Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 23-октябрындагы 39\7 токтому 

 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы 36/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду 

киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы 36/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө" жобого сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин

2. Юридика башкармалыгы

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын жана Микрофинансылык уюмдар ассоциациясын тааныштырсын

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

 

Төрага Асанкожоева З.М

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 23-октябрындагы 39\7 токтомуна карата  

тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы 36/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө" жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы 36/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө" жобого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин

1. Жобонун 20-пунктундагы

а) "болжолдуу сарптоолорду" деген сөз "болжолдуу чыгашалары" дегенге  

алмаштырылсын

б) "жана кыймылсыз мүлктү банктын балансына кабыл алынышына байланыштуу сарптоолорду (кыймылсыз мүлктү юридикалык жактан тариздетүү, тооруктарды уюштуруу боюнча сарптоолорду ж.б. сарптоолорду) эске албаганда" деген сөздөр алынып салынсын

в) пункт төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын

"Мында жогоруда көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктүн банктын балансына кабыл алынышына байланыштуу сарптоолор чыгымдар (кыймылсыз мүлктү юридикалык жактан тариздетүү, тооруктарды уюштуруу боюнча сарптоолорду ж.б. сарптоолорду) эске алынбайт, бул сарптоолор ушул Жобонун 25-пунктуна ылайык эсепке алынат."; 

2. Жобонун 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин

"Башка менчик" категориясында эске алынган суммалардын, кредит боюнча карыздан артып кетиши, кыймылсыз мүлктү сатуу учурунда ашыкча акча каражаттарын күрөө коюучуга кайтарып берүүгө тиешелүү банктын милдеттенмеси катары таанылууга тийиш."; 

3. Жобонун 27-пунктундагы

а) Биринчи абзацтагы "Кабыл алууда" деген сөздөрдөн кийин "күрөөлүк мүлктөн соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүүнүн алкагында" деген сөздөр менен толукталсын

б) а) пунктчасындагы "наркы" деген сөз "адилет наркы" дегенге алмаштырылсын

в) пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын

"Күрөөлүк мүлктөн соттук тартипте өндүрүүнү жүргүзүүнүн алкагында банк тарабынан кыймылсыз мүлктү "башка менчик" категориясына кабыл алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат."; 

4. Жобонун 31-пунктунун б) пунктчасы төмөнкү сөздөр менен толукталсын: "төлөөгө жөндөмдүүлүккө талдап-иликтөөлөрдү кошо алганда"; 

5. Жобонун 37-пунктундагы "банктын туунду компаниялары" деген сөздөр ", башкы компаниялар" деген сөздөр менен толукталсын;  

6. Жобо төмөнкү мазмундагы 37-1-пункт менен толукталсын:  

"Мамлекет капиталында жүз пайыздык чекте катышкан банктар, банк өзгөртүп түзүлгөнгө чейин анын менчигине өткөн, пайдаланылбай турган банктык жайларды банктын акцияларынын контролдук топтому башка жактарга сатылганга чейин ижарага бериши мүмкүн.".