Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35\14 токтому 

 

 

 

 

"Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7-жана 43- беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. "Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет). бекитилсин.  

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 28-ноябрындагы N 45/8 "Микрофинансылык уюмдарга карата талаптар жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомду Улуттук банктын расмий сайтында жарыяласын; 

- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдарды жана Микрофинансылык уюмдар ассоциациясын тааныштырсын.  

5. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35\14 токтому менен бекитилди 

 

 

"Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө

ЖОБО  

 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Кредиттик тобокелдиктерди тескөөнү уюштурууга карата негизги талаптар  

3. Кредиттик саясат  

4. Микрокредитти алууга билдирмелерди кароо  

5. Кардарлардын укуктары 

6. Кредиттик келишимге карата талаптар жана аны түзүү тартиби  

7. Микрокредитти төлөө булактары 

1-тиркеме. Карыз алуучунун кредиттик досьесине карата минималдуу талаптар 

2-тиркеме. Микрофинансылык уюмдардын кардарларынын даттануу жана сунуштар китепчеси 

3-тиркеме. МФУлардын кардаларынын укуктарынын, чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) тизмеси  

 

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. Ушул жобо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине, "Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жөнүндө" жобого, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык компанияларга, микрокредиттик компанияларга жана микрокредиттик агенттиктерге (мындан ары - МФУ) жайылтылат.  

2. Кредиттик келишимге, аны түзүүгө жана МФУларда кредиттик тобокелдикти тескөөнүн шайкеш системасын калыптандырууга карата минималдуу талаптарды аныктоо, ушул Жобонун максаты болуп саналат.  

3. МФУлар өз ишин Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, ошондой эле МФУлар Уставына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензия/күбөлүгүнүн негизинде жүзөгө ашырууга милдеттүү.  

4. Микрокредиттөө операциялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдүн алкагында, карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда, юридикалык жактардан, уюштуруучулардан (акционерлерден), финансы-кредиттик мекемелерден жана/же эл аралык финансылык уюмдардан тартылган өздүк же карыздык каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.  

5. Ушул жобонун максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:  

· Төлөмдөр графиги - кредиттик келишимге карата, микрокредитти кайтарып берүү жана пайыздарды төлөө мөөнөттөрүн жана суммаларын аныктаган милдеттүү тиркеме;  

· Кошо жоопкерчиликтүү топ - катышуучу-жеке адамдардын (жок эле дегенде 3 киши) өз ыктыярлары менен топко биригүүсү, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, топтун ар бир мүчөсүнүн милдеттенмелеринин аткарылышына жана алынган кредиттик каражаттардын толук кайтарылышына кандай гана шарттарда болбосун биргелешип жооп тартышат;  

· Топтук кредиттер - кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнө, кошо жоопкерчилик алдында берилген кредиттер; 

· Карыз алуучу - МФУдан мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук шарттарында белгилүү бир максаттарга кредит алган жеке адам же юридикалык жак, кошо жоопкерчиликтүү топ; 

· Кардар - МФУнун кызмат көрсөтүүлөрүнө кайрылган же алардан пайдаланып жаткан жеке адам же юридикалык жак, кошо жоопкерчиликтүү топ;  

· Таламдардан улам келип чыккан чыр-чатак - МФУнун кызматкеринин жеке кызыкчылыгы кредит берүү чечимин кабыл алуу процессине таасир этиши, ошол эле учурда МФУнун таламдарына зыян келтириши мүмкүн болгон жагдай; 

· Кредиттик тобокелдик - карыз алуучулар тарабынан МФУлардын активдерин кайтарып берүү боюнча милдеттенмелер келишим мөөнөттөрү жана шарттарына ылайык аткарылбай калуу тобокелдиги;  

· Микрокредит (мындан ары - кредит) - жеке адамга, кошо жоопкерчиликтүү топко же юридикалык жакка МФУнун Уставына жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамдын 2-беренесине ылайык берилген акча каражаттары. Кредиттин өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдөн ашпоого тийиш. Ошондой эле, ушул Жобонун максаттарында кредит дегенден улам, өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди түшүнүүгө болот;  

· Байкоо органы - МФУга жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырган, МФУнун башкаруу органы (Директорлор кеңеши/Байкоо кеңеши же МФУнун уюштуруу документтерине ылайык башка ыйгарым укуктуу жак); 

· Аткаруу органы - МФУга коллегиалдык же жеке күндөлүк жетекчиликти жүзөгө ашыруучу башкаруу органы (Башкарма/Төрага /Директор/Башкаруучу же МФУнун уюштуруу документтерине ылайык башка ыйгарым укуктуу жак); 

· Проблемалуу кредиттер - карыз алуучу тарабынан МФУ менен түзүлгөн келишим шарттары аткарылбаган кредиттер, же кандайдыр-бир жагдайлардан улам (мисалы, форс-мажордук жагдайлардын орун алышы же финансылык кыйынчылыктардын келип чыгышы), МФУ алдындагы милдеттенмелердин аткарылышына жана кредиттин төлөнүшүнө коркунуч туулат; 

· Форс-мажордук жагдайлар - жаратылыш кырсыктарын (суу каптоо, жер титирөө, өрт жана башка жаратылыш же техногендик кырсыктар), эпидемияларды, өзгөчө кырдаалдардын киргизилишин, массалык баш аламандыктарды, талап-тоноочулукту, аскердик аракеттер ж.б. сыяктуу окуяларды камтыган, бирок, чектелип калбаган жагдайлар. 

 

2. КРЕДИТТИК ТОБОКЕЛДИКТЕРДИ ТЕСКӨӨНҮ УЮШТУРУУГА КАРАТА НЕГИЗГИ ТАЛАПТАР  

 

6. МФУнун калкка жеткиликтүү кызматтарды сунуштоо, жакырчылыкты жоюуга көмөктөшүү, жумуштуулук деңгээлин жогорулатуу, ишкердикти өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан мобилизациялоого көмөктөшүү боюнча негизги максаттарынын ишке ашырылышына - төмөнкүлөргө микрокредиттерди берүү аркылуу жетишүүгө болот: 

· калктын аз камсыз болгон катмарынын, аялдардын жана алыскы аймактарда жашоочулардын баштапкы бизнести түзүүлөрүнө

· жүргүзүлүп жаткан бизнести колдоого жана аны өнүктүрүүгө

· мыйзамга каршы келбеген керектөө жана башка максаттарга;  

7. МФУлар анын тиешелүү башкаруу органдары (документтин статусуна жараша Байкоочу орган же Аткаруу органы) тарабынан бекитилүүгө тийиш болгон тиешелүү ички ченемдик документтерди (саясаттарды жана жол-жоболорду) иштеп чыгууга милдеттүү. Бул документтерде төмөнкүлөр алдын-ала каралууга тийиш:  

· МФУнун Уставы жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамында аныкталган иш-аракеттердин максаттарын ишке ашыруу боюнча чараларды ачып көрсөтүү, алардын аткарылышына МФУнун Байкоо жана Аткаруу органдары жоопкерчилик тартат;  

· билдирмени кароого, кредиттерди берүүгө, кредиттик келишимди түзүүгө жана ал боюнча тиешелүү документтерди киргизүүгө, ошондой эле кредиттик тобокелдикти аныктоо, өлчөө, ага мониторинг жүргүзүү жана контролдукка алууга тийиштүү, кредиттөө боюнча операцияларга карата бардык шарттар жана негизги талаптар. Мында ар бир кредиттик продукт боюнча толук сүрөттөөлөр МФУнун тиешелүү ченемдик документтеринде чагылдырылууга тийиш.  

8. МФУнун ички ченемдик документтери ушул Жободо, Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берилген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.  

9. МФУлар микрокредиттөөнү мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук шарттарында жүзөгө ашырышат. 

10. МФУлар өз ишин кардарларга карата алардын экономикалык кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык жана банктык сыр жөнүндө мыйзамынын талаптарын сактоодо, ак ниеттүүлүк, ачык-айкындуулук, аныктык принциптеринде жүзөгө ашырышат.  

 

3. КРЕДИТТИК САЯСАТ  

 

11. МФУнун кредиттик иши анын тиешелүү органы тарабынан бекитилген кредиттик саясаттын негизинде жүзөгө ашырылат.  

12. Кредиттик саясат МФУлардын кызматкерлери кредиттерди сунуштоо, тариздөө, мониторинг жүргүзүү, классификациялоо жана кредиттик тобокелдиктерди тескөө иштеринде колдонууга милдеттүү болушкан стратегияны, параметрлерди жана жол-жоболорду аныктайт.  

13. МФУнун кредиттик саясатында кредиттерди берүүгө, мониторинг жүргүзүүгө жана кайтарып берүүгө тиешелүү бардык негизги жоболор чагылдырылууга тийиш, анын ичинде: 

1) төмөнкүлөрдү кошо алганда, жалпы жоболор: 

- потенциалдуу карыз алуучулардын курамы; 

- кредиттердин кредиттөө максаттарына жана башка шарттарга жараша түрлөрү. Мында, типтүү кредиттик продукттар жана аларга карата келишимдер унификацияланууга тийиш; 

- кредиттөө тартибин жана сандык чектөөлөрүн (лимиттерди), анын ичинде инсайдерлерге/аффилирленген жактарга жана алардын туугандарына берилген кредиттер, ошондой эле ири кредиттер боюнча;  

- кредиттөө мөөнөттөрүн, анын ичинде бизнестин сезондуулугун, мезгилдүүлүгүн эске алуу менен;  

- потенциалдуу карыз алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн аныктоо тартиби; 

- пайыздык чендерди калыптандыруу тартиби (номиналдык/эффективдүү); 

- валютанын түрү

- кредиттик портфелдин түзүмүн (тармактар, валюталар жана башка белгилер боюнча); 

- кредиттин тигил же бул түрүнө мүнөздүү потенциалдуу тобокелдиктер жана аларды төмөндөтүү методдору/ыкмалары; 

- индексацияланган кредиттерди берүүгө тыюу салуу;  

2) кредитти тариздөө тартиби, анын ичинде:  

- кредиттерди берүү жана жактыруу тартиби;  

- күрөөгө баа берүү тартиби; 

- кредиттердин ордун жабуу графигин кошо алганда, алардын туура таризделишине контролдукту жүзөгө ашыруу; 

- документтердин формалары; 

- күндөлүк жана проблемалуу кредиттер менен иштөө тартиби;  

3) кредиттерди тескөө боюнча талаптар, анда төмөнкүлөр камтылат: 

- карыз алуучунун шайкеш кредиттик досьесин калыптандырууга жана түзүүгө карата талаптар; 

- кредиттерге жана кредиттик келишимдердин шарттарынын МФУнун ички жол-жоболоруна ылайык аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча талаптар; 

- кредиттерди пролонгациялоо, реструктуризациялоо, ошондой эле алар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздар төлөнгөн учурда кредиттерди жаңыртуу шарттары;  

- кредиттерди классифияциялоо системасын аныктоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга карата камдарды (РППУ) түзүүгө чегерүүлөрдүн маанисин белгилөө, мында Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 22-октябрындагы №31/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашыруу укугуна ээ эмес микрофинансылык уюмдар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга кам түзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө" убактылуу жободо, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы №5/6 токтому менен бекитилген "Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун убактылуу тартибинде" белгиленген РППУну түзүүгө чегерүүлөрдүн мааниси сакталууга тийиш;  

- кредиттер боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн жана төлөнбөгөн карыздарды кайтарып алуу боюнча иш тартиби; 

4) кредиттөө процессинде МФУлардын кызматкерлеринин милдеттерин жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүүөлүү

- кредиттерди түрүнө жана өлчөмүнө жараша, аларды берүү укугун ыйгаруу;  

- күндөлүк кредиттерди администрлөө (мониторинг жүргүзүү) боюнча;  

- проблемалуу карыз алуучулардын карыздарын кайтарып алуу боюнча.  

14. Ири кредиттерди, МФУнун инсайдерлерине/аффилирленген жактарына кредиттерди берүү, ошондой эле проблемалуу кредиттерди эсептен алып салуу МФУнун Байкоо органы тарабынан жактырылгандан кийин жүргүзүлөт.  

15. МФУнун кардардын тууганы болуп саналган жана кредиттерди берүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жагында ыйгарым укукка ээ болгон кызматкери, бул кардарга кредиттерди берүү жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш эмес.  

16. МФУнун Аткаруу органы МФУнун кредиттик саясатынын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат жана МФУнун ишине кредиттик тобокелдикти аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана аны контролдукка алуу саясатын, жобосун жана жол-жоболорун иштеп чыгууга жана жайылтууга милдеттүү

 

4. МИКРОКРЕДИТТИ АЛУУГА БИЛДИРМЕЛЕРДИ КАРАП ЧЫГУУ 

 

17. МФУлар ички ченемдик документтеринде кардар тарабынан кредит алуу үчүн берилген документтерди кароо мөөнөтүн белгилөөгө тийиш.  

18. МФУ кардарларга жок эле дегенде төмөнкү шарттарды сактаган учурда кредиттерди берет:  

1) кардар билдирмеде карызга алынган каражаттарды пайдалануу максаттарын көрсөтүү менен кредит алуу үчүн кайрылган шартта;  

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кардар эрезеге жеткен, ишке жарамдуу болгон шартта.  

19. Кредит алуу үчүн кардар жок дегенде ушул жобонун 1-тиркемесинин 1-, 2- жана 3-пунктунда сунушталган документтерди берүүсү зарыл.  

20. Билдирмелерди карап чыгуу регламенти жок эле дегенде төмөнкү баскычтардан турууга тийиш:  

1) кардарлардын кредиттерди алууга билдирмелерди каттоо Журналына, билдирмелерди каттоо (мындан ары - Журнал). МФУда маалыматты коргоо жана сакталышын камсыз кылган коопсуздук системалары орнотулуп, маалыматтан санкциясыз пайдаланууга жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүн болбогон шартта, журналды электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет;  

2) кардар тарабынан билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүү

3) кардар-потенциалдуу карыз алуучу менен аңгемелешүү жүргүзүү

4) кардар тарабынан берилген документтерге алдын-ала экспертиза жүргүзүү

5) кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктоочу акча каражат булактарына баа берүү;  

6) кредит берүү жөнүндө чечим; 

7) кардарга МФУда белгиленген тартипте кредит берүү/кредит берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымдоо, бул, формасы МФУ тарабынан белгиленген Журналга катталат. 

21. Эгерде, кредит боюнча кызматкер же кредит берүү чечимин кабыл алууда катышкан кайсы гана жак болбосун, потенциалдуу кардар менен таламдардан улам келип чыккан талаш-тартыш мамилелеринде болсо, анда ал аталган карыз алуучуга кредит берүү боюнча чечим кабыл алууга катышууга тийиш эмес. 

МФУнун кызматкерлери өз функционалдык милдеттеринин чегинде гана кардарлар менен өз ара аракеттенүүгө тийиш жана кардарга сый акы катары кредит берүүдө ортомчу сыяктуу көмөктөшүү укугуна ээ эмес.  

 

5. КАРДАРЛАРДЫН УКУКТАРЫ 

 

22. Кредиттик келишимге кол коюлганга чейин, кардар төмөнкүлөргө укуктуу болот: 

1) кредиттик келишимдин долбоорун ага тиркелген бардык документтери менен колуна алууга жана юридикалык консультация алуу үчүн МФУнун чегинен тышкары кайрылууга, мында кардарга аталган келишим менен таанышууга берилген убакыт бир күндөн кем эмес, бирок, үч күндөн ашпоого тийиш;  

2) МФУ кызматкерлерине төмөнкү маалыматты түшүндүрүү жана аларды чечмелеп берүү боюнча консультацияларды алуу үчүн кайрылууга: 

- кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик жана/же расмий тилде, кредиттик продукттун толук наркы жөнүндө маалыматты кошо алганда, кредиттерди берүү шарттары жөнүндө;  

- карызгердин анын ичинде өзүнүн финансылык абалы жөнүндө так эмес маалыматты бергендиги үчүн жоопкерчилигин, милдеттерин кошо алганда, кредиттик келишимдин шарттары жөнүндө, ошондой эле кредит алууга жана кредиттик келишимдин шарттарынын бузулушуна, күрөөлүк камсыздоону сунуштоого жана кепилдик берүүгө байланыштуу тобокелдиктер жөнүндө;  

- кредиттик келишим шарттарынын өзгөрүшү ыктымалдуулугу жана тартиби жөнүндө

- кредит алуу, тейлөө жана аны кайтарууга байланыштуу бардык төлөмдөрдүн тизмеси жана өлчөмү жөнүндө (ушул Жобого карата 3-тиркеме). 

23. Кардар кредиттик келишимге кол койгон учурдан тартып, акча каражаттарын алган же келишим боюнча лизингге тиешелүү мүлккө төлөөлөрдү жүргүзгөн учурга чейин кайтарымсыз негизде кредит алуудан баш тартууга. 

24. Кредиттик келишимге кол коюлгандан жана МФУдан акча каражаттарын алгандан кийин кардар төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) МФУлардан карыздын өлчөмү жөнүндө маалыматты жана кредиттик келишимдин шарттары өзгөргөн учурда - төлөмдөрдүн жаңы графигин алууга;  

2) кредит боюнча карызын мындай кайтаруу күнүнө отуз күн калганга чейин МФУга алдын-ала билдирүү шарты менен мөөнөтүнөн мурда, эч кандай айыптык санкцияларсыз толук же жарым-жартылай төлөөгө

3) МФУга кредитти пролонгациялоо же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кайрылууга. Карыз алуучу МФУга кредитти пролонгациялоо же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кат түрүндө кайрылган шартта, МФУ аны карап чыгууга жана кат ээсине аталган кайрылуу боюнча чечимин кат түрүндө билдирүүгө тийиш; 

4) эгерде, кредиттин негизги суммасынын 50 пайызынан көбүрөөгү төлөнгөн болсо, МФУнун ички документтеринин талаптарына ылайык жана МФУнун макулдугу менен коюлган күрөөнүн ордуна наркы кредит боюнча калган сумманы жапкан башка күрөөнү сунуштоого. 

25. Пайыздык чендердин, ошондой эле комиссиялык сый акылардын жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин өлчөмү ачык-айкын болууга тийиш жана коммерциялык же банктык сыр болуусу мүмкүн эмес.  

26. МФУнун кредиттик ишинин ачык-айкындуулугун арттыруу жана кардарлардын кредиттөө шарттарынан кабардар болуусун жакшыртуу максатында, МФУнун тейлөө жайларында төмөнкү маалыматтарды камтыган маалымат такталары жайгаштырылууга тийиш: 

1) кредит боюнча пайыздык төлөмдөрдүн төлөнбөй жана негизги сумманын кайтарылбай калышы менен байланышкан тобокелдиктерди кошо алганда, кредиттерди берүү жана аны төлөө тартиби, шарттары жөнүндө;  

2) топтук кредит алуу критерийлери жана кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын жоопкерчиликтери жөнүндө

3) кредит, туумдар жана айыптык санкциялар боюнча төлөмдөрдү эсептөө тартибин түшүндүрүү жөнүндө;  

4) эффективдүү пайыздык чендин өлчөмү жөнүндө

5) кредит алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси жөнүндө

6) кардардын укуктары жана анын милдеттери жөнүндө

7) МФУда даттануулар жана сунуштар Китепчесинин болушу тууралуу; 

8) Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын жана МФУнун кредиттөө процессин регламентке салуучу ички ченемдик документтеринин тизмеси жөнүндө.  

27. МФУ кардар менен кредиттик келишим түзгөнгө (кол койгонго) чейин төмөнкүлөргө милдеттүү:  

· кардарга таанышып чыгуу үчүн карыз алуучуга атайын даярдалган Эскерткичтерди берүүгө;  

· кардарга даттанууларды кароонун жол-жобосу жөнүндө жана МФУда суроо-талаптарды, даттанууларды алуу жана аларды кароо үчүн жооп берүүчү байланыш адамы тууралуу жана кардар даттануулар жана сунуштар Китепчесине (мындан ары - Китепче) өз сын-пикирлерин жана сунуштарын жазып коюуга укуктуу экендигин маалымдоо, ал номерленип, көктөлүп, ошондой эле МФУнун Аткаруу органы тарабынан кол коюлуп жана мөөр менен бекемделүүгө тийиш (ушул жобого карата 2-тиркеме). Китепте камтылган маалыматтар алты жылдан кем эмес мөөнөткө сакталуусу зарыл.  

28. Бардык документтер толук иликтенгенден кийин МФУ берилген билдирмеге ылайык, кардарга кредит берүү же кредит берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.  

МФУ кредит берүүдөн баш тарткан учурда, анда белгиленген тартипке ылайык, бардык себептерди көрсөтүү менен өз чечимин негиздөөгө, ошондой эле кабыл алынган чечими тууралуу кардарга маалымдоого тийиш.  

 

6. КРЕДИТТИК КЕЛИШИМГЕ КАРАТА ТАЛАПТАР ЖАНА АНЫ ТҮЗҮҮ ТАРТИБИ  

 

29. МФУ менен кардар же кошо жоопкерчиликтүү топтун өкүлүнүн ортосунда түзүлгөн кредиттик келишим, ага тиркелген бардык тиркемелери менен жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик же расмий тилде (кардарга тилди тандоо укугун берүү менен) түзүлөт. Кредиттик келишимдин түп нускаларынын саны келишим түзүүчү тараптардын санынан кем болбоого тийиш. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, МФУ кредиттик келишимдин түп нускаларынын сакталышын камсыз кылуусу зарыл.  

Кредиттик келишимдин тексти карыз алуучуга кабыл алууга жана түшүнүүгө жеткиликтүү болушу абзел. Кардардын кредиттик келишимдин шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери кредиттик келишимдин өзүнчө бөлүмүндө чагылдырылууга тийиш. Кредиттик келишимдин бүтүндөй тексти боюнча жана анын тиркемелериндеги шрифт бирдей болуп, өлчөмү 12ден ашпоосу талап кылынат.  

30. Кредиттик келишимге кол коюудан мурда, кийинчерээк аны кайтарып берүү боюнча көйгөйлөрдүн орун алышы ыктымалдуугун болтурбоо максатында, кредит берилүүчү жана төлөнүүчү бардык шарттарды тактоо зарыл.  

31. МФУ кредиттик келишимдин баштапкы шарттарын кардардын кат түрүндөгү макулдугусуз жана эгерде, бул, карыз алуучунун укуктарын азайтып жана милдеттерин көбөйтүүгө алып келсе, аны бир тараптуу негизде алмаштырууга укуктуу эмес.  

32. Кредиттик келишимде номиналдык жана эффективдүү пайыздык чендер жылдык мааниде көрсөтүлүүгө тийиш. 

33. Кредитти жана кошуп эсептелген пайыздарды төлөө графиги кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана кредиттин ордун жабуу мөөнөтүн жана карыз алуучунун финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен түзүлөт. Мында кредит боюнча пайыздык төлөмдөр кредиттин негизги суммасынын калдыгына карата номиналдык пайыздык чен боюнча чегерилүүгө тийиш. Төлөө графигинде кредитти төлөө тартиби жана мөөнөттөрү толук чагылдырылуусу жана ага эки тараптуу кол коюлуусу зарыл.  

34. Кредиттик келишимде, кеминде, төмөнкүлөр көрсөтүлөт:  

1) тараптардын аталышы; 

2) келишим предмети; 

3) кредиттик келишимдин колдонуудагы мөөнөтү

4) кредит берүүнүн негизги шарттары, анын ичинде максатын, суммасын, пайыздык чендерин (номиналдык жана эффективдүү), төлөө тартибин жана мөөнөтүн, камсыздоо түрүн (эгерде болсо) көрсөтүү менен;  

5) карыз алуучунун укуктары жана милдеттери, анын ичинде кредиттик келишим боюнча өзү кабыл алган милдеттенмелерди аткарбай койгон же талаптагыдай аткарбаган учурдагы; 

6) МФУнун укуктары жана милдеттери; 

7) кредиттик бюрого кардар жөнүндө маалымат берүү шарттары (эгерде, бул МФУ анын катышуучусу болуп эсептелсе);  

8) кардардын кредиттик келишимге кол койгон учурдан тартып акча каражаттарын алган же келишим боюнча лизингге тиешелүү мүлккө төлөөлөрдү жүргүзгөн учурга чейин кредит алуудан кайтарымсыз негизде баш тартуу укугу;  

9) кардардын кредитти кайсы гана учурда болбосун, кандайдыр-бир айыптык санкцияларсыз, төлөөгө чейин отуз күндөн кем эмес мөөнөт ичинде МФУга бул жөнүндө билдирген шартта, кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө укугу;  

10) форс-мажордук жагдайлар орун алган шарттар. 

35. Топтук кредиттерди берүүдө кредиттик келишимде төмөнкүлөр кошумча көрсөтүлөт: 

1) кошо жоопкерчиликтүү топтун ар бир мүчөсүнүн аты-жөнүн көрсөтүү менен тараптардын аталышы;  

2) кошо жоопкерчиликтүү топтун бир эле учурда казыначысы\бухгалтери болуп саналган жетекчисинин аты-жөнү

3) топтун катышуучуларынын бирөөсү кредитти төлөп/кайтарып бере албай калган учурларда кошо жоопкерчиликтүү топтун ар бир катышуучусунун милдеттери; 

4) кошо жоопкерчиликтүү топтун ар бир катышуучусуна берилүүчү кредиттин суммасын көрсөтүү менен кредит берүү тартиби.  

36. МФУ кардарды ушул жобонун 3-тиркемесине ылайык таблица түрүндө түзүлгөн анын укуктары, чыгашаларынын (төлөмдөр) тизмеси менен тааныштырууга тийиш, ал, кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана эки тараптуу кол коюлат. 

МФУ зарылчылыгына жараша, кардарга кредит, туумдар, айыптар ж.б. боюнча төлөмдөрдү эсептөө тартиби жагында түшүндүрмөлөрдү берүүгө тийиш.  

МФУ кредиттик келишимдин шарттарына кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана МФУ тарабынан алынган/төлөнгөн жана анын бекитилген тарифтерине ылайык жарыялангандардан тышкары, кредиттик келишимди түзүү жана аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү, ошондой эле карыз алуучулар менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөнүүчү негиздеги башка кызматтарды кошууга укугу жок.  

37. Кардар менен кредиттик келишим түзүлгөндөн жана ал тарабынан акча каражаттары алынгандан кийин, карыз алуучуга кеминде төмөнкү документтер берилүүгө тийиш:  

1) тараптардын колу коюлган жана ага карата кошо тиркелген бардык документтер менен кредиттик келишим;  

2) кредиттик келишимге кошо тиркелген, төлөө күнү жана суммасы көрсөтүлгөн төлөмдөр графиги.  

38. Карыз алуучунун кредиттик досьеге (ушул жобого карата 1-тиркеме) кардардан билдирме алынган учурдан тартып түзүлөт жана ага бул кредитке тиешелүү бардык документтер көктөлөт. Ушул карыз алуучунун башка кредитине тиешелүү документтер башка досьеге көктөлөт. 

39. Кредиттерге мониторинг жүргүзүүдө МФУ Журналга жазууларды түшүрүүнү кошо алганда, аны менен жүргүзүлгөн бардык иш-чараларды документтештирүүсү жана алардын эсебин жүргүзүүсү зарыл. Айрыкча, көйгөйлүү кредиттер менен иштөөдө жогорудагыдай эсепке алууну жүргүзүү маанилүү.  

40. Карыз алуучулар менен иштөөдө, МФУнун ички документтеринде белгиленген жүрүм-турум нормалары сакталуусу зарыл.  

 

7. МИКРОКРЕДИТТЕРДИ ТӨЛӨӨ БУЛАКТАРЫ 

 

41. Кредитти төлөө булактары биринчилик жана экинчилик болуп бөлүнөт, мында: 

1) биринчилик төлөө булагы деп, кредит төлөө үчүн зарыл болгон акча каражаттары аталат, алар жагдайдын нормалдуу өнүгүшүндө өндүрүш, кызмат көрсөтүү, иш ж.б. процессинде генерирленет: юридикалык жактар үчүн - бул нак жана нак эмес формада киреше, ал эми жеке адамдар үчүн - бул эмгек акы же башка түшүүлөр; 

2) экинчилик төлөө булагы болуп мүлк күрөөсү, талаптарды жана укуктарды өткөрүп берүү жана кепилдик (гарантиялар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же тиешелүү келишимде каралган камсыздоонун башка түрлөрү эсептелет. 

42. Кредит боюнча мүлк күрөөсү экинчилик кредит төлөө булагы катары кредит боюнча камсыздоо болуп саналса, анда тараптардын колу коюлган жана кардардын күрөөлүк мүлктүн наркынан сын-пикирлерди канааттандырууга артыкчылык укугун алуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай коюсунда МФУнун укугун тастыктаган, күрөө жөнүндө келишим таризделет.  

43. Күрөө жөнүндө келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделет. Түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санынан аз болбоого тийиш. МФУ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, күрөө жөнүндө келишимдин түп нускаларынын сакталышын камсыз кылуусу зарыл. 

44. МФУ кредиттөө боюнча кызматтарды көрсөтүүдө карыз алуучуга, кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө жөнүндө келишимге ылайык күрөө мүлкүн сатып алууга артыкчылыктуу укук берүүгө тийиш. 

 

 

 

 

 

 

 

 

"Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө"жобого  

1-тиркеме 

 

 

Карыз алуучунун кредиттик досьесине карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

 

1. Жеке адамдар үчүн документтер: 

1) МФУда белгиленген форма боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу  

органдын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча талаптарын эске алуу менен кардар тарабынан кол коюлуп (топтук кредит үчүн - билдирмеге кошо жоопкерчиликтүү топтун ар бири мүчөсү тарабынан кол коюлат), кредит алуу үчүн сунушталган билдирме;  

2) МФУга билдирме бергенге чейинки акыркы алты ай ичинде буга чейин ушул МФУдан жана башка финансы-кредиттик мекемелерден алынган/төлөнгөн/төлөнбөгөн кредиттер жөнүндө маалыматтар (карызгердин кат жүзүндөгү маалыматына ылайык, мисалы, карызгердин кредиттик билдирмесиндеги); 

3) МФУ кардарын идентификациялоого мүмкүн болгон, инсандыгын тастыктоочу документтин көчүрмөсү;  

4) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген, айкын жашаган жеринен маалымкат;  

5) кардардын кирешеси жөнүндө маалымат; 

6) күрөөгө коюлган мүлккө жүргүзүлгөн опись (эгер болгон болсо); 

7) кардардын жубайынын макулдугу. 

2. Юридикалык жакты түзүүсүз эле, жеке ишкердик жүргүзгөн жеке адам үчүн, жогорудагы документтерден тышкары төмөнкүлөр талап кылынат:  

1) юридикалык жакты түзүүсүз эле, жеке ишкердикти жүргүзгөн жеке адам катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (болгон шартта);  

2) салык органынан, социалдык органдан маалымкат (болгон шартта); 

3) патенттин көчүрмөсү (болгон шартта). 

3. Юридикалык жак үчүн документтер:  

1) МФУда белгиленген форма боюнча, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча талаптарын эске алуу менен кардар тарабынан кол коюлуп, кредит алуу үчүн сунушталган билдирме; 

2) МФУга билдирме бергенге чейинки акыркы алты ай ичинде буга чейин ушул МФУдан жана башка финансы-кредиттик мекемелерден алынган/төлөнгөн/төлөнбөгөн кредиттер жөнүндө маалыматтар (карызгердин кат жүзүндөгү маалыматына ылайык, мисалы, карызгердин кредиттик билдирмесиндеги); 

3) юридикалык жактын каражаттарын пайдаланууга юридикалык жактын жетекчисинин ыйгарым укуктарын тастыктаган документтин көчүрмөсү

4) кол коюу укугуна ээ болгон жактардын колу менен нотариалдык жактан тастыкталган карточкалар; 

5) уюштуруу документтердин көчүрмөлөрү

6) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

7) статистикалык карточкасынын көчүрмөсү

8) салык органы тарабынан берилген, каттоо карточкасынын көчүрмөсү;  

9) күрөөгө коюлган мүлккө жүргүзүлгөн опись. 

4. Кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кредиттик каражаттарды алуусунун ведомосту - топтук кредит үчүн. 

5. Кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган акча каражат булактарына баа берүү.  

6. Мамлекеттик же расмий тилде түзүлгөн кредиттик келишим, ага карата тиркемелер, ошондой эле реструктуризациялоодо же пролонгациялоодо, талап кылуу укугун өткөрүп берүүдө, кардар менен кошумча келишилген макулдашуулар. 

7. МФУнун тиешелүү органынын кредит берүү, ошондой эле аны пролонгациялоо же реструктуризациялоо жөнүндө чечими (болгон шартта).  

8. Карыз алуучу менен болгон байланыштарды эсепке алуу. 

9. Карыз алуучу менен кат алышуу (бардык корреспонденцияны кошо тиркөө менен). 

10. Юридикалык документтер (карыз алуучунун иш-аракеттери жөнүндө документтердин көчүрмөсү, мисалы, накладнойлор, эсеп фактуралары, өнөктөштөр менен түзүлгөн келишимдер ж.б.)  

11. Кредиттин максаттуу пайдаланылганын текшерүү жөнүндө отчет.  

12. Кардардын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын талаптарына ылайык типтүү формасында түзүлгөн анкета. 

 

 

 

 

 

 

 

"Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого 

2-тиркеме 

 

МФУ кардарларынын Даттануулар жана сунуштар китепчеси 

№ 

МФУ кардарынын аты-жөнү 

Даттануунун же сунуштун чагылдырылышы (маңызы)  

Күнү 

МФУнун түшүндүрмөлөрү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Колдонулган чаралар: 

 

Жооптуу кызматкердин кол тамгасы: ______________ 

 

Аты-жөнү: __________________________ 

 

Кызматы: __________________________ 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Колдонулган чаралар: 

 

Жооптуу кызматкердин кол тамгасы: ______________ 

 

Аты-жөнү: __________________________ 

 

Кызматы: __________________________ 

 

 

 

Эскертүү. Мында, бул Китепче МФУнун өз сын-пикирлерин жана сунуштарын каттоону каалаган бардык кардарларына жеткиликтүү болгондуктан, МФУ кардар тарабынан берилген маалыматтын купуялуулугун гарантиялабайт. 

 

 

 

"Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого 

3-тиркеме 

 

МФУ кардарларынын укуктары, чыгашалары жана айыптык санкцияларынын тизмеси (төлөмдөр)  

 

МФУ кардарынын укуктары 

Кредиттик келишимге кол койгон учурдан тартып, акча каражаттарын алганга же келишим боюнча лизингге тиешелүү мүлк үчүн төлөмдү жүргүзгөнгө чейин кредит алуудан кайтарымсыз негизде баш тартууга  

Кардардын милдеттүү укуктары, кредиттик келишимде ушул жобонун талаптарына ылайык, сөзсүз түрдө көрсөтүлөт 

 

Кредиттик келишимди ага тиркелген бардык документтери менен колуна алууга жана юридикалык консультация алуу үчүн МФУнун чегинен тышкары кайрылууга укуктуу, мында, кредиттик келишим менен таанышуу үчүн кардарга берилген убакыт бир күндөн аз эмес, бирок, үч күндөн көп болбоого тийиш.  

Кредит, туум, айыптык санкцияларга тиешелүү төлөмдөрдү эсептөө тартиби боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга  

Кредиттик келишим жана ушул тизме түзүлүүчү (таризделүүчү) тилди (мамлекеттик же расмий) тандоого  

Кредит боюнча карызын кайтарууга чейин отуз күндөн кем эмес убакытта МФУга алдын-ала маалымдоо менен мөөнөтүнөн мурда толук же жарым-жартылай төлөөгө  

МФУнун кардарынын кредит боюнча чыгашалары (төлөмдөрү)  

Кредиттин суммасы 

Кредиттик келишимде көрсөтүлөт 

Кредит боюнча пайыздык төлөмдөр 

Билдирмелерди карап чыккандыгы үчүн комиссиялык (кредитти тариздөө) төлөмдөр 

Комиссиялык төлөм чегерилген учурда, алар МФУнун бекитилген тарифтерине ылайык, пайыздык же нарктык мааниде кредиттик келишимде көрсөтүлөт 

Кредит берилгендиги жана администрленгендиги үчүн комиссиялык төлөмдөр 

Ссудалык жана/же күндөлүк эсептер ачылгандыгы (эгерде, эсеп ачуу кредиттик келишимди түзүү менен шартталса) жана тейленгендиги (эгерде, кредит боюнча операциялар нак эмес формада жүргүзүлсө) үчүн комиссиялык төлөмдөр  

Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөмдөр (анын ичинде кардардын банкомат аркылуу нак акчаларды салуусу жана алуусу)  

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариус, ж.б. кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө)  

МФУ мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштабаган учурларда, кардардын кабардар болушу үчүн аталган чыгашалардын наркын үчүнчү жактардын учурда колдонуудагы тарифтери боюнча кредиттик келишим түзүлгөн күндө, бул чыгашалар карыз алуучу тарабынан үчүнчү жактардын пайдасына жүргүзүлө тургандыгын, ошондой эле мындай баалоо келечекте өзгөрүп кетиши ыктымалдуулугун көрсөтүүгө тийиш 

Карыз алуучунун эсептеринен көчүрмөлөр берилгендиги үчүн төлөмдөр  

МФУнун учурда колдонуудагы тарифтерине ылайык пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт  

Башка чыгашалар 

 

МФУ тарабынан салынуучу айыптык санкциялар жана туумдар 

Карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүнөн кечиктирилгени үчүн  

МФУда белгиленген айыптык санкциялардын өлчөмүнө ылайык, кредиттик келишимдин негизинде пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт. Мында, негизги сумма жана пайыздардын мөөнөтүндө төлөнбөгөндүгү үчүн үстөк айып (айыптар, туумдар) боюнча пайыздын өлчөмү кредиттик келишимде көрсөтүлгөн номиналдык пайыздык ченден ашпоого тийиш, ал эми кредит ишке кирген мезгил үчүн чегерилген үстөк айыптын (айыптар, туумдар) максималдуу өлчөмү, берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш  

Акча каражаттары алынгандан кийин кредиттик келишимди бузуу шарттары  

Кредиттик келишимдин негизинде, МФУда алынган айыптык санкциялардын өлчөмүнө ылайык, пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт 

Башка чыгашалар 

_________________________ ___________ _________ ____________________ _________ _____________  

(МФУнун кредит боюнча адисинин аты-жөнү (кол тамгасы) (күнү) (МФУнун кардарынын аты-жөнү) (кол тамгасы) (күнү