КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

Бишкек шаары, 2012-жылдын 8-августу N 153 

Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө 

Ушул Мыйзам коррупцияга каршы аракеттенүүнүн негизги принциптерин, коррупцияны алдын алуунун жана аны менен күрөшүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин азайтуунун, жоюунун укуктук негиздерин белгилейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин жана коомдук кызыкчылыктарды коррупциянын көрүнүштөрүнөн келип чыгуучу коркунучтардан коргоону камсыз кылууга багытталган. 

1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр 

Коррупция - бийликтик ыйгарым укуктарга ээ болгон бир же бир нече кызмат адамдарынын айрым адамдар же топтор менен материалдык, кандай болбосун башка жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле алар тарабынан бул жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды жеке жана юридикалык жактарга берүү, коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарына коркунуч түзүүчү укукка каршы туруктуу байланыштарды түзүүдө атайылап жасалган жосун. 

Коррупцияга каршы аракеттенүү - мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коом институттарынын, уюмдардын жана жеке жактардын өз ыйгарым укуктарынын чектериндеги төмөнкү иши: 

1) коррупциянын алдын алуу, анын ичинде коррупцияны табуу жана андан ары коррупциянын себептерин четтетүү (коррупциянын алдын алуу) боюнча; 

2) коррупциялык укук бузууларды табуу, аларга бөгөт коюу, ачуу жана териштирүү (коррупция менен күрөшүү) боюнча; 

3) коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин азайтуу, жоюу боюнча; 

4) коррупциялык укук бузууларды табууга, алардын алдын алууга, аларга бөгөт коюуга, ачууда жана териштирүүгө көмөк көрсөтүү боюнча. 

2-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн укуктук негизи 

Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн укуктук негизин Кыргыч Республикасынын Конституциясы, конституциялык мыйзамдар, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормалары түзөт. 

3-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн негизги принциптери 

Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү төмөнкү негизги принциптерге негизденет: 

1) адамдын жана жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга жана коргоого; 

2) мыйзамдуулукка; 

3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачыктыгына жана айкындуулугуна; 

4) теги, жынысы, расасы, улуту, тили, туткан дини, саясий жана диний ишенимдери, же кандайдыр бир жеке же коомдук мүнөздөгү шарттары жана абалдары боюнча кандайдыр бир кодулоого, укугун жана эркиндигин кемсинтүүгө жол бербөөгө

5) инсандын жана жарандын аброюн, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоону камсыз кылууга; 

6) мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунун ишин регламенттөөнү, алардын ишинин мыйзамдуулугун жана маалымдуулугун, аларга мамлекеттик жана коомдук көзөмөлдөөнү укуктук жөнгө салууну камсыз кылууга; 

7) мамлекеттик аппараттын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аппаратынын түзүмүн, кадр иштерин жама мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын укуктарын жана эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуучу маселелерди чечүүнүн жол-жоболорун өркүндөтүүгө

8) жеке ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарды мындай иштерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилбеген жеке жана юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө жол бербөөгө

9) коррупциялык укук бузууларды жасаганы үчүн жоопкерчиликтин шексиздигине; 

10) коррупция менен байланышкан укук бузуулар менен күрөшүүдө көмөк көрсөткөн жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга; 

11) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар, жарандык коом институттары жана жеке жактар менен өз ара кызматташуусуна. 

4-берене. Коррупциялык укук бузуулардын субъекттери 

Коррупциялык укук бузуулардын субъекттерине төмөнкүлөр кирет: 

1) саясий, атайын жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жогорку администрациялык кызматтарын ээлеген адамдарды кошуп алганда, коррупциялык укук бузууларды жасаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы жана анын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматчылары; 

2) иши мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу же болбосо уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү (акциясы) бар мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын коррупциялык укук бузууларды жасаган жетекчилери, мамлекеттик кызматчыларга жана муниципалдык кызматтын кызматчыларына укукка каршы материалдык жана башка жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды берген алардын кызмат адамдарын жана кызматкерлерин кошуп алганда жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле тендердик комиссиялардын мүчөлөрү, Судьяларды тандоо боюнча Кеңештин мүчөлөрү

5-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу органдар 

1. Коррупцияга каршы аракеттенүүнү өз иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын чектеринде бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жүзөгө ашырууга милдеттүү. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мекемелердин жетекчилери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын жана ушул Мыйзамда каралган чаралардын колдонулушун камсыз кылышат. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын жетекчилери, ошондой эле жарандар коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу бөлүмдөргө көмөктөрдү жана зарыл жардамдарды көрсөтүшөт. 

2. Коррупциялык укук бузууларды табуу, аларды алдын алуу жана бөгөт коюу жана аларды жасоого күнөөлүү адамдарды өз компетенциясынын чектеринде жоопкерчиликке тартуу укук коргоо органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. 

6-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн уюштуруучулук негиздери 

1. Кыргыз Республикасынын Президенти коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктайт. 

Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жана башка адамдардын курамында консультациялык-кеңеш берүүчү органдар (мындан ары - коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы ишти координациялоо боюнча органдар) түзүлүшү мүмкүн. 

Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы ишти координациялоо боюнча органдардын чечимдери Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен ишке ашырылат. 

Коррупциялык укук бузуулар жасалганы жөнүндө маалыматтарды алганда, коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы ишти координациялоо боюнча органдар аларды мындай маалыматтарды текшерүү жана текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча мыйзамда белгиленген тартипте чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүп берет. 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мыйзамдарды кароону жана кабыл алууну камсыз кылат, ошондой эле алардын аткаруу бийлик органдары тарабынан өз ыйгарым укуктарынын чектеринде аткарылышын көзөмөлдөйт. 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коррупцияга каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлик органдарынын ортосунда негизги иш-милдеттерди жана милдеттерди бөлүштүрөт. 

4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана ал ыйгарым укук берген прокурорлор өз ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупция менен күрөшүү маселелери боюнча ишин координациялайт, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумундагы коррупциянын абалы жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана талдоону жүзөгө ашырат, көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугуна, улуттук коопсуздукка коррупциядан келип чыккан коркунучтардын даражасына баа берет, ал эми зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгынын кароосуна тиешелүү сунуштарды киргизет, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. 

5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттары же Интернет-ресурстар аркылуу калк арасында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча укуктук пропаганданы, билимдердин кеңейишин жана таралышын жүзөгө ашырат. 

6. Укук коргоо органдары, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары, мамлекеттик же муниципалдык кызматчылар тарабынан чектөөлөрдүн жана тыюу салуулардын, кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу жөнүндө же жөнгө салуу жөнүндө талаптар сакталбаганы же болбосо коррупцияга каршы аракеттенүү максатында белгиленген милдеттердин аткарылбаганы жөнүндө өздөрүнө белгилүү болуп калган фактыларды прокуратура органдарына жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдеттүү

7-берене. Коррупцияны алдын алуу боюнча чаралар 

Коррупцияны алдын алуу төмөнкү негизги чараларды колдонуу жолу аркылуу жүзөгө ашырылат: 

1) коомдо коррупциялык жүрүм-турумга карата келишпестикти калыптандыруу; 

2) ченемдик укуктук актылардын жана алардын долбоорлорунун коррупцияга каршы экспертизасы; 

3) мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, башка органдарда, мыйзамда айрым мамлекеттик же башка ачык ыйгарым укуктар берилген уюмдарда табылган бузууларды алдын алуу жана алардын себептерин четтетүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу максатында кварталына бир жолудан кем эмес ченемдик укуктук актыларды жараксыз, көрсөтүлгөн органдардын, уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерин же аракеттерин (аракетсиздигин) мыйзамсыз деп таануу жөнүндө соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдеринин натыйжалары боюнча укук колдонуу тажрыйбасынын маселелерин кароо; 

4) мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды жана мамлекеттик же муниципалдык кызматтын кызматтарын ээлөөгө талапкер жарандарга карата квалификациялык талаптарды мыйзамда белгиленген тартипте коюу, ошондой эле көрсөтүлгөн жарандар тарабынан берилген маалыматтарды белгиленген тартипте текшерүү

5) өз кирешелери, мүлкү жана мүлк мүнөзүндөгү милдеттенмелери жөнүндө маалыматты бербегени же болбосо билип туруп анык эмес же толук эмес бергени үчүн, ошондой эле өзүнүн жубайынын жана жашы жетелек балдарынын кирешеси, мүлкү жана мүлк мүнөзүндөгү милдеттенмелери жөнүндө билип туруп жалган маалымат бергени үчүн, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тизмекке киргизилген мамлекеттик же муниципалдык кызматты ээлеген адамды кызматынан бошотуу, мамлекеттик же муниципалдык ээлеген кызматынан четтетүү үчүн же ага карата юридикалык жоопкерчиликтин башка чараларын колдонуу үчүн негиз катары белгилөө

6) мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадр кызматынын тажрыйбасына аларга ылайык мамлекеттик же муниципалдык кызматчы тарабынан өздөрүнүн кызматтык милдеттерин узак, кынтыксыз жана натыйжалуу аткаргандыгына ылайык аны жогору турган кызматка дайындоодо, ага атайын наам, класстык чен, дипломатиялык ранг ыйгарууда же аны сыйлоодо милдеттүү түрдө эске алына турган эрежелерди киргизүү

7) коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына коомдук жана парламенттик көзөмөлдөө институттарын өнүктүрүү

8-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштеринин негизги багыттары 

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштеринин негизги багыттары төмөнкүлөр болуп саналат: 

1) коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү

2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча коомдук жана парламенттик комиссиялар менен, ошондой эле жарандар жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү механизмин түзүү

3) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды, ошондой эле жарандарды коррупцияга каршы аракеттенүүдө кыйла жигердүү катышуу үчүн тартууга, коомдо коррупциялык жүрүм-турумга терс мамиле түзүүгө багытталган мыйзамдык, администрациялык жана башка чараларды кабыл алуу; 

4) коррупцияга каршы стандарттарды киргизүү, башкача айтканда иштин тийиштүү жааты үчүн коррупцияны алдын алууну камсыз кылуучу тыюу салуулардын, чектөөлөрдүн жана уруксат берүүлөрдүн бирдиктүү тутумун белгилөө

5) жарандардын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалыматка жетимдүүлүгүн камсыз кылуу; 

6) коррупцияны алдын алуу боюнча чараларды артыкчылыктуу колдонуу: 

7) саясий, уюштуруучулук, маалыматтык-пропагандалык, социалдык-экономикалык, укуктук, атайын жана башка чараларды комплекстүү колдонуу; 

8) жалпыга маалымдоо каражаттарынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу; 

9) судьялардын көз карандысыздыгын жана сот ишине кийлигишпөө принциптерин сактоо; 

10) коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишин уюштурууну өркүндөтүү

11) мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өтөөнүн тартибин өркүндөтүү

12) мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн товарларды жөнөтүүгө, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө тапшырыктарды жайгаштырууда ак ниеттүүлүктү, ачыктыкты, ак ниеттүү атаандаштыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуу; 

13) негизсиз тыюу салууларды жана чектөөлөрдү, өзгөчө экономикалык иш жаатында четтетүү

14) мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү, мамлекеттик жана муниципалдык ресурстарды (анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык жардам көрсөтүүдө) пайдалануу тартибин, ошондой эле мындай мүлктү берүү жана аны ээликтен ажыратуу үчүн укукту берүү тартибин өркүндөтүү

15) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысынын жана социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу; 

16) коррупцияга каршы аракеттенүү жана коррупциялык жол менен алынган жана чет өлкөдө турган мүлктү издөө, конфискациялоо жана репатриациялоо жаатында укук коргоо органдары жана атайын кызматтар менен, финансылык чалгындоо бөлүмдөрү жана чет мамлекеттик башка компетенттүү органдар жана эл аралык уюмдар менен эл аралык кызматташууну чыңдоо жана кызматташуунун натыйжалуу формаларын өнүктүрүү

17) жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларында камтылган маселелердин чечилишин көзөмөлдөөнү күчөтүү

18) мамлекеттик органдардын иш-милдеттеринин бир бөлүгүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдарга, ошондой эле башка мамлекеттик эмес уюмдарга берүү

19) мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кесипкөй адистерди тартуу; 

20) коррупциянын себептерин четтетүү боюнча чараларды көрбөгөнү үчүн мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин жогорулатуу; 

21) мамлекеттик органдардын, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызматчыларынын администрациялык жана кызматтык нускамаларда, башка ченемдик укуктук актыларда чагылдырылуусу тийиш болгон иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын оптималдаштыруу жана конкреттештирүү

9-берене. Коррупциялык укук бузууларды жасоого карата тартуу максатындагы кайрылуулар тууралуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кабарлоо милдети 

1. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчы кайсы бир адамдардын ага коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу максатында кайрылган бардык учурлар тууралуу жалдоочунун (жумуш берүүчүнүн) өкүлүнө прокуратура органдарына, улуттук коопсуздук жаатындагы ыйгарым укуктуу органга же башка мамлекеттик органдарга жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү

2. Ал фактылар боюнча текшерүү жүргүзүлгөн же жүргүзүлүп жаткан учурларды кошпогондо, коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу максатындагы кайрылуулар жөнүндө кабарлоо мамлекеттик же муниципалдык кызматчынын кызмат орундук (кызматтык) милдети болуп саналат. 

3. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчы тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган кызмат орундук (кызматтык) милдеттерди аткарылбашы, аны мамлекеттик же муниципалдык кызматтан бошотууга же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтин башка түрлөрүнө тартууга алып келе турган укук бузуу болуп саналат. 

4. Коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу максатында ага кайрылган фактылар жөнүндө, башка мамлекеттик же муниципалдык кызматчылар тарабынан коррупциялык укук бузуулар жасалган фактылар жөнүндө, киреше, мүлк жана мүлк мүнөзүндөгү милдеттенме жөнүндө маалыматты бербегени же атайылап туура эмес же толук эмес маалыматты бергени жөнүндө жалдоочунун (жумуш берүүчүнүн) өкүлүнө, прокуратура органына же башка мамлекеттик органдарга кайрылган мамлекеттик же муниципалдык кызматчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттин коргоосунда турат. 

5. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчы кызыкчылыктардын кагылышынын пайда болуусунун бардык мүмкүндүктөрүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү

6. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчы кызыкчылыктардын кагылышынын пайда болгону жөнүндө же анын пайда болуу мүмкүндүгү ага белгилүү болоор замат өзүнүн түздөн-түз жетекчисине жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү

7. Эгерде мамлекеттик же муниципалдык кызматчыда кызыкчылыктардын кагылышына алып келген же алып келиши мүмкүн болгон жеке кызыкчылык пайда болгону жөнүндө белгилүү болуп калса, жалдоочунун өкүлү, кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу же жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү

8. Кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу же жөнгө салуу кызыкчылыктардын кагылышынын тарабы болуп саналган мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын кызматтык абалын белгиленген тартипте кызмат орундук (кызматтык) милдеттерин аткаруудан четтетүүгө жана (же) анын кызыкчылыктардын кагылышынын себеби болуп саналган пайдадан баш тартуусуна чейин кызмат ордунун же кызмат абалынын өзгөрүшүндө турушу мүмкүн. 

9. Кызыкчылыктардын кагылышынын тарабы болуп саналган мамлекеттик же муниципалдык кызматчы тарабынан кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу жана жөнгө салуу боюнча чаралар кабыл алынбаганы мамлекеттик же муниципалдык кызматчыны мамлекеттик же муниципалдык кызматтан бошотууга алып келе турган укук бузуу болуп саналат. 

10. Эгерде мамлекеттик же муниципалдык кызматчы баалуу кагаздарга, акцияларга (уюмдардын уставдык (чогултуу) капиталындагы катышуу үлүшүнө, пайларына) ээлик кылса, ал кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу максатында өзүнө тиешелүү болгон (уюмдардын уставдык (чогултуу) капиталындагы катышуу үлүшүнө, пайларына) баалуу кагаздарды, акцияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү

11. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелеринде, уюмдарында жана ишканаларында кызмат ээлеген кызматкерлер, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасында түзүлүүчү башка юридикалык жактардын кызматкерлери, мамлекеттик органдардын алдында коюлган милдеттерди аткаруу үчүн түзүлгөн юридикалык жактарда эмгек келишиминин негизинде өзүнчө кызмат ээлеген кызматкерлер, ушул Мыйзамдын 9-11-беренелерине ылайык кайсы бир адамдар ага коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу максатында кайрылган учурлар жөнүндө кабарлоого милдеттүү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, мекемелеринин, уюмдарынын жана ишканаларынын, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасында түзүлүүчү юридикалык жактардын ченемдик актыларында аныкталган тартипте кызыкчылыктардын кагылышын кандай болбосун мүмкүндүгүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү

Эскертүү. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчыда материалдык, кандай болбосун башка жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу, ошондой эле алар тарабынан бул жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды кызматтын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы жеке жана юридикалык жактарга берүүсүнүн максатында тигил же бул жосундарды жасоого чечкиндүүлүгүн козутуу коррупциялык укук бузууларды жасоого тартуу деп түшүнүлөт. 

10-берене. Коррупция менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүүчү адамдарды мамлекеттик коргоонун кепилдиктери 

1. Коррупция менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүүчү адам жөнүндө маалымат мамлекеттик жашыруун сыр болуп саналат жана коррупция менен күрөш жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын же соттун жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет. 

2. Коррупция көрүнүшүнүн фактылары жөнүндө билип туруп жалган маалымат билдирген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат. 

11-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка талапкер адамдарга карата коюлуучу атайын талаптар 

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка талапкер Кыргыз Республикасынын жарандары коррупциялык укук бузууларга жол бербөө максатында ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген чектөөлөрдү өзүнө ыктыярдуу кабыл алат. Мында алар тыюу салынган аракеттердин укуктук кесепеттери жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабардар кылынат. 

2. Чектөөлөрдү кабыл алуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеде чагылдырылат. Чектөөлөрдү кабыл албоо (толугу менен же жарым-жартылай) мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кабыл алуудан баш тартууга алып келет. 

12-берене. Каржылык көзөмөлдөө чаралары 

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка талапкер Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүнө менчик укугунда таандык болгон бардык кирешелер жана мүлктөр, анын ичинде мүлккө талап укугу жөнүндө маалыматтарды тиешелүү салык кызматы органдарына берет. 

2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, иштери мамлекеттик же жергиликтүү бюджеттен каржыланган же болбосо уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү (акциясы) бар мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин банк мекемесинде же каржы-кредиттик мекемелериндеги өз эсептеринин номерлери жана банк мекемесинин маалымдаректери жөнүндө эсептер ачылган учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө жашаган жери боюнча салык кызматы органдарына жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү

Мындай кабарлоо бербөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке алып келет. 

Салык кызматы органдарына келип түшкөн ушул беренеде каралган маалыматтар кызматтык жашыруун сырды түзөт. Бул маалыматтарды ачыкка чыгарган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат. 

13-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында коюлган милдеттерди аткаруу үчүн түзүлүүчү юридикалык жактарда эмгек келишиминин негизинде айрым кызматтарды ээлеген жаранга коюлуучу чектөөлөр 

1. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкача белгиленбесе, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн түзүлгөн юридикалык жактарда эмгек келишиминин негизинде айрым кызматтарды ээлеген кызматчыларга Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте тиешелүү мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызмат өтөгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн белгиленген чектөөлөр, тыюу салуулар жана милдеттер жайылтылат. 

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелеринде, уюмдарында жана ишканаларында кызматтарды ээлеген кызматчыларга, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, мыйзамдардын негизинде Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн башка юридикалык жактардын кызматчыларына, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн түзүлгөн юридикалык жактарда эмгек келишиминин негизинде айрым кызматтарды ээлеген кызматчыларга ушул Мыйзамда жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү беренелеринде белгиленген мамлекеттик кызматтын кызматын ээлеген адамдарга карата чектөөлөр, тыюу салуулар жана милдеттер алардын укуктук статусу менен шартталган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жайылтылат. 

14-берене. Коррупция үчүн шарттарды түзүүчү укук бузуулар жана алар үчүн жоопкерчилик 

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын төмөнкү аракети же аракетсиздиги коррупция үчүн шарттарды түзүүчү укук бузуулар болуп саналат: 

1) башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана юридикалык жактардын ишине укук ченемсиз кийлигишүү

2) өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жеке кызыкчылыктарын, жакын туугандарынын (ата-энесинин, балдарынын, жубайынын, ага-инилеринин жана эже-карындаштарынын (сиңдилеринин)) же өз кишилеринин (ага-инилеринин, эже-карындаштарынын (сиңдилеринин) жана жубайларынын балдарынын) кызыкчылыктарына тиешелүү маселелерди чечүүдө пайдалануу; 

3) адамга мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө жана кызматынан жогорулоодо мыйзамдарда каралбаган артыкчылыктарды берүү

4) жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тиешелүү болгон чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда аларга укук ченемсиз артыкчылыктарды берүү

5) өздөрү кызматта турган же аларга баш ийген, көзөмөлүндөгү же отчет берүүчү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин иштери боюнча жеке жана юридикалык жактарга ишенимдүү адам катары катышуу; 

6) расмий түрдө жайылтууга жатпаган жана мамлекеттик иш-милдеттерди аткарууда алынган маалыматты жеке же топтук кызыкчылыктарда пайдалануу; 

7) жеке жана юридикалык жактарга берилүүсү мыйзамда каралган маалыматтарды берүүдөн негизсиз баш тартуу, аны өз убагында бербөө, такталбаган же болбосо толук эмес маалыматтарды берүү

8) жеке же юридикалык жактардан берилүүсү мыйзамда каралбаган маалыматтарды талап кылуу; 

9) мамлекеттик же муниципалдык каржылык жана башка материалдык ресурстарды талапкерлердин жана коомдук уюмдардын шайлоо фонддоруна берүү, ошондой эле аларды жарандарга жана юридикалык жактарга мыйзам ченемсиз берүү

10) протоколдук жана башка расмий иш-чараларды өткөрүүдө ызаат көрсөтүү катары берилүүчү символдук белгилерди жана символдук сувенирлерди кошпогондо, жогору турган расмий адамдарга белектерди тартуулоо, материалдык жана башка жыргалчылыктарды берүү, кызматтан тышкаркы кызматтарды көрсөтүү

11) жогору же төмөн турган же болбосо кызмат же иши боюнча дагы башкача көз карандылыкта турган кызмат адамдары менен акчалай же башка мүлктүк мүнөздөгү кумар оюндарына катышуу; 

12) жеке ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу ыйгарым укуктарын мындай ишти жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактарга өкүлдөө, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамында башкача каралбаса, ошондой эле көзөмөлдөөнү берүү

2. Эгерде ал кылмыш катары жазалануучу жосундун белгилерин камтыбаса, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кандайдыр бир укук бузуулардын жасалышы, кийин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтан четтетүү менен ээлеген кызмат ордунан бошотууну кошуп алганда, тартипке чакыруу жаза чарага алып келет. 

15-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарында коррупциялык укук бузууларды чагылдыруу 

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпыга маалымдоо каражаттары мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын тутумунда коррупцияны эскертүүгө жана алдын алууга, адеп-ахлактык тазалык жана укуктук маданият жагдайын түзүүгө багытталган жарандык көз карашты калыптандырат. 

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коррупция көрүнүштөрүнүн фактылары жөнүндө элге жарыяланган маалыматтар боюнча коомчулукту кабарландырат. Ушул маалыматтар алгачкы ирет элге жарыяланган ошол эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. 

Жалпыга маалымдоо каражаттарына берилүүчү маалыматтар коррупция көрүнүшүнүн фактысын ырастаган же төгүнгө чыгарган мүнөздө болууга тийиш. 

16-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташуусу 

1. Кыргыз Республикасы БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясына, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өз ара кызматташуу шарттарында чет мамлекеттер, алардын укук коргоо органдары, атайын кызматтары, соттору жана эл аралык уюмдар менен төмөнкү максаттарда кызматташат: 

1) коррупция менен күрөшүү жаатында чет мамлекеттер, эл аралык жана башка өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташууну чыңдоо; 

2) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын чет мамлекеттердин ушуга окшогон түзүмдөрү менен өз ара аракеттенишүүлөрдү кеңейтүү коррупциялык иш-аракеттерди табуу, эскертүү жана аларга бөгөт коюу максатында биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашыруу; 

3) экономикада мамлекеттин катышуусунун, бухгалтердик эсептин эл аралык стандарттарын киргизүүнүн, кадрларды даярдоонун, коррупцияга каршы программаларды иштеп чыгууда өз ара аракеттенишүүнүн, пропагандалык чараларды иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун маселелери бөлүгүндө коррупция менен күрөшүү чөйрөсүндө улуттук мыйзамдарды жакындаштыруу; 

4) коррупциялык кылмыштарды жасоодо шек саналган (күнөөлөнгөн) адамдарды, алардын жүргөн жерин, ошондой эле коррупциялык жосундарга тиешеси бар башка адамдардын жүргөн жерлерин аныктоо; 

5) коррупциялык жосундарды жасоонун натыйжасында алынган же аларды жасоонун каражаты болуп кызмат кылган мүлктү табуу, кылмыштардан алынган кирешелерди далилдөө максаттары үчүн кылмыштарды жасоонун мүлкүн, каражатын же башка буюмдарды табуу же артынан түшүү

6) коррупцияга каршы аракеттенүү, "көмүскө экономика" жана коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык тажрыйбасын иликтөө, жалпылоо жана жайылтуу маселелери боюнча маалымат алмашуу; 

7) Кыргыз Республикасынын ички мыйзамдарына каршы келбеген жардамдын кандай болбосун башка түрлөрүн көрсөтүү

8) коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иштерди координациялоо. 

2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары коррупциялык укук бузууларды жасады деп күнөөлөнгөн (шек саналган) жарандык укук жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашабаган чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, чет өлкөлүк мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн эл аралык уюмдар, ошондой эле филиалдар жана өкүлчүлүктөр (чет өлкөлүк уюмдар) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке жатат. 

17-берене. Коррупцияны алдын алууну жана каршы аракеттенүүнү каржылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу 

Коррупцияны алдын алууну жана каршы аракеттенүүнү каржылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана кадрларды даярдоодо жана кайра даярдоодо, тажрыйба алмашууда, коррупцияга каршы чараларды жана программаларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын ишине колдоо көрсөтүү үчүн техникалык жана консультациялык жардам багыты боюнча донор өлкөлөрдүн тартылган ресурстарынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши мамлекеттик чыгымдардын негиздүүлүгүн жана максатка ылайыктуулугун аныктайт жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ишти каржылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга багытталган бюджеттик каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышына парламенттик көзөмөлдү жүзөгө ашырат. 

18-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

- ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн; 

- өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: 

- "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 5-мартындагы N 51 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., N 5, 217-ст.); 

- "Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-февралындагы N 71 Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., N 2, 144-ст.). 

  

Кыргыз Республикасынын Президенти 

  

А.Атамбаев 

  

  

  

2012-жылдын 28-июнунда 

  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган