучу)» деген сөздөр менен толукталсын; 

8. 6-бөлүктүн 25-пунктунун 1) пунктчасындагы «кардарларды иликтөөгө алуу» деген сөздөр «, ошондой эле бенефициардык менчик ээсин (пайдага ээ болуучуну) аныктоо” деген сөздөр менен толукталсын; 

9. 7-бөлүктүн 28 жана 31-пункттарындагы «тиешелүү» деген сөз «өзгөчө» деген сөзгө алмаштырылсын; 

10. 7-бөлүктүн 33-пунктундагы «кардарларды иликтөөгө алуу» деген сөздөр «, ошондой эле бенефициардык менчик ээсин (пайдага ээ болуучуну) аныктоо” деген сөздөр менен толукталсын; 

11. 7-бөлүктүн 34пунктундагы “түздөн-түз байланышуусуз операциялар (мисалы, интернет-банкинг)» деген сөздөр «кардар менен түздөн-түз байланышуусуз ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр)» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

12. 8-бөлүктүн 40-пунктундагы «пайдага ээ болуучунун» деген сөздөр «бенефициардык менчик ээсинин (пайдага ээ болуучунун)» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

13. 8-бөлүктүн 42-пунктундагы «кардар жөнүндө маалымат» деген сөздөр «, анын ичинде бенефициардык менчик ээси (пайдага ээ болуучу)» деген сөздөр менен толукталсын; 

14. 9-бөлүктүн аталышындагы «ыйгарым укуктуу» деген сөз «мамлекеттик» деген сөз менен толукталсын; 

15. 9-бөлүктүн 47-пунктундагы «кардар жөнүндө маалымат» деген сөздөрдөн кийин «бенефициардык менчик ээси (пайдага ээ болуучу)» деген сөздөр менен толукталсын. 

II. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 14-февралында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 23-мартында 35-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №7/2 токтом менен бекитилген “Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында жана кредиттик союздарында ички контролдуктун уюштурулушуна карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

1. 1-бөлүк боюнча: 

1.1-пункттагы «(мындан ары текст боюнча «ПФТ/ОД жөнүндө мыйзам»)» деген сөздөр алынып салынсын; 

1.2пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.2. Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары ПФТ/ОД)» максатында, Кыргыз Республикасынын депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдарында жана кредиттик союздарда (мындан ары МФУ/КС) ички контролдуктун уюштурулушуна карата минималдуу талаптарды аныктоо, ушул жобонун максатынан болуп саналат.” 

- 1.3-пункттагы “КРУБ” деген аббревиатура «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк)» деген сөздөргө алмаштырылсын, “ПФТ/ОД чөйрөсүндө» деген сөздөр «(мындан ары ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 1.4-пункттун экинчи абзацындагы “Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамынадеген сөздөр «(мындан ары “ПФТ/ОД жөнүндө мыйзам»)” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 1.4-пункттун экинчи абзацындагы «(экстремизмди)» деген сөз, ошондой эле 1-шилтеме алынып салынсын; 

- 1-бөлүк төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Бенефициардык менчик ээси (пайдага ээ болуучу) бул: 

акча каражаттарына же мүлккө менчик укугуна ээ болгон, анын атынан жана/же эсебинен кардар тарабынан акча каражаттары же мүлк менен ишке ашырылган операция (бүтүм) жана/же 

ошол жак менен кардар ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык кардардын акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) ишке ашыруусуна тике же кыйыр түрдө таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жана/же 

же түпкүлүгүндө келип анын пайдасына акча каражаттары же мүлк менен операция (бүтүм) ишке ашырылган жак (адам)». 

Чет өлкөлүк саясат жагында белгилүү адамдар чет мамлекеттерде олуттуу мамлекеттик жана саясий милдеттерди аткаруу ыйгарылган же ыйгарылып жаткан чет мамлекеттердин жарандары (мамлекет же өкмөт башчылары, жогорку даражалуу саясий ишмерлер, өкмөттө, соттордо, куралдуу күчтөрдө, укук коргоо жана фискалдык органдарда жогорку кызматтарда иштеген адамдар, саясий партиялардын жана диний бирикмелердин жетекчилери жана ишмерлери), анын ичинде мурда иштеп кеткендер да.» 

2. Жобонун бүтүндөй тексти боюнча «МКА/МКК/КС» деген сөздөр «МФУ/КС» дегенге алмаштырылсын; 

3. Жобонун бүтүндөй тексти боюнча «КРУБ» деген аббревиатура тиешелүү жөндөмөлөрдө "Улуттук банк" деген сөздөр менен алмаштырылсын.  

4. 2-бөлүк боюнча:  

2-бөлүктүн 2.1. жана 2.2-пункттарындагы «терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү)» деген сөздөр «ПФТ/ОД» деген аббревиатурага алмаштырылсын; 

2.1-пункттун 2-сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бул саясат МФУ/КСда ички контролдук системасын уюштуруу боюнча жалпы саясаттын бөлүгү болуп саналат жана МФУ/КС тарабынан милдеттүү түрдө толук сакталууга тийиш»; 

2.2-пункттун экинчи абзацындагы «системага» деген сөз алынып салынсын; 

2-бөлүктүн 2.2-пункттун үчүнчү абзацындагы «идентификациялоо» деген сөз «, верификациялоо» деген сөз менен толукталсын, «кардардын/катышуучунун» деген сөз «жана бенефициардык менчик ээсин (пайдага ээ болуучуну) аныктоо» деген сөздөр менен толукталсын; 

5. 3-бөлүктүн 3.1-пунктундагы «системасы» деген сөз «натыйжалуулугу» деген сөзгө алмаштырылсын; 

6. 4-бөлүктүн 4.1. жана 4.2-пункттарындагы «кардар» деген сөз «жана бенефициардык менчик ээсин (пайдага ээ болуучуну) аныктоо» деген сөздөр менен толукталсын; 

7. 4-бөлүк төмөнкү мазмундагы 4.4-пункт менен толукталсын: 

«4.4. МФУ/КСлар кардардын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) барышы ыктымалдыгы тобокелдигин жогору деп баалаган шартта, кардарды идентификациялоонун, верификациялоонун жана талдапиликтөөлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жаңылоону, ошондой эле бенефициардык менчик ээсин (пайдага ээ болуучуну) аныктоону жылына кеминде бир жолу, мезгил-мезгили менен ишке ашырып турууга тийиш, башка учурларда - 3 жылда кеминде 1 жолу.» 

8. 5-бөлүк боюнча:  

5-бөлүктүн аталышындагы «ички контролдук системасындагы» деген сөздөр «ПФТ/ОД боюнча ички контролдуктун натыйжалуулугу» дегенге алмаштырылсын; 

5.1-пункттагы «системага текшерүүлөрдү жүргүзүүлөр» деген сөздөр «уюмдун натыйжалуулугуна баа берүүлөр» деген сөздөргө алмаштырылсын

5.2-пункттагы «текшерүү» деген сөз «баа берүү» дегенге алмаштырылсын, «ишенимдүү» деген сөздөн кийинки «системалар» деген сөз алынып салынсын, «ички контролдук системасына баа берүү үчүн» деген сөздөр “МФУ/КСларда» деген сөздөр менен толукталсын. 

5.3-пункттагы «системага текшерүүлөр» деген сөздөр «натыйжалуулукка баа берүүлөр» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

9. Жобо төмөнкү мазмундагы бөлүк менен толукталсын: 

 

«6. Кардардын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) терроризмди (экстремизмди) каржылоонун жүзөгө ашыруу тобокелдиги деңгээлин, ошондой эле шектүү операциялар белгилерин камтыган операцияларды аныктоо 

 

6.1. МФУ/КС кардарларын идентификациялоо жана алардын абалын иликтөө процесси өзүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды эске алуу менен кардардын терроризмди (экстремизмди) каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) ишке ашыруу тобокелдигинин деңгээлин аныктоону камтыйт. Тобокелдиктин деңгээлин аныктоо үчүн минимум катары кардардын ишинин түрүн жана кардардын (келип чыгуусун) жана/же анын бизнесинин жайгашкан ордун, ошондой эле ал тарабынан ишке ашырылган операцияларды, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдү жана кардардын төлөм багытын көңүлгө алуу зарыл. 

6.2. МФУ/КСлар, кыйла жогорку тобокелдикке дуушар болгон кардарлар категориясына кирген кардарларга өзгөчө көңүл буруп, ага карата таасирдүү контролдукту жүзөгө ашырууга тийиш. Терроризмди (экстремизмди) каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) ишке ашырууда жана шектүү операциялардын белгисин камтыган операцияларды жүргүзүүдө кардардын жогорку тобокелдикке дуушар болгон ишмердүүлүк түрлөрүнө төмөнкүлөр киргизилиши мүмкүн: 

- кредиттик уюм болуп саналбаган, акча каражаттарын которуу, чектер боюнча нак формадагы төлөмдөр, акча каражаттарынын инкассациясы менен иш алып барган юридикалык жактардын (алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн) иши; 

- оффшордук зоналарда катталган юридикалык жактардын (анын ичинде кредиттик уюмдардын), алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн, туунду жана караштуу коомдор; 

- кардарлардын-резидент эместердин, анын ичинде чет өлкөлүк саясат жагында иш алып барган белгилүү адамдардын иши; 

- оюн-зоок бизнеси (товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүү болуп саналбаган ишкердик), оюн-зоок жайлары (казино, тотализатор, букмекердик контора, оюн автоматтары залдары жана оюн-зоок өткөргөн үйлөр (жайлар) алган пайда) утуштар жана аларды өткөрүү үчүн төлөмдөр түрүндөгү кумар оюндарына катышуудан түшкөн кирешелер; 

- искусство чыгармаларын жана антиквариаттарды сатып өткөрүү, анын ичинде арзандатып сатууга байланыштуу иш; 

- баалуу таштар чөгөрүлгөн баалуу металлдар, ошондой эле баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган зер буюмдарды сатуу (айрыкча экспорттоо); 

- накталай формада гана операцияларды ишке ашырган юридикалык жактардын иши (ири соода комплекстери, тойканалар, май куючу станциялар ж.б.); 

- брокерлердин жана дилерлердин операцияларын жүзөгө ашырган жеке адамдардын жана юридикалык жактардын иши (баалуу кагаздарды, чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу ж.б).  

 

6.3. Терроризмди (экстремизмди) каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) ишке ашырышы ыктымалдыгынын олуттуу тобокелдигине дуушарланган мамлекеттерге (аймактарга) төмөнкүлөр кирет: 

- ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүн колдонушпаган же жетиштүү деңгээлде колдонбогон мамлекеттер (аймактар). Мындай мамлекеттердин (аймактардын) тизмеги борбордук банк жана башка көзөмөл органдары менен биргеликте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат; 

- тизмеги ПФТ/ОД жагында иш алып барган эл аралык уюмдар тарабынан бекитилген тизменин негизинде борбордук банкка макулдашуу аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген, аларда финансылык операцияларды жүргүзүүдө маалыматтарды чечмелеп көрсөтүү каралбаган мамлекеттер (аймактар); 

6.4. Кардарларды идентификациялоого, верификациялоого жана алардын ишине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө өбөлгө түзгөн бардык маалыматтардын жана документтердин негизинде, МФУ/КС кардар тарабынан терроризмди (экстремизмди) каржылоо, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) ишке ашырылышы тобокелдиги деңгээлине баа берилет. Баа берүүлөр боюнча корутунду кардардын досьесине кошо көктөлөт.  

6.5. МФУ/КС кардарлардын терроризмди (экстремизмди) каржылоо, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча шектенүүнү камтыган операцияларды жүргүзүү ыктымалдыгы тобокелдигине дуушарланган операцияларына өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү контролдукту жүзөгө ашырууга тийиш.  

6.6. Чет өлкөлүк саясий багытта белгилүү адамдарды тейлеген учурда МФУ/КС төмөнкүдөй иш-чараларды жүргүзүшү зарыл: 

- чет өлкөлүк саясий багытта белгилүү адамдар менен мамиле түзүүдө МФУ/КСтин жогорку аткаруучу органынын кат жүзүндө уруксат алуу; 

- чет өлкөлүк саясий багытта белгилүү адамдардын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү

- чет өлкөлүк саясий багытта белгилүү адамдар боюнча колдо болгон маалыматтарды дайыма жаңылап туруу; 

- чет өлкөлүк саясий багытта белгилүү адамдар, алардын жубайлары жана жакын туугандары тарабынан акча каражаттары же мүлк менен ишке ашырылган операцияларга (бүтүмдөргө) "ПФТ/ОД жөнүндө" мыйзам талабына ылайык өзгөчө көңүл буруу. 

6.7. МФУ/КСтерде кардарлардын терроризмди (экстремизмди) каржылоо, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигине талаптагыдай контролдукту жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан бардык жол-жоболордун, кардар менен түздөн-түз байланышуусуз эле операцияларды (бүтүмдөрдү) ишке ашыруу, болжолдогон жаңы технологияларды колдонуу менен талаптагыдай камсыз кылууга тийиш».