Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 24-апрелиндеги № 13\12 токтому 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында №5/7 кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" Жобону бекитүү тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында №5/7 кабыл алынган токтому менен бекитилген "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" Жобого сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын "24"апрелиндеги №13\12токтомуна карата тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында N 5/7 кабыл алынган, 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо 

жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду 

киргизүү жөнүндө 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн №5/7 "Банктардын ишмердүүлүгүн лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомго төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин. 

 

1. Жобонун 12 Главасы төмөнкү мазмундагы 12.12 пункту менен толукталсын: 

 

"12.12. Улуттук Банк тарабынан Жобонун 12.4 пунктчасында көрсөтүлгөн учурларда өтүнүчүн канаттандыруудан баш тарткан учурда, мүлктү ажыратып алуу боюнча ар кандай бүтүмдөрдүн укуктук өтүшүнүн белгиленген тартибинде соттун чечими боюнча акцияларды өткөрүп берүүнүн негизинде, түз же кыйыр банктын басымдуу катышуучусу же 20% көп добуш берүүчү акциялардын ээси болгон учурда, же банкты контролдогон жак банктын жетекчилигине же саясатына (тике же кыйыр добуш берүү укугун ишке ашырууну кошо алганда) таасир этүүнү ишке ашырууну токтотушу керек жана Улуттук банк тарабынан аныкталган мөөнөт ичинде олуттуу катышуу же контролдоноону болжолдогон төмөнкү деңгээлге чейин банктын уставдык капиталына өзүнүн катышуусун кыскартышы керек."  

 

2. Жобонун 13.1 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"13.1. Талапкерлигин Улуттук банк менен милдеттүү түрдө макулдашуу талап кылынган кызмат адамдары төмөнкүлөр: Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, Шариат кеңешинин мүчөлөрү, башкарманын төрагасы (президент, генералдык менеджер, резидент эмес банктын филиалынын жетекчиси), анын орун басарлары, аудит боюнча комитеттин төрагасы, банктын кредиттик ишине жооп берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, банктын активдеринин жана пассивдеринин тескөөгө алынышына жооп берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (же өз функционалдык милдеттери боюнча ага тең келген адам), башкы бухгалтер, ислам терезесинин жетекчиси, банктын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички уюштуруу иш-чараларына жооп берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси. Ошондой эле, ички аудит кызматынын жетекчисинин жана банкта орун алган тобокелдиктерди тескөөгө жооп берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин кызматына талапкерлер да Улуттук банкка макулдашылууга тийиш. 

Өзүнүн функционалдык милдеттери боюнча жогорудагы кызмат адамдары менен барабар болгон, каалаган банктын кызмат адамдары да Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш." 

 

 

3. Жобонун 14-1.1 пунктунун 1) пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"1) толук жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган дипломунун же базалык жогорку билимди тастыктаган дипломунун (бакалавр деьгээли), жана аны менен бирге ошондой эле "банк/финансы чөйрөсү" багытында окутуудан өткөндүгүн тастыктаган, эл аралык деңгээлде тааныган сертификатынын болушу;" 

 

4. Жобонун 15.2 пунктунун 1) пунктчасы "тиешелүү сертификаттарынын болуусу" деген сөздөрдөн кийин төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: 

"жана жогоруда көрсөтүлгөн багыттардагы курсттарды ийгиликтүү аяктаганын тастыктаган кандидатты макулдашуу тууралуу өтүнүчтүн датасына карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты\лицензиясы бар билим берүү уюмдарынан акыркы беш жыл ичинде алынган сертификаттар же башка документтердин болуусу." 

 

5. Жобонун 15.2 пунктунун 2) пунктчасы төмөнкү мазмундагы сөздөр менен толукталсын: 

"Жогоруда көрсөтүлгөн багыттардагы курсттарды ийгиликтүү аяктаганын тастыктаган кандидатты макулдашуу тууралуу өтүнүчтүн датасына карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты\лицензиясы бар билим берүү уюмдарынан акыркы беш жыл ичинде алынган сертификаттар же башка документтердин болууга, ошондой эле тиешелүү сертификаттар менен тастыкталган." 

 

6. Жобонун 19.8 пунктунун экинчи абзацындагы "Улуттук банктын расмий Интернет сайтына ай сайын жарыяланып туруучу" деген сөздөр алынып салынсын. 

 

7. Жобонун 19.8 пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

"Ушул пункттун 1), 2), 3), 4) жана 8) пунктчаларындагы маалыматтар Улуттук банктын расмий Интернет сайтына ай сайын жарыяланып турат." 

 

8. Жобонун 21.5 пунктунун экинчи абзацындагы "Улуттук банктын расмий Интернет сайтына ай сайын жарыяланып туруучу" деген сөздөр алынып салынсын. 

 

9. Жобонун 21.5 пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

"Ушул пункттун 1), 2), 3), 5) жана 7) пунктчаларындагы маалыматтар Улуттук банктын расмий Интернет сайтына ай сайын жарыяланып турат." 

 

10. Жобонун 22.1 пунктунун бешинчи абзацындагы "Улуттук банктын расмий Интернет сайтына ай сайын жарыяланып туруучу" деген сөздөр алынып салынсын. 

 

11. Жобонун 22.1 пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

"Ушул пункттун 1), 2), жана 3) пунктчаларындагы маалыматтар Улуттук банктын расмий Интернет сайтына ай сайын жарыяланып турат." 

 

12. Жобонун 40.4. пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

"Банк лицензиясы үчүн алдын ала уруксат алууга өтүнүч каты менен бирге, МФК/МКК учурдагы филиалдарын банктын филиалдары катары кайра тариздөө боюнча өтүнүч катын ушул Жобонун 19 Главасынын 19.4 пунктунун талабына ылайык документтер менен Улуттук банкка тапшырууга укуктуу." 

 

13. Жобонун 41.5. пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

"МФК/МККга банктык лицензияларды алууга (берүүгө) алдын-ала уруксат менен катар, Улуттук банк, МФК/МККнын учурдагы филиалдарын банктын филиалдары катары кайра тариздөө боюнча өтүнүч катын жана ага тиркелген документтерди карагандан кийин, эгер аларга карата сын пикири жок болгон учурда, МФК/МККнын учурдагы филиалдарын банктын филиалдары катары кайра тариздөөгө, юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардан кайра каттоодо өтүү үчүн уруксат бере алат." 

 

14. Жобонун 41.8. пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

"МФК/МККга банктык лицензияларды алууга (берүүгө) алдын-ала уруксат менен катар, МФК/МККнын учурдагы филиалдарын банктын филиалдары катары кайра тариздөөгө уруксат берген учурда, Улуттук банк юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарга Улуттук банктын Башкармасынын төрагасынын банктык көзөмөл боюнча орун басары кол койгон макулдук каты жиберилет." 

 

15. Жобонун 41.9 пунктунун 1) пунктачасында "юридикалык жактын" деген сөздөн кийин "(ошону менен бирге филиалдардын)" деген сөздөр менен толукталсын. 

 

16. Жобонун 17 тиркемесинин 13 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"13. Акыркы 10 жыл аралыгындагы Сиз уюштуруучу, акционер (ээ) болгон жана\же азыркы учурдагы компанияларды көрсөтүьүз: 

Юридикалык жактын аталышы, орун алышы 

Юридикалык жактын ишмердүүлүгүнүн түрү  

Карамагындагы акциялардын саны 

Уставдык капиталдагы үлүш сом түрүндө 

Ушул юридикалык жактын Уставдык капиталдагы үлүш % түрүндө 

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН) 

 

 

 

 

 

 

 

17. Жобонун 18 тиркемесинин 2.3 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

2.3. Акыркы 10 жыл аралыгындагы Сиз уюштуруучу, акционер (ээ) болгон жана\же азыркы учурдагы компанияларды көрсөтүьүз:  

Юридикалык жактын аталышы, орун алышы 

Юридикалык жактын ишмердүүлүгүнүн түрү  

Карамагындагы акциялардын саны 

Уставдык капиталдагы үлүш сом түрүндө 

Ушул юридикалык жактын Уставдык капиталдагы үлүш % түрүндө 

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН) 

 

 

 

 

 

 

 

18. Жобонун 18 тиркемесинин 4.2 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"4.2. Мен, _______________________________________________ 

Аты жөнү 

Ушул анкетада берилген жогорудагы маалымат анкетада көрсөтүлгөн суроолор боюнча менин билимим жана маалыматтарга ылайык, толук жана анык экендигин тастыктаймын. Мен тараптан атайын бурмалоолор жана калтырып кетүүлөр болсо, акцияларды сатып алуу боюнча өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартууга негиз болот жана мыйзамга ылайык жоопко тартууга алып келет деп билемин. 

__________________ "_____" ________________ г." 

кол тамга дата