Кыргыз Републикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 

23-октябрындагы № 39\9 токтому 

 

 

 

 

“Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндөжобону бекитүү тууралу 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43 - беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. “Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндөжобо (кошо тиркелет) бекитилсин

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика Башкармалыгы

- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен микрофинансылык уюмдарды жана кредиттик союздарды тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

Кыргыз Республикасынын   

Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 23-октябрындагы   

39/9 токтому менен бекитилген 

“Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобо 

 

Бул Жобо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", “Кредиттик союздар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

Жобонун талаптары операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясына (күбөлүгүнө) ээ микрофинансылык уюмдарга жана кредиттик союздарга (мындан ары - ФКМ) таркатылат.  

 

1-глава. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

 1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык бүтүмдөр боюнча ФКМ менен кардар ортосунда түзүлгөн типтүү келишимдерди стандартташтыруу, ушул Жобонун максаты болуп саналат.  

2. Жободо Кыргыз Республикасынын “Кредиттик союздар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында берилген аныктамалар колдонулат

3. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

а) Шариат стандарттарына ылайык келүү

б) келишим түзүү эркиндиги

г) келишимдердин укук чегинде түзүлүшү

д) келишимде эң аз дегенде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш

- тараптардын аталышы

- келишим предмети; 

- келишимди колдонуу мөөнөтү

- каржылоону сунуштоонун, анын ичинде анын максаттуу багытын, суммасын, сыйакыларын, төлөө тартибин жана мөөнөтүн, камсыздоосунун түрүн көрсөтүү менен негизги шарттары

- карыз алуучунун укуктары жана милдеттери, анын ичинде келишим боюнча милдеттенмелерин аткарбай койгон же талаптагыдай аткарбаган учурлары

- ФКМ укуктары жана милдеттери

- ФКМге ал тууралуу кеминде 30 күн мурда маалымдалган шартта, эч кандай айыптык санкцияларсыз эле кайсы болбосун убакытта карызды мөөнөтүнөн мурда төлөөгө кардардын укугу

- келечекте өндүрүлүүчү товар келишим предметинен болуп саналса, анда келишимде өндүрүлүүчү товардын мүнөздөмөлөрү жана аны даярдоо мөөнөтү так чагылдырылууга тийиш; 

е) келишим шарттары үчүнчү жактын (жактардын) менчик укугун бузууга тийиш эмес

ж)келишим шарттарынан улам келип чыккан аракеттер, Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына жана Шариат стандарттарына каршы келбөөсү зарыл

з) келишимдерде тараптардын пайыздык кирешелерди алуусу каралууга тийиш эмес

и) келишим предметинин түрү, саны анык эмес (так эмес) болсо, ошондой эле келишим мөөнөтүнө карата белгисиздик жагдайы орун алса, келишим түзүлбөйт

к) кумар оюндарына, чочко эти кошулган эт азыктарын чыгарууга жана сатууга, курал-жарак жана ок-дарыга, ошондой эле ФКМдин Шариат кеңеши жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган ишкердиктин башка түрлөрүнө байланыштуу келишимдерди түзүүгө жол берилбейт;  

л) келишимдерде Шариат стандарттары тыюу салган алып-сатарлык мүнөздөгү бүтүмдөрдү жокко чыгаруу каралууга тийиш

м) Эгерде, келишим шарттарында пайда алуу каралган болсо, анда келишимде алынган пайданы тараптар ортосунда бөлүштүрүү тартиби да каралууга тийиш.  

4. ФКМ ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерге ушул Жобого жана Шариат стандарттарына каршы келбеген кошумча шарттарды иш жагдайына жараша киргизиши мүмкүн. 

5. ФКМ ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келген, айрым операциялар боюнча түзүлгөн типтүү келишимдердин түрлөрүн белгиленген тартипте бекитүүгө укуктуу. 

6. ФКМ тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдердин бардык түрү, белгиленген тартипте ФКМдин Шариат кеңеши менен макулдашылууга тийиш. 

7. Кардар каржылоону мөөнөтүнөн мурда төлөгөн жана төлөгөнгө чейинки кеминде отуз күн ичинде бул тууралуу ФКМге маалымдаган шартта, кардардан айыптык санкция алууга ФКМдин укугу жок. 

8. Бардык тиркемелери менен кошо келишимдин тексти кеминде 12-өлчөмдү түзгөн бирдей тамгада (шрифтте) түзүлүүгө тийиш. 

9. Ушул жобонун талаптарын бузууга жол берген ФКМ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.  

 

  2-глава. ИСЛАМ БАНК ИШИ ЖАНА КАРЖЫЛОО ПРИНЦИПТЕРИНЕ ЫЛАЙЫК ТЪЗЪЛГЁН ТИПТЪЪ КЕЛИШИМДЕРДИН ТЪРЛЁРҮ § 1. Мудараба келишими 

 

10. Мудараба келишими төмөнкү түрдө түзүлүшү мүмкүн: 

а) эгерде инвестор, активдердин же мудариб тарабынан инвестициялануучу объекттердин тизмегин белгилөө укугуна ээ болсо, чектелген/атайы мудараба келишими. Мында, инвестициялануучу ар бир объект үчүн мудариб менен инвестор ортосунда өзүнчө келишим түзүлөт; 

б) эгерде, мудариб сунушталган каражаттарды өз ыңгайына жараша пайдаланууга укуктуу болсо, чектелбеген/жалпы мудараба келишими

11. Мудариб жана инвестор мудараба келишиминин тараптары болуп саналат. ФКМ инвестор сыяктуу эле, мудариб катары да иш алып бара алат. Депозиттерди тартпаган микрофинасылык уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каржылоо булактарын (тартылган каражаттар) түзүүгө тийиш.  

12. Мудараба келишиминде үчүнчү жактарга насыяларды (займдарды) берүүнү кошо алганда, акча каражаттарын максатсыз пайдаланууга тыюу салуулар каралууга тийиш. 

13. Мудараба келишиминде тараптар анын негизинде келишимге кол коюуга укуктуу болгон документтердин тизмеги милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш. 

14. Мудараба келишиминде тараптардын укуктары жана милдеттери караштырылууга тийиш: 

14.1. Инвестордун укуктары жана милдеттери төмөнкүлөрдү карайт: 

- инвестордун келишим шарттарына ылайык иш алып барууга милдеттүүлүгүн

- инвестордун акча каражаттарын келишимде белгиленген мөөнөттө мударибге берүү милдеттүүлүгүн;  

- инвестордун берилген акча каражаттардын сарпталышына контролдукту жүргүзүүгө укугун; 

- мониторинг жүргүзүү жана консультацияларды берүү менен гана чектелип, келишим шарттарын аткаруу боюнча мударибдин күндөлүк ишине инвестордун кийлигишпөөгө тийиш экендигин

- укуктук маселелерди кошо алганда, келишимди аткаруунун жүрүшүндө инвестордун мударибге консультацияларды берүүгө укугун;  

- келишим шарттарынын мудариб тарабынан аткарылышын инвестордун текшерүүгө укугун, ушуга байланыштуу мудариб инвестор талап кылган кандай болбосун отчетторду берип турууга тийиш;  

- инвестордун келишимде белгиленген мөөнөттөрдө пайда алууга укугу

- мудараба келишиминин шарттары аткарылбай калган же талаптагыдай аткарылбаган шартта, келишим боюнча сунушталган сумманын кайтарылып берилишин, анын ичинде мудариб тарабынан берилген камсыздоонун эсебинен мөөнөтүнөн мурда кайтарылышын мударибден талап кылууга инвестордун укугун. 

 

14.2. Мударибдин укуктары жана милдеттери төмөнкүлөрдү карайт: 

- мударибдин келишим шарттарына ылайык иш алып баруу милдеттери; 

- мударибдин келишимдин максатына - максималдуу пайда алууга жетишүү үчүн бардык зарыл аракеттерди көрүү милдети

- мударибдин Шариат стандарттарынын зарыл болгон талаптарын жана келишим шарттарын ошондой эле, акча каражаттарды сарптоонун финансылык тартибин сактоо максатында, ишке ашырылып жаткан бизнес-долбоордун сапатына толук контролдукту жүргүзүү милдети; 

- мударибдин келишим шарттарын аткаруунун жүрүшүндө өз алдынча иштөө (колдо болгон эмгек ресурстары менен) милдети. Эгерде, келишим шарттарын аткаруу үчүн мударибдин ишинин/компетенциясынын чегинен тышкаркы иштерди аткаруу зарыл болсо, ал тиешелүү билим деңгээлине ээ же ушул келишим боюнча иштерди аткарууга лицензиясы же уруксат берүүчү документтери бар үчүнчү тарапты тартууга укуктуу

- мударибдин келишим шарттарына жана мыйзам талаптарына ылайык, ал эми мындай шарттардын жана талаптардын жоктугу учурунда мурдатан колдонулуп келе жаткан ишкердик аракеттерге же адетте коюлуучу башка талаптарга ылайык, келишим шарттарын аткаруу, ошондой эле максатка жетүү үчүн ак ниеттүү жана алгылыктуу ыкмада иштөө милдети; 

- мударибдин, инвестордон алган акча каражаттарды мудараба келишиминде каралган максаттарга гана пайдаланууга укугу;  

- мударибдин мудараба келишиминин аракеттенүүсү мезгили ичинде инвестордон алынган жана келишим шарттарын аткаруу процессинде алынган акча каражаттарын (кирешени) пайдалануунун эсебин жүргүзүү милдети, ал келишим түзүшкөн тараптардын ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон пайданы аныктоого мүмкүндүк берет. Мудариб мудараба келишиминин шарттарынын аткарылышына тиешелүү бардык сарптоолорду документардык түрдө эсепке алууга тийиш; 

- мударибдин келишим шарттарын аткаруунун жүрүшүндө ишкердик иштерди инвестордун катышуусуз, өз алдынча жүргүзүүгө укугу, мында мудариб мудараба келишиминин шарттарын натыйжалуу аткаруу максатында, инвестордон консультация ала алат

- мударибдин мудараба келишимине ылайык сыйакыларды алууга укугу. 

15. Келишимдин аракеттенүү жана аткарылышы мөөнөттөрү тараптар тарабынан аныкталат. 

16. Келишимде инвестордун сунушталган каражаттар (күрөө) үчүн мударибден камсыздоону (күрөөнү) алуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле мудариб укукка жатпаган аракеттерге, этиятсыз мамиле жасоого же келишим шарттарын бузууга жол берип, анын натыйжасында чыгым келип чыкса, камсыздоо предметинен өндүрүүнү жүргүзүүгө укугу караштырылууга тийиш.  

17. Мудараба келишиминде, келишим тараптарынын ар биринин пайдасы, инвестор тарабынан сунушталган каражаттарды пайдалануунун жүрүшүндө мудариб алган пайдадан үлүш катары (пайыздык катышта) аныкталаарына тиешелүү шарттар каралууга тийиш. 

18. Мудараба келишимине төмөнкү шарттар милдеттүү түрдө камтылууга тийиш: 

а) эгерде келишимди аткаруунун натыйжасында мудариб, пайда гана албай калбастан, чыгымга да учураган болсо, анда инвестор сунушталган акча каражаттарынын суммасы өлчөмүндө чыгым тартат, ал эми мудариб бул учурда өз эмгеги үчүн сыйакы албай калат. Чыгымдарды бөлүштүрүүнүн мындай эрежеси, чыгымдын келип чыгышына мударибдин тиешеси жок болгон учурда колдонулат; 

б) эгерде чыгым мударибдин күнөөсү боюнча, же укукка жатпаган аракеттеринен/аракеттенбей коюусунан улам келип чыкса, алардын орду мударибдин эсебинен жабылууга тийиш. Мында, инвестор мударибден келишим боюнча берилген акча каражаттарын камсыздоонун эсебинен алууга укуктуу, ал эми камсыздоо жетишсиз болгон шартта, мударибдин башка мүлкүнүн эсебинен ала алат. 

в) келишимде келишим шарттары аткарылбаган, өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган, активди төлөөнүн артыкчылыктуу тартиби көрсөтүлүүгө тийиш.  

19. Мудараба келишиминде анын төмөнкү учурларда токтотулушу ыктымалдуулугу каралуусу зарыл: 

а) келишимдин аракеттенүү мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча

б) келишим тараптарынын макулдугу боюнча; 

в) же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же келишимде каралган башка учурларда. 

 

Мудараба типтүү келишиминин үлгүсү, ушул Жобого карата 1-тиркемеде келтирилген

 

2-глава. Мурабаха келишими 

 

20. ФКМ жана белгилүү бир товардын ФКМ тарабынан ал үчүн сатылып алынышы жөнүндө билдирме берген кардар, мурабаха келишиминин тараптарынан боло алышат. 

21. Мурабаха келишими боюнча, ФКМ, келишим предметин кардардын буйрутмасы боюнча өз атынан сатып алуу менен кийинчерээк төлөп берүү шартында аны кардарга сатууга милдеттенет.  

22. Мурабаха келишими боюнча келишим предметин кардарга сатууда ФКМ, келишим предметине карата менчик укугуна ээ болууга тийиш. 

23. Келишим предметине карата менчикке укук, эгер келишим шарттарында башкасы белгиленбесе, келишим предметинин баасы толугу менен төлөнгөндөн кийин кардарга өтөт. 

24. ФКМ сатып алуу-сатуу келишимин өз алдынча сыяктуу эле, агент аркылуу да түзө алат. ФКМ анын атынан жана эсебинен аракеттенген кардарды агент катары дайындай алат. 

25. Кардар ФКМдин атынан агент катары иш алып барган учурда, төмөнкү шарттарды сактоосу зарыл

а) ФКМ сатуучуга төлөп берүүгө жана товардын баасын агент катары иш алып барган кардардын эсебине салбоого тийиш; 

б) ФКМ сатуучудан сатуу ишке ашырылгандыгы тууралуу документ түрүндөгү тастыктаманы алууга тийиш

ФКМ товарды берүүчүнүн аймагынан жана аны берүү шарттарында көрсөтүлгөн кайсы болбосун башка жерден алууга тийиш. 

Товарды жеткирүү жана сатып алууга байланыштуу бардык чыгашалар ФКМге жүктөлөт. Бул чыгашалар кийин товардын наркына кошулат.  

ФКМ товардын ээси катары жоопкерчиликти өзүнө алат жана камсыздандырууга боло турган, кийин келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди өзүндө камтыйт. Товарды кардарга сатканга чейин келип чыккан камсыздандыруу сыйакысы толугу менен ФКМге таандык болот.  

Камсыздандыруу боюнча чыгашалар, мурабаха контрактысы боюнча сатылып алынган товардын баасына кошулат.  

26. Келишим предметин сатып алуу-сатууга байланышкан бардык документтер жана контракттар кардар, ФКМдин агенти катары иш алып барган күндө да, ФКМдин атынан түзүлүүгө тийиш. 

27. ФКМ, келишим предметин товар берүүчүнүн аймагынан же берүү шарттарында көрсөтүлгөн кайсы болбосун башка жерден алуусу зарыл. 

28. ФКМ мурабаха келишимине төмөнкү шарттарды да киргизе алат: 

а) ФКМ, товар кардардын менчигине өткөндөн кийин, келишим предметиндеги кандайдыр бир кемчиликтер үчүн жооп бербейт

б) кардар мурабаха келишими күчүнө киргизилгенден кийин келишим предметин сатып алуудан баш тарткан учурда, ФКМ мурабаха келишиминин предметин үчүнчү жакка сатууга укуктуу, мында, ФКМдин сатылган товардын наркы менен жабылбай калган, келишим предметин сатып алууга байланыштуу чыгашаларынын ордун толтуруу боюнча милдеттенме кардарга жүктөлөт.  

29. ФКМдин төмөндөгүлөр боюнча мурабаха бүтүмүн түзүүгө укугу жок: 

а) баалуу металлдарга (алтын, күмүш ж.б.), чет өлкө валюталарына карата

б) дебитордук карыз активдердин камсыздоосу болуп саналган, жүгүртүү капиталы менен; 

в) бүтүмдөрдү кайра каржылоодо. 

30. ФКМ, эгерде кардар төлөөлөрдү келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирген болсо, келишим предметин сата алат. Эгерде ФКМ, келишим предметин саткан болсо, анда буга чейин кардардан алынган төлөөлөр төлөнүп берилет. 

31. Эгерде ФКМ, кардардан камсыздоону алган болсо, анда кардар сотко кайрылуусуз эле ФКМге карыздын ордун жабуу үчүн күрөөнү сатуу жөнүндө буйрук берет. 

32. Мурабаха келишиминде төлөө баасы жана тартиби алдын-ала каралууга тийиш. Мурабаха келишиминде, ФКМдин келишим предметин сатуу баасы, тараптар тарабынан сатып алуу баасынын жана келишим тараптарына макулдашылган кошуп эсептелген баанын суммасы катары аныктала тургандыгы шарты каралууга тийиш. Кошуп эсептелген баа төмөнкү түрлөрдө белгилениши мүмкүн: 

- катталган бир жолку төлөнүүчү сумма; 

- келишим предметинин наркынан үлүш.  

Сатуу баасында кошуп эсептелген баанын өлчөмүн милдеттүү түрдө бөлүп көрсөтүү, мурабаха келишиминин олуттуу шартынан болуп саналат. 

33. Мурабаха келишиминде келишим предметинин баасына төлөөлөр кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү негизде үзгүлтүксүз төлөөлөр менен жүргүзүлө тургандыгы каралышы мүмкүн. Ал эми, кардар кийин төлөп берүү шартында сатылган күрөө предмети үчүн кезектеги төлөмдү белгиленген мөөнөттө ишке ашырбаса, анда ал тараптар тарабынан белгиленген өлчөмдө, ар бир төлөнбөй калган күн үчүн кошумча төлөм төлөйт, алар кайрымдуулук максаттарына багытталат. Кардар кошумча төлөмдү ФКМдин эмес, өзүнүн ыңгайына жараша кайрымдуулук уюумуна бергендиги тууралуу тиешелүү документтерди ФКМге берүүгө тийиш.  

34. Мурабаха келишиминде ушул келишим боюнча сатылып алынган келишим предметинин баасына кошулуучу чыгашаларга төмөнкүлөрдүн да камтылышы караштырылууга тийиш: 

- камсыздандыруу боюнча чыгашалар; 

- ФКМдин товар сатып алууга байланышкан кийинки сарптоолору, ошондой эле аларды ташып жеткирүүгө кеткен чыгашалар, импорттук алымдар жана келишим шарттарын аткарууга байланыштуу башка чыгашалар. 

35. Мурабаха келишиминде, ФКМ белгиленген келишимдин түзүлүшүнүн жана анын аткарылышынын камсыз кылынышынын далили катары мурабаха келишими боюнча тиешелүү төлөмдөрдүн эсебине кардардан аванс ала тургандыгы каралууга тийиш. 

36. Мурабаха келишимин түзүүдө, төмөнкүлөрдү кошо алганда, алардын негизинде бүтүмдөр жүзөгө ашырыла турган бардык шарттар каралууга тийиш: 

а) үчүнчү тараптарга төлөөлөрдү кошо алганда, ФКМ өзүнүн бардык чыгашаларын сатуу баасына кошо тургандыгы шарты. Мында, ФКМдин кызматкерлеринин эмгек акыларын төлөө боюнча сарптоолор чыгашаларга чегерилүүгө тийиш эмес; 

б) сатып өткөрүү баасын

в) кошуп эсептелген баанын өлчөмүн - ФКМ ушул бүтүмдөн алган сыйакыны

Мында, сатып өткөрүү баасын жана кошуп эсептелген бааны белгисиз жагдайлардан улам, мисалы, келечекте белгилүү болуучу кандайдыр бир көрсөткүчтөргө жараша белгилөөгө болбойт. Мында, сатып өткөрүү баасынын жана кошуп эсептелген баанын кардарга буга чейин эле белгилүү болгон көрсөткүчтөрдүн негизинде, келишим түзүү учурунда белгиленишине жол берилет. Кошуп эсептелген баанын өлчөмү убакыт факторуна көз каранды болушу мүмкүн эмес. 

37. Мурабаха келишиминде кардарга төлөө мөөнөттөрү жөнүндө алдын-ала маалымдалган шартта, кезектеги төлөмдү негизсиз кечиктирген учурда кардардан мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга ФКМдин укугун караштырууга болот. 

38. Мурабаха келишиминде, кардар тарабынан келишим предмети үчүн төлөө келишимде каралган мөөнөттө төлөнбөстөн, узак убакытка кечиктирилген учурда ФКМдин төмөнкүлөрдү ыңгайына жараша жүзөгө ашыруу укугу караштырылууга тийиш: 

а) эгерде болгон болсо, келишим предметине бөлүп-бөлүп төлөөнүн эсебине кардардан алынган акча каражаттарын ага төлөп берүү менен товарларды үчүнчү жактарга сатуу; 

б) келишим предмети үчүн толук төлөнүп берилмейинче, кардардын товарга менчикке укугун тариздебөө

39. Комиссиондук сыйакылар жана каржылоону сунуштагандыгы үчүн төлөмдөр мурабаха келишими боюнча кардардан кармалбайт.  

40. Мурабаха келишими боюнча документтерди даярдоого кеткен чыгашалар, эгерде келишимде башкасы каралбаса, ФКМ менен кардардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Мында, тараптардын бардык чыгашалары алардын ортосунда тараптардын ар бири аткарган реалдуу иш көлөмүн эске алуу менен адилет бөлүштүрүлүүгө тийиш. 

41. ФКМ, эгерде ал кардардын өтүнүчү жана анын пайдасы үчүн түзүлсө жана кардар ага төлөөгө макулдугун берсе, техникалык-экономикалык негиздемелерди даярдоо үчүн төлөмдү кармап кала алат. 

42. ФКМ, кардар тарабынан мурабаха келишими боюнча милдеттенмелердин тиешелүү негизде аткарылышын камсыз кылуу максатында, акча каражаттарын күрөөгө алуу же камсыздоонун башка түрү жөнүндө келишим кардар менен түзүүгө тийиш. Күрөө катары берилген акчалай сумма, эгерде келишимде башкасы каралбаса, ФКМ тарабынан инвестицияланышы мүмкүн эмес. 

43. Кардардын өтүнүчү боюнча күрөө катары берилген акчалай сумма мурабаха келишимине ылайык товарлар үчүн төлөөнүн эсебине чегерилиши мүмкүн. 

44. Кардар мурабаха келишими боюнча өз милдеттенмелерин аткаргандан кийин ФКМ күрөөнү кайтарып берүүгө милдеттүү.  

45. ФКМ, товарды жеткирип берүү же сактоо учурунда алардын бузулушуна, жок болуп кетишине же жоголушуна байланыштуу бардык тобокелдиктерди өзүндө камтыйт жана алар күрөөнүн эсебинен жабылышы мүмкүн эмес. 

Эскертүү: Мурабаха типтүү келишими ушул жобого карата 2-тиркемеде келтирилген. 

 

 

 

 

“Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик  

союздардын ислам банк иши жана каржылоо 

принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине 

карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобого карата  

1- тиркеме 

 

 

Мудараба келишими (чектелген/атайын). 

№ _______ 

(үлгү

 

Бишкек ш. 

20 __-жылдын «____» ______________ 

 

Мындан ары «ФКМ» деп аталуучу,________________________________ылайык иш алып барган _______________________________________________атынан 

________________________________________________________бир тарап, мындан ары «Мудариб» деп аталуучу, ____________________________________ ылайык иш алып барган _____________________________________________________________атынан ______________________________экинчи тарап, биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар, төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү

1. Келишим предмети. 

1.1. ФКМ ушул келишимге ылайык, Мударибге акча каражаттарын сунуштайт, ал эми Мудариб ал каражаттарды өз эмгек ресурстарын колдонуу жана зарылчылык келип чыккан шартта, ______________________________ боюнча бизнес долбоорду ишке ашырууга уруксат берген тиешелүү документтери бар башка уюмдарды жалдоо менен, пайда алуу үчүн жана аны ушул келишимге ылайык Тараптар ортосунда бөлүштүрүү максатында пайдаланат. 

Мудариб ______________________________________________ милдеттенет, ошондой эле ушул милдеттенмени аткарууга байланыштуу жана анын компетенциясына тиешелүү бардык юридикалык жана айкын аракеттерди көрүп, ушул келишимге кол койгон күндөн тартып ___________________________кечиктирбестен __________________________________________ камсыз кылат.  

1.2. Мудараба ушул келишим боюнча чектелген/ атайын болуп саналат, ошол себептен Мудариб сунушталган акча каражаттарды ____________________________ гана багыттоого укуктуу. 

1.3. _______________________________(бизнес-долбоордун) наркы тараптар тарабынан _______________________________сом суммасында аныкталган. 

1.4. Мудараба ушул келишим боюнча ачык болуп саналат, ошол себептен ФКМ мударибден, эгерде ал тарабынан келишим шарттарын бузууга жол берилген болсо, сунушталган акча каражаттарын биринчи эле талап кылуу боюнча, мөөнөтүнөн мурда алууга укуктуу, мында ФКМ пайданын бөлүгүн талап кылууга укугу жок.  

2. Каржылоо тартиби

2.1. ФКМ ушул келишимге ылайык Мударибге ___________________________сом суммасындагы акча каражаттарын сунуштайт. 

2.2. Мудариб ФКМдин катышуусу менен төмөнкүлөрдү бекитет: 

- ушул келишимге карата тиркеме болуп саналган, __________________________ боюнча иштерди жүзөгө ашыруу графигин; 

- ушул келишимге карата тиркеме болуп саналган, Тараптар тарабынан иштерди каржылоо графигин. 

ФКМ, акча каражаттарын ушул келишимге карата тиркеме болуп саналган иштерди каржылоо графигине ылайык, ошол графикте каралган сумманын чегинде, транш түрүндө сунуштайт. ФКМ тарабынан каржыланган акча каражаттарынын жалпы суммасы, ушул келишимдин 2.1. пунктунда көрсөтүлгөн суммадан ашпоого тийиш. 

2.3. ФКМ ар бир кийинки траншты Мудариб тарабынан буга чейинки траншты пайдалангандыгы жөнүндөгү ФКМди канааттандыра турган отчет берилген шартта гана сунуштайт. 

2.4. ФКМ, ар бир траншты Мударибдин билдирмеси боюнча, акча каражаттарды анын эсебине, же Мудариб менен келишимдик мамиле түзүшкөн берүүчүлөрдүн жана иш тапшыруучулардын эсебине чегерүү аркылуу берет. Ар бир билдирме Мудариб тарабынан акча каражаттарын бөлүштүрүүгө чейинки кеминде 3 (үч) күн мурда ФКМге берилүүгө тийиш, ал эми билдирмеде көрсөтүлгөн сумма акча каражаттарын бөлүштүрүү графигинде аныкталган суммадан көп болбошу зарыл. 

2.5. __________________________________ (бизнес-долбоор) кымбаттаган шартта, ____________________________ (бизнес-долбоор) бүткөрүү үчүн зарыл болгон инвестициялардын графиги тараптар тарабынан кошумча келишим менен аныкталат. 

2.6. Мударибдин билдирмеси боюнча акча каражаттарды берүүчүнүн эсебине чегерүү же Мударибге накталай берүү, ФКМ тарабынан тиешелүү түрдө аткарылчу милдеттенме болуп саналат. 

2.7. __________________________________ (бизнес-долбоорду) ишке ашыруунун жүрүшүндө же ал аяктагандан кийин __________________________ (бизнес-долбоордун натыйжалары) алган жактардан алынган акча каражаттардын 100% (жүз) пайызы, Мудариб тарабынан ушул келишимдин 2.1. пунктунда көрсөтүлгөн ошол долбоор боюнча, ФКМден алынган акча каражаттардын ордун толтурууга багытталууга тийиш. Калган суммасы Келишимдин 3.1. жана 3.2. пункттарына ылайык бөлүштүрүлөт. Мудариб тарабынан ушул пункта көрсөтүлгөн сумманын ФКМге чегерилиши,_______________________________ (бизнес-долбоордун натыйжасы) ишке ашыруу жөнүндө келишим, мудариб тарабынан түзүлгөн күндөн кийинки 5 жумуш күнү ичинде жүргүзүлөт.  

2.8. Эгерде, келишимдин 2.7. пунктун аткарууда, 2.1. пункка ылайык суммадагы ФКМ алдындагы карыз Мудариб тарабынан толук төлөнсө, 3.3.-пунктту эске алуу менен келип түшкөн каражаттардын калган бөлүгү тараптар тарабынан төмөнкүдөй пропорцияда бөлүштүрүлөт: _____% ФКМге, _____% Мударибге. Мудариб тарабынан ушул пункта көрсөтүлгөн суммалардын ФКМге чегерилиши, Мудариб __________ (бизнес-долбоордун натыйжасы) жөнүндө келишим түзгөн күндөн кийинки 5 жумуш күнү ичинде жүргүзүлөт.  

3. Түшкөн пайдаларды жана кеткен чыгымдарды бөлүштүрүү тартиби. 

3.1. Келишимдин 2.1. пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдөгү акча каражаттарынын суммасы, 2.7.- жана 2.8. пункттарга ылайык төлөөлөрдү, 3.3. пунктуна ылайык ______________________________(бизнес-долбоордун) кымбатташын, _________________ (бизнес-долбоордун натыйжаларынын) сатып өткөрүүдөн түшкөндөрдү эске алуу менен Мударибдин ФКМ алдындагы карызын төлөөгө багытталат. 

3.2. Ушул келишимдин 1.2. пунктта көрсөтүлгөн, _______________________ (бизнес-долбоордун натыйжаларын) сатып өткөрүүдөн түшкөн жана 3.1. пункка ылайык бөлүштүрүүдөн кийинки акча каражаттарынын суммасы төмөнкү прапорция боюнча бөлүштүрүлөт:  

а) ______% ФКМге

б) ______% Мударибге. 

3.3. Эгерде ушул келишимдин 1.2. пунктунда көрсөтүлгөн _____________________________ (бизнес-долбоордун) кымбаттоо жүрсө, анда ал төмөнкү тартипте каржылоого алынат:  

а) _______________________ (бизнес-долбоорду) бүткөрүү үчүн зарыл болгон сумманын ______% ФКМ тарабынан инвестицияланат;  

б) _______________________ (бизнес-долбоорду) бүткөрүү үчүн зарыл болгон сумманын ______% мудариб тарабынан инвестицияланат;  

3.4. Эгерде ушул келишимдин 1.2. пунктунда көрсөтүлгөн _____________________________ (бизнес-долбоордун) кымбаттоосу учурунда, тараптардын макулдашуусу боюнча жыйынтыктоочу сумма 3.1. жана 3.2. пунктарга тиешелүү корректировкалар менен, келишимге карата кошумча келишим түзүү менен 2.1.-пунктта аныкталат. 

3.5. 3-главага ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон суммаларды бөлүштүрүү Мудариб тарабынан __________________ (бизнес-долбоордун натыйжаларын) же анын бөлүгүн __________ чегинде сатып өткөрүү жөнүндө келишим түзүлгөндөн кийинки 5 күн ичинде жүргүзүлөт.  

3.6. Эгерде, келишимди аткаруунун жүрүшүндөгү чыгымдар Мударибдин күнөөсүнөн улам же укукка жатпаган аракеттеринин/аракетсиздигинин натыйжасында келип чыккан болсо, бул чыгымдар анын эсебинен жабылат. Мында ФКМ, келишим боюнча мурда берилген сумманы камсыздоонун (күрөөнүн) эсебинен, ал эми ал жетишсиз болгон учурда Мударибдин башка мүлкүнүн эсебинен алууга укуктуу.  

Күнөөсүнүн жоктугу Мудариб тарабынан тастыкталат. 

4. ФКМдин укуктары жана милдеттери

4.1. ФКМдин милдеттери

(а) Мударибге келишимде белгиленген тартипте (2.2., 2.3., 2.4. жана 2.5.-пунктар) макулдашылган сумманы берүү

(б) транш боюнча алынган акча каражаттардын чыгымдалышына контролдукту жүргүзүү

(в) жалпы көзөмөлдүк жана консультацияларды берүү менен гана чектелип, Мударибдин келишимди аткаруу боюнча күндөлүк ишине кийлигишпөө

(г) келишимдин 1.2.пунктунда көрсөтүлгөн_______________________ (бизнес-долбоордун натыйжалары) сатып өткөрүү баасын мударибге макулдашуу. Мында Тараптар, келишимдин 1.2.пунктунда көрсөтүлгөн ______________________ (бизнес-долбоордун натыйжалары), ушул келишимдин колдонуудагы мөөнөтү ичинде тараптардын өз ара макулдашкан баасы боюнча, бирок, товардын ар бир бирдиги үчүн _________ сомдон кем эмес баада сатылууга тийиш экендигине макул болушкан.  

4.2. ФКМдин укуктары:  

(а) ФКМ укуктук маселелерди жана тиешелүү уюмдарды тартуу менен жүргүзүлүп жаткан курулушка экспертиза жүргүзүү боюнча маселелерди кошо алганда, ушул келишимдин ал тарабынан аткарылышынын жүрүшүндө Мударибге консультацияларды берип турууга укуктуу; 

(б) ФКМ алынган сумманын Мудариб тарабынан пайдаланылышына контролдук кылууга укуктуу; 

(в) ФКМ ушул келишимдин Мудариб тарабынан аткарылышына текшерүү жүргүзүүгө укуктуу, ошого байланыштуу Мудариб ал тарабынан талап кылынган кандай болбосун отчетторду ФКМге берип турат; 

(г) ФКМ келишимде аныкталган сумманы белгиленген мөөнөттө алууга укуктуу

(д) ФКМ, ушул келишимдин шарттары аткарылбаган учурда, берилген сумманы кайтарып берүүнү, анын ичинде күрөөнүн эсебинен кайтарып берүүнү Мударибден талап кылууга укуктуу. 

5. Мударибдин укуктары жана милдеттери

5.1. Мудариб төмөнкүлөргө милдеттүү

(а) келишим талаптарына ылайык иш алып барууга

(б) келишимдин максаттарына максималдуу пайда алууга жетишүү үчүн бардык күч аракетин жумшоого

(в) стандарттардын, нормалардын жана башка эрежелердин, зарыл болгон талаптардын, ошондой эле акча каражаттарын сарптоонун финансылык тартибин сактоо максатында ________________________ (ишке ашырылган бизнес-долбоор) сапатына толук контролдук жүргүзүүгө;  

(г) келишим шарттарын аткаруу учурунда өз алдынча иштөөгө (колдо болгон эмгек ресурстары менен). Эгерде, келишим шарттарын аткаруу үчүн ишкердик чөйрөсүнө кирбеген кандайдыр бир башка аракеттерди көрүү зарылчылыгы келип чыкса, ал тиешелүү билим деңгээлине ээ же ушул келишим боюнча иштерди аткарууга лицензиясы же уруксат берүүчү документтери бар үчүнчү тарапты тартууга укуктуу

(д) келишим шарттарына жана мыйзам актыларындагы талаптарга, ал эми мындай шарттардын жана талаптардын жоктугу учурунда мурдатан колдонулуп келе жаткан ишкердик аракеттерге же адетте коюлуучу башка талаптарга ылайык, келишим шарттарын аткарууда, ошондой эле максатка жетүү үчүн ак ниеттүү жана алгылыктуу ыкмада иштөөгө

(е) ушул келишим шарттарына ылайык ФКМден алынган акча каражаттарын пайдаланууга. Келишимди аткаруунун жүрүшүндө Мудариб сунушталган акча каражаттарын ушул келишимде каралбаган максаттарга пайдаланууга укугу жок; 

(ж) ушул келишимдин аракеттенүүсү мезгили ичинде, келишим түзүшкөн тараптардын ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш болгон пайданы аныктоого мүмкүндүк берген, ФКМден алынган жана келишим шарттарын аткаруу процессинде алынган акча каражаттарын (кирешени) пайдалануу эсебин жүргүзүү. Ал ушул келишимдин аткарылышына тиешелүү бардык сарптоолорду документардык түрдө эсепке алууга, ар бир айдын бешине чейин мурдагы ай үчүн түшкөн кирешелер жана кеткен чыгашалар жөнүндө отчет берип турууга тийиш; 

) ушул келишимдин 2.3. жана 2.5. пунктарында каралган, кийинки траншты алуунун алдында, өткөн траншты пайдалангандыгы жөнүндө ФКМди канааттандырган отчетту берүү

(и) келишимдин 1.2.пунктунда көрсөтүлгөн ______________________________ (бизнес-долбоордун натыйжалары) сатып өткөрүү баасын ФКМге макулдашуу; 

(к) ушул келишим толугу менен аткарылып бүткөнгө чейин аны токтотууга жол бербөө

(л) _______________(бизнес-долбоордун натыйжалары) ишке ашырылгандыгы жөнүндө ФКМге 3 жумуш күнү ичинде маалымдоо. 

5.2. Мударибдин укуктары: 

(а) келишимди аткаруунун жүрүшүндө өз алдынча, ФКМдин катышуусуз эле ишкердикти жүргүзүү, ошондой болсо да, Мудариб келишимди натыйжалуу аткаруу максатында, ФКМден консультация алып турууга милдеттүү

(б) ушул келишим шарттарын аткаргандыгы үчүн 3.2. пунктуна ылайык сыйакы алуу. 

 

6. Келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу ыкмалары

 

6.1. Мудариб ушул келишим боюнча милдеттенмелердин тиешелүү түрдө аткарылышын камсыз кылуу максатында, ФКМге ___________________________________ күрөөгө коёт (мындан- ары текст боюнча «күрөөгө коюлган мүлк» же «күрөө предмети»). 

6.2. Ушул келишим боюнча милдеттенмелерин аткара албай же тиешелүү деңгээлде аткарбаган Мудариб, бул жагдай күтүүсүз жагдайлардан улам, б.а. чукул жана бөгөт коюуга мүмкүн болбогон учурлардан улам келип чыккандыгын далилдей албаса, жоопко тартылат.  

6.3. Эгерде, келишим шарттарын аткаруу учурунда чыгым мударибдин күнөөсү боюнча, же укукка жатпаган аракеттеринен/аракеттенбей коюусунан улам келип чыкса, алардын орду мударибдин эсебинен жабылууга тийиш. Мында, инвестор мударибден келишим боюнча берилген акча каражаттарын камсыздоонун эсебинен алууга укуктуу, ал эми камсыздоо жетишсиз болгон шартта, мударибдин башка мүлкүнүн эсебинен ала алат. Мудариб күнөөсүнүн жоктугун далилдөөгө тийиш. 

 

7. Милдеттенмелердин жана жоопкерчиликтердин бузулушу. 

 

7.1. Мудариб тарабынан ушул келишим боюнча 5.1. пунктунда каралган пунктчалардын бузулушуна жол берилген шартта, Мудариб келишим боюнча милдеттенмелерин бузган деп эсептелет. 

7.2. Ушул келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү бузууга жол берген шартта Мудариб, ар бир мөөнөтүндө төлөнбөгөн күн үчүн карыздын суммасынан _____% өлчөмдө туум төлөйт, ал ФКМ тарабынан көрсөтүлгөн же кардардын ыңгайына жараша кайрымдуулук фондтун эсебине жөнөтүлөт.  

8. Келишим боюнча милдеттенмелердин токтотулушу

8.1. Тараптардын биринин демилгеси боюнча келишимди токтотуу тартиби. 

Келишим тараптарынын ар бири келишим айкын токтотулганга чейинки 10 күн мурда, экинчи тарапка маалымдоо менен бир тараптуу тартипте токтото алат, мында төмөнкү учурлар эске алынбайт

(а) эгерде Мудариб келишимди аткарууга киришип, ишкердиктин жүрүшүндө каражаттарды пайдалана баштаса;  

(б) эгерде Тараптар келишим аракеттенүүчү мөөнөттү аныктаган болсо. 

8.2. Милдеттенмелерди токтотуу үчүн башка негиздер: 

(а) келишим шарттарынын талаптагыдай аткарылбашы

(б) тараптардын макулдашуусу; 

(в) Мудариб ага сунушталган сумманын өлчөмүндө чыгым тартса жана ФКМ ага мурда берилген сумманы толугу менен Мударибдин камсыздоосунун эсебинен ордун толтурса, эгерде бардык чыгымдар Мударибдин күнөөсү боюнча же анын укукка жатпаган аракеттери/аракеттенбей коюусунан улам келип чыкса. 

 

9. Келишим мөөнөтү жана аны токтотуу тартиби. 

 

9.1. Келишим ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана ушул келишимдин 1.2. пунктунда көрсөтүлгөн _________________(бизнес-долбоордун натыйжалары) жүзөгө ашырылгандан жана сатып өткөрүүдөн алынган акча каражаттар ФКМге чегерилгенден кийин, же кошумча келишим түрүндөгү кат жүзүндө таризделген тараптардын макулдашуусу боюнча өз ишин токтотот.  

Ушул келишимдин 1.2. пунктунда көрсөтүлгөн________________________(бизнес-долбоор) сатып өткөрүү _____________________(бизнес-долбоор) аяктаган күндөн тартып ____ айдан ашпаган мезгил ичинде жүзөшө ашырылууга тийиш. 

9.2. ФКМдин ушул келишим боюнча кайсы болбосун укугун жүзөгө ашырууга же коргоого жөндөмсүздүгү же алардын кечиктирилип жүзөгө ашырылышы, же болбосо ФКМ Мударибге каршы колдонушу мүмкүн болгон соттук коргоону жүзөгө ашыруу жөндөмсүздүгү же болбосо жүзөгө ашыруунун же өз укуктарын коргоонун кечиктирилиши, мындай укуктарга же соттук коргоого зыян келтирбейт жана кайсы болбосун укугун коргоодон баш тартуу катары түшүнүүгө болбойт. 

 

10. Күтүлбөгөн жагдайлар (Форс-мажор)

 

10.1. Эгерде келишим боюнча кайсы бир милдеттенмелер аткарылбай калса же өз убагында аткарылбаса, Тараптардын бири дагы жоопкерчилик тартпайт жана көрсөтүлгөн милдеттенмелердин аткарылбай калышы же өз убагында аткарылбашы күтүлбөгөн жагдайларга (форс-мажор) шартталса жана алар ыйгарым укуктуу мамлекеттик же административдик органдар тарабынан кат жүзүндө тастыкталса, тарткан чыгымдардын ордун толтурууну же болбосо албай калган кирешелер үчүн компенсацияларды талап кылууга укуктары жок. 

Мындай тастыктоону алуу мүмкүн болбогон шартта, форс-мажордук жагдайлардын орун алышын далилдөө милдети, бузууга жол берген тарапка жүктөлөт. 

10.2. Форс-мажордук жагдайлар: жаратылыш кырсыктары (сел, жер титирөө, бороон, өрт жана башка жаратылыш жана техникалык кырсыктар), эпидемиялар, согуштук аракеттер, диверсиялар.  

Мындай жагдайларда келишим боюнча кайсы бир милдеттенмени аткарбаган же өз убагында аткарбаган Тарап, экинчи Тарапка форс мажордук жагдайлардын башталгандыгы жана алардын кесепеттери жөнүндө токтоосуз билдирүүгө (башка Тарапка билдирүү же форс-мажордук жагдайларга тиешелүү маалыматтарды жөнөтүү менен) жана көрсөтүлгөн жагдайлардан улам келип чыккан кандай болбосун терс натыйжаларды кыйла чектөө максатында, мүмкүн болгон бардык чараларды кабыл алууга милдеттүү

10.3. Милдеттенмелерин аткарууга форс-мажордук жагдайлар тоскоол болгон Тарап, ал башталган күндөн тартып эсептелген 10 күндүк мөөнөттө бул тууралуу башка Тарапка билдирбесе, анда ошол Тарап белгиленген жагдайларга форс-мажор катары таянуу укугунан ажырайт, мында бул жагдайлар экинчи Тарапка кабарлоого мүмкүндүк бербеген учурлар эске алынбайт.  

10.4. Эгерде форс-мажордук жагдайлар Тараптардын келишим түзүүсүн шарттаган максаттарын олуттуу жана орду толбос зыянга учуратуучу мүнөзгө ээ болсо же кайсы бир Тараптын келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруусу катары менен алты айдан ашык мезгил ичинде өзгөчө кыйынчылыкка дуушар болсо, анда мындай жагдай башталгандан тартып бир ай ичинде же ошол жагдайлардан улам алар милдеттенмелерин алты ай бою аткара албаган шартта, Тараптар келишимдин андан аркы тагдыры жөнүндө биргелешип чечим кабыл алуулары тийиш. 

11. Жөнгө салуучу мыйзам актылары жана талаш-тартыштарды жөнгө салуу. 

11.1. Ушул келишим Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык жөнгө салынат жана түшүндүрүлөт. 

11.2. Ушул келишим тараптарынын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон кандай болбосун пикир келишпестиктер жана ушул келишимден келип чыккан, тараптардын макулдашуусу аркылуу жөнгө салынбаган бир тараптын башка бир тарапка койгон талабы, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык соттук тартипте чечилет. 

 

12. Билдирүү

 

12.1. Келишим үч нускада түзүлгөн жана кол коюлган, бирөө нотариалдык конторага жана тараптардын ар бирине бирден. Ушул келишимдин эки тараптын тең колтамгасы коюлган тексттеринин бардык нускалары бирдей юридикалык күчкө ээ. 

12.2. Келишимге карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө кошумча келишим түрүндө түзүлөт жана аларга тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн колтамгасы коюлууга тийиш. 

12.3. Ар бир тарап ушул келишим боюнча берүүсү талап кылынган кайсы болбосун билдирүү же суроо-талап, кезектеги тастыктоосу менен жазуу жүзүндө болууга тийиш. Кайсы болбосун билдирүү же суроо-талап аларды колдон-колго өткөрүүдө почта же башка байланыш каражаттары (телефакс, электрондук почта ж.б.) аркылуу 12.6-пункта көрсөтүлгөн дарекке же бул билдирүүнү же суроо-талапты жөнөткөн тарап белгилеген дарекке жөнөтүлсө, анда алар тиешелүү түрдө тапшырылган же аткарылган катары саналат. 

12.4. Муну менен Тараптар, ушул келишимдин шарттары менен таанышкандыгын жана макул экендигин тастыкташат. 

12.5. Жогоруда келтирилген 12.4. беренеде көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн тараптар төмөнкү даректерди сунушташкан 

 

 

ФКМ: 

 

Мудариб

Башкарманын Төрагасы 

( же ишеним көрсөтүлгөн) 

____________________________ 

____________________________ 

(колтамга, мөөр) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Паспорт________________ берилген___________________ ИИМ________ 

№________ каттоо номери менен жеке ишкердин катталгандыгы тууралуу күбөлүк ОКПО ___________ 

___________________________________ 

Дареги боюнча жашайт 

____________________________ 

____________________________ (колтамга, мөөр) 

 

 

 

“Микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик  

союздардын ислам банк иши жана каржылоо 

принциптерине ылайык түзүлгөн типтүү келишимдерине 

карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобого карата  

2- тиркеме 

 

 

 

Мурабаха келишими 

(үлгү

Бишкек ш.  

20___-жылдын «___»____________ 

 

_____________________________________________________________________________________________________________________________________ылайык иш алып барган ________________________________________________________атынан, мындан ары «ФКМ» деп аталуучу бир тарап жана______________________________________атынан ____________________________________ ылайык иш алып барган, мындан ары «Кардар» деп аталуучу______________________________ экинчи тарап, биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар 

 

Кардардын буйрутмасы боюнча ФКМ ал үчүн  

__________________________________________________________________ 

(товар сатуучу

төмөнкү товарларды (мындан ары текст боюнча-товар) алып берүү аркылуу: 

__________________________________________________________________ 

(товардын аталышы

__________________________________________________________________ 

(товардын саны

__________________________________________________________________ 

__________________________________________________________________ 

__________________________________________________________________ 

(товардын башка мүнөздөмөлөрү

ислам принциптери боюнча каржылоону алууга жана бул Товарларды ФКМ кардарга мурабаха келишими боюнча андан ары сатуусуна билдирме менен ФКМге кайрылган жана Тараптар алдын ала өз ара кат алышып, анда, кардар бул Товарды кийинчерээк мурабаха келишими боюнча кардарга кайра сатуусу үчүн ФКМге сунуштап жана ага Товарды мурабаха келишими боюнча сатып алууга сөз бергендиги, ал эми ФКМ ал сунушту кабыл алуу менен Кардардын буйрутмасы боюнча ал үчүн ошол Товарды мурабаха келишими аркылуу сатып алууга милдеттенгендиктен, төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү

1. ФКМ ушул келишим тартибине жана шарттарына ылайык Товарды сатат, ал эми кардар ушул келишимдин 5. пунктунда көрсөтүлгөн Товардын сатууга карата баасы боюнча бөлүп-бөлүп төлөп берүү шартында сатып алат. Мында ФКМ, Товардын баасы толугу менен төлөнгөнгө чейин кардардын финансылык абалын текшерип туруу укугун өзүнө калтырат. 

2. Ажыратылган Товар менчик катары ФКМге тиешелүү болот жана ал азыркы учурга чейин эч кимге сатылган эмес, белекке берилген эмес, күрөөгө коюлган эмес, ижарага берилген эмес, кайтарымсыз пайдаланууга берилген эмес, талаш-тартышта (сотто) турбайт жана үчүнчү жактын укугу чегерилген эмес. 

3. Ажыратылган Товар ______________________учурдан тартып _____ күндүн ичинде, ФКМ тарабынан Кардарга кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүлүп берилет.  

Товарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына Тараптардын колу коюлган учурдан тартып, Товардын капилет кыйроого учурашы же бузулушу, ошондой эле алардын сакталышы жана кармалышына байланышкан бардык тобокелдиктер, Кардардын жоопкерчилигине өтөт, бул учурдан тартып ФКМ Товардын абалына жана сакталышына жооп бербейт. 

4. Кардар, Товарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюу менен сатылып алынган Товардын сапатына жана абалына өзүнүн макулдугун билдирет. Кардар Товарды кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол койбой койгон шартта, ФКМ ушул келишим шарттарын аткаруудан баш тартууга, аны бир тараптуу бузууга, андан кийин Товарды үчүнчү жакка сатууга жана күрөө жөнүндө келишимге ылайык белгилүү бир тартипте күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу. 

5. Тараптардын макулдашуусу менен Товарды сатуу баасы _____________ сом өлчөмүндө аныкталган, алардын ичинен: 

а) ___________________________________________  сомажыратылган Товардын ФКМ тарабынан сатылып алынышынын баасы, 

б) ___________________________________________  сомКыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган алымдардын, салыктардын жана жыйымдардын ФКМ тарабынан төлөнгөн суммасы, 

в) ___________________________________________  сомФКМ тарабынан Товардын сатылып алынышына жана ушул келишимдин түзүлгөндүгүнө байланыштуу келип чыккан, ФКМдин чыгашаларынын суммасы, 

г) ___________________________________________  сомбаага кошулган сумма. 

6. Кардар тарабынан ФКМге Товардын баасын бөлүп-бөлүп төлөп берүү шарты менен ушул келишимге Тараптардын колу коюлган учурдан тартып _____ ай ичинде, үзгүлтүксүз төлөө аркылуу төлөө графигине ылайык жүргүзүлөт. Кардар төлөмдөрдү ушул келишим боюнча төлөө графигине ылайык, ФКМдин кассасына накталай же анын эсебине ай сайын чегерүү аркылуу киргизет. Мында, акыркы эсептешүү 20__ «___»________ кечиктирилбестен жүргүзүлөт.  

7. Тараптар акыркы эсептешүү жүргүзүлгөн учурдан тартып, бири-бирине доосун артышпайт. Мында Тараптарга, эгерде алардын ортосунда талаш-тартыш келип чыккан болсо, Товардын ушул келишимде көрсөтүлгөн баасы баштапкы баа болуп саналаары билдирилген. 

8. Кардардын ушул келишим боюнча милдеттенмелеринин тиешелүү түрдө аткарылышы, келишим Тараптарынын жана ________________________(мындан ары текст боюнча- «Күрөө жөнүндө келишим») ортосунда түзүлгөн __________________ №___ күрөө жөнүндө келишим менен камсыз болот.  

9. Кардар тарабынан ушул келишимде каралган милдеттенмелер аткарылбай калган же талаптагыдай аткарылбаган учурларда ФКМ, күрөө жөнүндө келишимге ылайык белгиленген тартипте күрөөгө коюлган мүлктөн өндүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу. 10. Келишим, Тараптардын колу коюлган учурдан тартып күчүнө кирет. Товарга менчикке укук Тараптар тарабынан Товарды кабыл алуу- өткөрүп берүү актысына кол коюлган учурдан тартып, ФКМден Кардарга өтөт.  

11. Кардар бөлүп-бөлүп төлөп берүү шартында сатылган кезектеги төлөмдү төлөө графигинде белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн шартта, ал карыздын суммасынан_________________%, бирок каржылоо суммасынaн 20% ашпаган өлчөмдө, ар бир мөөнөтүнөн өткөрүлгөн күн үчүн үстөк айып төлөйт, ал ФКМ тарабынан көрсөтүлгөн же кардардын ыңгайына жараша коомдук кайрымдуулук фондунун дарегине кайрымдуулук максаттары үчүн жөнөтүлөт. 

12. Келишимдин мазмуну Тараптарга түшүндүрүлгөн, келишимдин бардык шарттары менен Тараптар таанышышты жана макул болушту. 

13. Тараптар ушул келишим кол коюу үчүн даярдалган тилде сүйлөй алышаарын, ишке жөндөмдүүлүктөрүн жоготуша электигин, ушул келишимдин маңызын түшүнүүгө жолтоо болуучу оорулардан алыс экендиктерин, ошондой эле өзүлөрүнө пайда алып келбеген бүтүмдөргө келишүүгө мажбурлаган жагдайлардын жок экендигин тастыкташат. 

14. Ушул келишимди түзүүгө байланышкан бардык чыгашаларды __________________________________________көтөрөт. 

15. Келишим __________тилде, Тараптардын ар бирине бирден, 2 нускада түзүлгөн. Бардык нускалар бирдей юридикалык күчкө ээ. 

 

Колтамгалар:  

1. ______________________________________________________ 

2. ______________________________________________________