Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 28-августундагы № 32\5 токтому 

 

 

Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине  карата негизги талаптар жөнүндөжобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 токтому менен бекитилген “Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине  карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө” жобого төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

-Жобонун 34-пунктундагы “3 жана 4-топ” деген сөздөр “3, 4 жана 5-топтор” деген сөздөргө алмаштырылсын. 

2. Юридика башкармалыгы: 

-бул токтомду Улуттук банктын расмий сайтында жарыяласын; 

-токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктун актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын жана микрофинансылык уюмдарды тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын. 

 

Төрага Асанкожоева З.М.