КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

___________________________________________________________________________ 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбоорунун, «Кыргыз Республикасынын Банктык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун 

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИН ТАЛДОО 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаары, 2013-жыл 

 

 

 

 

 

Киришүү 

 

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-июлундагы Кыргыз Республикасында уруксат берүү- жөнгө салуу системасын оптималдаштыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы №509 “Ишкердик ишти лицензия-уруксат берүү жагында жөнгө салуунун ченемдик укуктук актыларын оптималдаштыруу жөнүндө”, ошондой эле 2007-жылдын 20-декабрындагы №603 “Ченемдик укуктук актылардын ишкердик субъектилеринин ишине жөнгө салуу боюнча таасир этүүлөрүнө талдап -иликтөөлөрдү жүргүзүү ыкмасы жөнүндө” токтомдоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарын оптималдаштыруунун жана модернизациялоонун эң жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, мамлекеттин, жарандык коомдун, ишкердик жана эл аралык укук субъектилеринин жана башка жеке адамдардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын сактоо менен жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасынын Банкты кодексинин долбоорунун жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Банктык кодексине колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун жөнгө салуу таасирлерине талдап-иликтөөлөр жүргүзүлгөн. 

Жөнгө салуучу таасирин талдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан, банктык коомчулуктун жана башка финансы-кредиттик уюмдардын, министрликтердин жана ведомстволордун, консультанттардын жана эксперттердин, Кыргызстан банктар бирлигинин, эл аралык финансылык уюмдардын (ЭФК, ЭВФ, Дүйнөлүк банк) өкүлдөрүнөн турган ведомство аралык жумушчу топтун материалдарын, жалпыланган сунуштарын жана сын-пикирлерин, эксперттик бүтүмдөрүн эске алуу менен жүргүзүлгөн.  

Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбоору банк иши жагында колдонуудагы мыйзамдарды механикалык бириктирүүнүн натыйжасы болуп саналбайт, ал сапаттуу жаңы концептуалдык ыкмаларды колдонуу менен банктык мыйзамдардын нормаларын кыйла эффективдүү кодификациялоо жана системага салуу үчүн даярдалгандыгын белгилей кетүү зарыл. 

Иштеп чыгуу мезгили: 2011-жылдын 10-октябрынан 2013-жылдын 20- февралына чейин. 

I. Көйгөйлөрдү чагылдыруу 

 

Банк сектору кайсы болбосун өлкөнүн экономикасынын маанилүү финансы-кредиттик түзүүчүсү болуп саналат, ал эми банк тутуму алгылыктуу акча жүгүртүлүшүн камсыз кылган, анын “негизги системасы” болуп саналат. Банктык мекемелер республиканын экономикалык коопсуздугунун финансылык түзүүчүлөрүн камсыз кылууга катышуу менен финансы-кредит мамилелерине жана төлөм системасынын ишине да катышышат.  

 

Коммерциялык банктар башка финансылык ортомчулардан экономикалык мүмкүнчүлүгү жагынан алдыга озуу менен финансылык ортомчулук системасында институционалдык планда башкы ролду ойнойт. Бирок, финансылык ортомчулук көрсөткүчүнүн алгылыктуу динамикасына карабастан, бул көрсөткүч салыштырмалуу төмөнкү деңгээлде калууда.  

2012-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында 23 коммерцилык банк жана алардын 278 филиалы иштеп турган.  

Кыргыз Республикасынын банк тутумунун 2012-жылдын 31-декабрына карата пайдасы 2,4 млрд. сомду түзгөн. Отчеттук жыл ичинде банк тутумунун суммардык активдери 87,4 млрд. сом чегинде түптөлгөн. Банктардын активдеринин негизги үлүшү (45,9%) кредиттик портфелге 40,1 млрд. сом туура келген. Активдердин ИДӨгө карата катышы отчеттук жылы 28, 7% түзгөн.  

Коммерциялык банктардын милдеттенмелеринин көлөмү 71,4 млрд. сомду түзсө, анын ичинде депозиттик базанын үлүшү 61,1% (43,6 млрд. сом) чегинде катталган.  

Кароого алынып жаткан жылдын 31-декабрына карата абал боюнча Улуттук банктан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынууга тийиш болгон банктык эмес финансы-кредиттик мекемелер (БФКМ) системасы төмөнкүлөрдү камтыган: адистештирилген финансы-кредиттик мекеме “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсы, 183 кредиттик союз, 320 микрофинансылык уюмдар жана (анын ичинде 4 микрофинансылык компания, 242 микрокредиттик компания жана 74 микрокредиттик агенттик) 306 алмашуу бюросу.  

2012-жылы БФКМдер тарабынан алынган чогуу алгандагы таза пайда 669,8 млн. сомду түзгөн. Регулятивдик отчетко ылайык БФКМдердин чогуу алгандагы активдери (отчеттук жылдын 31-декабрына карата абал боюнча) 20,4 млрд. сомду, анын ичинде кредиттик портфелдин өлчөмү 15,4 млрд. сомду (анын ичинде микрофинансылык уюмдардын кредит портфели 14,1 млрд. сомду) түзгөн. Отчеттук жылдын акырына карата абал боюнча 12 кредиттик союздун депозиттик лицензиясы бар болчу. Кредиттик союздардын катышуучуларынан тартылган депозиттердин көлөмү 51,3 млн. сом, ал эми башка ФКМдер алдындагы милдеттенмелер 639,9 млн. сом чегинде катталган.  

Регулятивдик отчетко ылайык 2012-жылы коммерциялык банктардын карыз алуучуларынын саны 155,7 миң адамды, микрофинансылык уюмдардыкы 417,8 миң адамды түзгөн; ал эми банк сектору боюнча аманатчылардын саны -790 миңге жакын адам болгон. 

Долбоор депозиттерди кабыл алууга лицензиясы бар банктык эмес финансы-кредит мекемелердин ишин кошо алганда, банк ишин жөнгө салууга багытталган, ошондой эле банктардын жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин, банктык кызматтарды керектөөчүлөрдүн, банктардын учурдагы сыяктуу эле, потенциалдуу кардарлары болуп саналышкан жеке адамдардын жана юридикалык жактардын (анын ичинде банктардын карыз алуучуларынын жана кредиторлорунун) ишин жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү орган катары Улуттук банкка да таасирин тийгизет.  

Банк чөйрөсүндө мамилелердин укуктук жактан сапаттуу жөнгө салынышы Кыргыз Республикасынын бүтүндөй экономикасы үчүн өзгөчө мааниге ээ.  

Кыргыз Республикасынын өткөн кылымдын 90-жылдарынын акырындагы жана 2000-жылдардын башталышындагы банктык мыйзамдары, эксперттердин баа берүүлөрү боюнча совет мезгилинен кийинки учур үчүн алдыңкылардын жана либералдуулардын бири болушкан. Прогрессивдүү банктык мыйзамдар 15 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын банк тутумунун түзүлүшүнө жана калыптанышына олуттуу салымын кошуу менен заманбап банк тутумун калыптандыруу жана банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногун түзүүнүн негизи болгон.  

Бирок, банктык мыйзамдардын колдонуудагы нормалары көбүнчө эскиргендигин, алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбадан артта калышкандыктарын, заманбап шарттарда ыргактуу арымда өнүгүп жатышкан банктык укуктук мамилелер чөйрөсүнө катышуучулардын учур талабына ылайык зарыл керектөөлөрүн канааттандыра албай калгандыгын, ушуга ылайык системалуу, комплекстүү жана концептуалдуу түрдө кайра карап чыгууга муктаж экендигин моюнга алуу зарыл. Мамлекеттин жана коомдун, банктардын жана алардын кардарларынын учур талабына ылайык керектөөлөрүнө, өлкөнүн бүтүндөй бүтүндөй өнүгүшүнө шайкеш келтирүү үчүн банктык мыйзамдарды мындан ары модернизациялоо жана жаңылоо үчүн убакыт келип жетти.  

Мында, Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдардын түздөн-түз негизин түзүшкөн колдонуудагы мыйзамдары ченем чыгаруу ишине ыраатсыз мамиле кылуунун, ар кандай кызыкчылыктардын мезгил-мезгили менен таасир этүүсүнүн жана макулдашылбаган оңдоолордун киргизилгендигинин натыйжасында, нормалар бири-бирине түздөн-түз каршы келгидей абалга келишкен, мында атаандаштык жана нормалардын карама-каршылыктардын орун алышы, же болбосо бул чөйрөдө коомдук мамилелерге объективдүү муктаж болгондордун мыйзам чегинде жөнгө салынбагандыгы (мыйзамдагы кемчиликтер) негизги көйгөй болуп саналат.  

Алсак, республикада банк ишин жөнгө салган жана Кыргыз Республикасынын Банк кодексинин долбоорунун негизин түзгөн негизги мыйзамдарга (Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" , “Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө”, “Банктык сыр жөнүндө” жана “Чет өлкө валютасындагы операциялар жөнүндө” мыйзамдары) алардын колдонуудагы мезгили ичинде жалпысынан 40ка жакын өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген

 

Мында, Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдардын түздөн-түз негизин түзүшкөн колдонуудагы мыйзамдары ченем чыгаруу ишине ыраатсыз мамиле кылуунун, ар кандай кызыкчылыктарды мезгил-мезгили менен жылдыруунун жана макулдашылбаган оңдоолордун киргизилгендигинин натыйжасында, нормалар бири-бирине түздөн-түз каршы келгидей абалга келишкен, мында атаандаштык жана нормалардын карама-каршылыктардын орун алышы, же болбосо бул чөйрөдө коомдук мамилелерге объективдүү муктаж болгондордун мыйзам чегинде жөнгө салынбагандыгы (мыйзамдагы кемчиликтер) негизги көйгөй болуп саналат.  

 

Жогоруда көрсөтүлгөндөндүн бардыгы тике же кыйыр түрдө төмөнкүдөй терс натыйжаларга алып келген: 

- калктын жана ишкерлердин банк тутумуна карата ишениминин начар болушуна; 

- коммерциялык банктарда орун алган көйгөйлөрдү эрте аныктоо жана ыкчам чечүү системасынын өнүкпөгүндүгү

- банктарга карата мыйзамдарда каралган таасир этүү чараларын эффективдүү колдонуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу; 

- коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин кредиторлор катары кызыкчылыктарынын жана укуктарынын корголбогондугу ж.б. 

- банктарды жоюу жана банкроттоо жол-жооболорунун натыйжасын жүргүзүлүшү, кредиторлордун укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушу, ошондой эле системалуу банктардын банкрот болушуна байланыштуу, системалуу тобокелдиктердин болушу.  

 

Бул мыйзам долбоорун кабыл албай коюу жогоруда аталган көйгөйлөрдүн  

чечилбеген бойдон калышына алып келет.  

 

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүү механизмдерин камтыган Банктык кодексин кабыл алуу зарылчылыгы, өлкөнүн банктык мыйзамдарын реформалоо жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын жана бүтүндөй республиканын мындан ары туруктуу жана илгери өнүгүшүн камсыз кылуу боюнча объективдүү шарт болуп саналат.  

 

II. Аларга ылайык, ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы зарыл болгон себептер 

 

Кыргыз Республикасынын банк сектору кардарларга сапаттуу банктык кызматтарды сунуштоо менен туруктуу, ишенимдүү жана кыйла натыйжалуу иш жүргүзүүсүнө мамлекет жана жарандык коом, ишкердик субъектилери, ички жана тышкы инвесторлор, эл аралык уюмдар да кызыкдар. Бул үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген жана бүтүндөй мыйзамдар менен айкалышкан банктык мыйзам зарыл болот.  

Колдонуудагы банктык мыйзамдарда кемчиликтерди жана карама каршылыктарды четтетүү, эскирген нормаларды жана жоболорду алып салуу жана четтетүү, банктык мыйзамдардын нормаларын жана жоболорун дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбага жана банктык укуктук мамилелер чөйрөсүнө катышуучулардын учур талабына ылайык зарыл керектөөлөрүнө дал келишине жетишүү максатында системалуу, комплекстүү жана концептуалдуу кайра карап чыгуу Банктык кодексти кабыл алуу үчүн зарыл болгон себептерден болуп саналышат.  

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына ылайык, республиканын экономикасынын бардык тармактарында мыйзам чыгаруу базасын реформалоону жүзөгө ашыруу болжолдонууда. Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбоору өлкө экономикасын маанилүү түзүүчүнүн бири катары, банк секторундагы прогрессивдүү кайра жаралууларга алып келген, банктык мыйзамдарды реформалоого багытталган. 

Кыргыз Республикасынын Банктык кодекси республиканын банктык мыйзамдарынын «флагманы» катары, банктар жана банк иши жөнүндө мыйзамдардын негиздерин ырааттуу аныктап, республиканын банктык мыйзамдарынын курамындагы ченемдик укуктук актылардын так иерархиясын, ошондой эле алардын бүтүндөй алганда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен катышын белгилөөгө тийиш.  

Банктык кодекс банк ишин жүзөгө ашыруунун негизги принциптерин аныктоого, банк ишин жүзөгө ашырууда жана жөнгө салууда келип чыккан мамилелердин так укуктук жөнгө салынышын аныктоого, банктарды жана белгиленген тартипке ылайык банктык кызматтарды сунушташкан башка жактарды түзүү, лицензиялоо тартибин жөнгө салууга багытталган. Банктык кодекс банктык укуктук мамилелерге катышуучулардын бири-бири менен жана тышкы субъекттер менен өз ара иш алып баруусунда алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин так аныктоого, ошондой эле банктык көзөмөлдүктү өз убагында камсыз кылууга жана анын натыйжалуулугун, анын ичинде консолидацияланган негизде арттырууга багытталган.  

Кыргыз Республикасынын Банктык кодекси, эң оболу банк ишине тиешелүү мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды ыңгайлаштырууга, алардын нормаларын системага салууга, орун алып турган ички карама-каршылыктарды жана коллизияларды, ошондой эле банк ишин укуктук жөнгө салуудагы кемчиликтерди четтетүүгө багытталган.  

Банктык кодекстин нормаларына банк тутумунун туруктуу ишин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктардын, банктардын кардарлары менен кредиторлорунун, ошондой эле банктар менен башка финансы-кредиттик уюмдардын жана алардын катышуучулары менен акционерлеринин таламдарынын ортосундагы зарыл балансты камсыз кылган тике аракеттер мүнөздүү

 

III. Ченемдик укуктук актынын сунушталган долбоору менен жетишилүүчү максаттар 

 

Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин негизин түзгөн бардык мыйзамдар концептуалдуу кайра каралып чыгуу менен эң мыкты дүйнөлүк стандарттарга ылайык оптималдаштырылып (анын ичинде банктык көзөмөл боюнча Базель комитети тарабынан, Европа уюмунун, КМШ өлкөлөрүнүн жаңы тажрыйбаларынын негизинде иштелип чыккан, эффективдүү банктык көзөмөлдүк жана жөнгө салуунун негизги принциптеринин акыркы редакциясын эске алуу менен), өз ара макулдашылган, ошондой эле банктык укуктук мамилелердин бардык катышуучуларынын учур талабына жараша талаптарына жана өтө зарыл керектөөлөрүнө ылайык модернизацияланган. Жаңы ченемдик укуктук актка жаңыдан түшүнүк берилген ченемдер киргизилди.  

 

Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин сунушталган долбоорунун негизги максаты болуп, Республиканын жарандык мыйзамдарын түзүүчү катары банктык мыйзамдардын институтун так аныктоо жана калыптандыруу, банктык укуктук мамилелерге негизги катышуучуларды, жүрүм-турум жана иштөө жагында негизги башкы принциптерди, так, ачык-айкын укуктарды жана милдеттерди, жөнгө салуу эрежелерин жана аларды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чараларын белгилөө саналат. 

 

Кыргыз Республикасынын Банктык кодексин, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Банктык кодексине колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамын кабыл алуу менен төмөнкүдөй максаттарга жетишүү болжолдонууда: 

- калыптанган банк тутумунун алгылыктуу тажрыйбасын бекемдөө жана аны андан ары өркүндөтүү жолдорун аныктоо; 

- банк мыйзамдарынын иерархиялык түзүмүн иретке келтирүү жана анын курамын жана артыкчылыктарын аныктоо; 

- банктык укуктук мамилелерге катышуучулардын укуктук статустарын тактоо, алардын өз ара мамилелерин, банк тутумунун ички сыяктуу эле, тышкы негизги мамилелерин аныктоо

- калктын жана ишкерлердин банк тутумуна карата ишенимин, ошондой эле алардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, бул чогуу алгандагы депозиттик базанын, чогуу алгандагы кредит портфелдин, нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүнүн ж.б. өсүшүнө алып келет.  

- коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин кредиторлор катары таламдарынын жана укуктарынын корголушу; 

- коммерциялык банктарда кыйла сапаттуу башкаруу, ички контролдук жана аудит үчүн шарттарды түзүү

- коммерциялык банктарда орун алган көйгөйлөрдү эрте аныктоо жана ыкчам чечүү системасын өнүктүрүү

- Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу. 

 

IY. Укуктук талдап-иликтөөлөр 

 

Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбоору төмөндөгү мыйзам актылардын негизинде иштелип чыккан:  

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;  

- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси;  

- Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;  

- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” мыйзамы

- Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамы

- Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамы;  

- Кыргыз Республикасынын “Банктык сыр жөнүндө” мыйзамы

- Кыргыз Республикасынын “Чет өлкө валютасындагы операциялар жөнүндө” мыйзамы;  

- Кыргыз Республикасынын “Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө” мыйзамы.  

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Банктык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамында жаңы ченемдик укуктук актынын күчүнө кирүү тартиби белгиленет. Банктар өз ишин Кыргыз Республикасынын Банктык кодексине шайкеш келтирүү үчүн кодекс колдонууга киргизилген күндөн тартып аларга алты айга чейинки мөөнөт бөлүп берүү каралган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк өз ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Банктык кодексине шайкеш келтирүүгө милдеттүү болушат.  

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларына (жалпысынан 30га жакын кодекстер жана мыйзамдар) тиешелүү оңдоолорду киргизүү каралган жана Банктык кодекстин нормаларын жарандык жана бүтүндөй алганда башка мыйзам актыларынын нормаларына шайкеш келтирүүгө багытталган.  

Кыргыз Республикасынын “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө”, “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттерди көрүү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын микрокаржылоо уюмдары жөнүндө”, “Кредиттик союздар жөнүндө” мыйзамдары байланыштуу мыйзамдар катары банктык мыйзамдык курамына кирет, бирок өзгөчө укуктук мамилелерди жөнгө салуучу, өз алдынча мыйзамдар катары кала беришет.  

Кыргыз Республикасынын Банктык кодекси бул мыйзамдар менен тиешелүү нормаларды камтыйт жана алар менен өз ара байланышта болот.  

Банктык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоого багытталган, кабыл алынуучу чаралардын максаттарында да Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин, айрыкча кредитке жана банктык аманатка (депозитке) тиешелүү бөлүктөрүн кайра карап чыгуу зарылчылыгы келип чыккан

Жаңы кабыл алынган ченемдик укуктук акт ал колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан укуктук мамилелерге карата колдонулат. Айрым укуктук мамилелерге өтмө мөөнөттөр колдонулат.  

Мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Банктык кодекске шайкеш келтирилгенге чейин республиканын кодекстери, мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары Банктык кодекстин жоболоруна карама-каршы келбегенине жараша колдонулат.  

 

Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбоорунун кабыл алынышы төмөнкү мыйзамдардын күчүн жоготкон катары таанууну талап кылат

1) Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы N59 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамы, мында аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган мыйзамдар да кошо алынат

2) Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 29-июлундагы N 60 "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамы, мында аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган мыйзамдар да кошо алынат

3) Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 23-июлундагы N 122 «Банктык сыр жөнүндө» мыйзамы, мында аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган мыйзамдар да кошо алынат

4) Кыргыз Республикасынын 1995-жылдын 5-июлундагы N 6-I «Чет өлкө валютасындагы операциялар жөнүндө» мыйзамы, мында аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган мыйзамдар да кошо алынат

5) Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 15-февралындагы N 14 «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө» мыйзамы, мында аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган мыйзамдар да кошо алынат. 

 

Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбоору, “Кыргыз Республикасынын Банктык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык укуктардын нормаларына каршы келбейт, кандайдыр бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык кесепеттердин келип чыгышына өбөлгө түзбөйт

 

Y. Экономикалык талдап-иликтөөлөр 

 

Бул мыйзам долбоорлорун кабыл алууда республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден сыяктуу эле, юридикалык жактардан жана жеке адамдардан да кандайдыр бир экономикалык сарптоолор каралбайт. 

Ишкер субъекттердин сарптоолору мурдагы деңгээлинде эле калат.  

Кыргыз Республикасынын Банктык кодексин кабыл алуудан күтүлүп жаткан натыйжалар: 

- банк тутумун чыңдоо; 

- акча-кредит саясатынын инструменттерин өркүндөтүү, экономиканы кредиттөөнүн эсебинен экономиканы монеттештирүүнү жогорулатуу; 

- өлкө калкынын жана ишкерлердин сапаттуу банктык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу; 

- банк секторунун экономикадагы ролун жогорулатуу жана Кыргыз Республикасында кредиттөөнүн көлөмүн көбөйтүү

- финансылык ортомчулук деңгээлинин мындан ары өсүшүн үчүн шарттарды түзүү

- төлөм системасын өркүндөтүү, нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү, анын натыжасында көмүскө жүгүртүү деңгээлин төмөндөтүү

- кредиторлордун укуктарын бекемдөө жана банктык кызматтардан керектөөчүлөрдүн маалыматтуулук деңгээлин жогорулатуу; 

- атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү жана коммерциялык банктардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу; 

- инвесторлордун, кредиторлордун жана аманатчылардын республиканын банк секторуна карата ишенимин чыңдоо; 

- банк секторуна узак мөөнөттүү жана арзан финансылык ресурстарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын финансы секторунун мындан ары өсүшүнө жана атаандаштык деңгээлинин колдоого алынышына өбөлгө түзгөн чет өлкө ресурстарын тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.  

Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбоорун кабыл алуу, ошондой эле башка иш-чараларды жүзөгө ашыруу банк секторун өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй болжолдуу көрсөткүчтөрүнө жетишүүгө өбөлгө түзөт: 

  

31.12.2012 

31.12.2013 

31.12.2014 

 

Факт  

(млн. сом) 

болжолдуу  

көрсөткүч

(млн. сом) 

болжолдуу 

көрсөткүч

(млн. сом) 

Өлкө ИДӨсү 

304 350 

333 862 

382 225 

Банк сектору

Активдер  

87 445 

95 513 

112 010 

Кредиттер 

40 105 

47 425 

56 171 

Депозиттер 

43 646 

52 023 

59 610 

 

 

 

 

Капитал (ТСК) 

15 886 

15 067 

16 398 

Пайда 

2 418,0 

2 248 

2 662 

ROA, % 

3,0% 

2,4% 

2,4% 

ROE, % 

18,5% 

14,9% 

16,2% 

 

 

 

 

  

31.12.2012 

31.12.2013 

31.12.2014 

ИДӨгө карат активдер 

28,7% 

28,6% 

29,3% 

 

 

 

 

Активдердин өткөн жылга 

салыштырганда өсүшү 

19 908 

8 068 

16 497 

Кредиттердин өткөн жылга 

салыштырганда өсүшү 

8 888 

7 320 

8 746 

Депозиттердин өткөн жылга 

салыштырганда өсүшү 

11,55 

8,4 

7,6 

* 2012-2014-жылдарга карата ОНРБСга ылайык банк секторунун негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолдоосу

 

 

 

YI. Көйгөйдү чечүүнүн альтернативдүү варианттары 

 

«Кандай болсо ошондой, башкача айтканда өзгөрүүсүз калтыруу» варианты 

Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында, иштеп чыгуучулар колдонуудагы банктык мыйзамдарды өзгөрүүсүз калтыруу, банк мыйзамдарынын нормаларынын айкын чындыктан четтешин, Кыргыз Республикасынын эл аралык банктык стандарттардан артта калышын жана натыйжада, банктык укуктук мамилелерге катышуучулардын заманбап керектөөлөрүнө дал келбөөчүлүгүн жана канааттандырылбастыгын, өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүгүнүн төмөн болушун болжолдойт деген тыянакка келишти.  

Ошондой эле укукту ишке ашыруу (банктык укуктук мамилелерге катышуучулар тарабынан банктык мыйзамдардын нормаларынын сакталышы, аткарылышы, колдонулушу, ошондой эле Улуттук банк тарабынан колдонулушу) көйгөйү чечилбеген бойдон калууда, мында нормалардан четтөө ыктымалдуулугу да орун алышы мүмкүн.  

 

«Жөнгө салуунун колдонуудагы нормаларын жокко чыгаруу» варианты 

Жөнгө салуунун колдонуудагы нормаларын жокко чыгаруу мүмкүн эмес, анткени банктык укуктук мамилелерди жөнгө салууда укуктук вакуум пайда болот.  

 

«Жана башка чечимдер» варианты 

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу жана кароого алынып жаткан көйгөйдү чечүүнүн ар кандай варианттарын талдап-иликтөөлөрдүн негизинде, долбоорду иштеп чыгуучулар Кыргыз Республикасынын Банктык кодекси башында турган сапаттуу жаңыртылган, ырааттуу координацияланган жаңы банктык мыйзамдарды кабыл алуу, ошондой эле республиканын башка мыйзам актыларын Банктык кодекстин жоболоруна ылайык келтирүү максатында, аларга тиешелүү оңдоолороду киргизүү зарылчылыгы чоң экендиги айдан ачык деген тыянак чыгарышты. 

 

YII. Консультациялар, макулдашуулар жана мүмкүн болуучу тобокелдиктер 

 

Ченемдик укуктук актылардын сунушталган долбоорлору боюнча консультациялар, талкуулоолор жана макулдашуулар таламдардын төмөнкү топтору боюнча ишке ашырылган

 

1) Банктар жана банктык операцияларды жүзөгө ашырышкан башка жактар

Банк коомчулугу, жалпысынан Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбоорун колдошот жана республиканын экономикасындагы анын ролуна жана маанисине алгылыктуу баа беришет. Банктар банк секторун реформалоо жана жаңы дем берүү үчүн ички жана тышкы инвесторлордун ишенимин бекемдөө, банктык технологияларды жана продукттарды өркүндөтүү жана өнүктүрүү үчүн Банктык кодекстин зарылчылыгын жана маанилүүлүгүн түшүнүшөт.  

Мыйзам долбоорун банк коомчулугу менен талкуулоо, мыйзам долбоорунун 5 версиясынын бир жарым жылдан ашыгыраак мезгилде иштелип чыгышына жана каралышына жараша эволюциялык мүнөзгө ээ болгон.  

2013-жылдын 8-февралында, ушул эле жылдын 11-февралынан тартып 15-февралына чейин жана 19-февралында, 22-февралында өткөн талкуулоолордун жана тегерек стол маектеринин жүрүшүндө банктар тарабынан тажрыйбалык иштерге негизденген, бир катар пайдалуу, олуттуу жана негиздүү сунуштар жана сын-пикирлер киргизилген. Банктар банктык укуктук мамилелердин негизги катышуучуларынын бири болушкандыктан, киргизилген ар бир сунуш өтө кылдаттык жана ынтызарлык менен каралган. 

 

 

 

 

2) Коомдук талкуулоо 

 

Мыйзам долбоорун коомдук талкуулоого Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык, банктар менен финансы-кредиттик мекемелер гана катышышпастан, бизнес-коомчулук, жарандар жана эл аралык уюмдар да катышышты. 

 

Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбоору, “Кыргыз Республикасынын Банктык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштырылган, ага бардык каалоочулар өз сунуштарын жана сын-пикирлерин калтыра алышат.  

Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбоору, “Кыргыз Республикасынын Банктык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору менен таанышкандан кийин банктар, бизнес-коомчулуктар жана башка юридикалык жактар жана жеке адамдар менен долбоорлорду талкуулоо боюнча бир нече жолугушууларды жана тегерек стол маектерин уюштурду.  

 

Бул мыйзам долбоорлору кабыл алынган шартта, кандайдыр бир уюштуруучулук, финансылык жана социалдык тобокелдиктер болбойт. 

 

Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбоору, “Кыргыз Республикасынын Банктык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкуулоо процессинде бардык келип түшкөн сунуштар жана сын-пикирлер мыйзам долбоорлорун жеткире иштеп чыгууда эске алынды. 

 

 

IX. Резюме 

 

Жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөрдөн улам, Кыргыз Республикасынын экономикасынын жана бүтүндөй өлкөнүн мындан ары туруктуу, илгери өнүгүүсүн камсыз кылган, республиканын банктык мыйзамдарын реформалоо боюнча объективдүү шарт катары Банктык кодексти кабыл алуу зарыл деген тыянак чыгарууга болот.  

 

Кыргыз Республикасынын Банктык кодексин, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Банктык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алуу төмөнкүлөрдү ишке ашырууга өбөлгө түзөт

- банктык мыйзамдардын иерархиялык түзүмүн аныктоого жана иретке келтирүүгө, анын курамын жана юридикалык жактан артыкчылык тартибин аныктоого

- банктык укуктук мамилелерге катышуучулардын укуктук статусун жана алардын өз ара мамилелерин, ошондой эле банктык укуктук мамилелерди жүзөгө ашырууда негизги жүрүм-турум жана ишкердик принциптерин аныктоого

- түрдүүчө окулушуна, коллизияга жана карама-каршылыктардын орун алышына жол бербөө максатында, банк мыйзамдарын түзүүчүлөрдүн бардыгын системага салууга жана айкалыштырууга

- калыптанган банк тутумунун алгылыктуу укук колдонмо тажрыйбасын бекемдөөгө жана аны андан ары өркүндөтүүнүн жолдоруна аныктоого

- банктык мйзамдардын жана ага байланыштуу мыйзамдардын топтолгон ченемдик укуктук актыларына талдап-иликтөөлөрдүн негизинде аларды өз ара байланыштуулугун камсыз кылууга

- экономика үчүн зарыл экендиги айдан-ачык болгон, банк ишинин айрым багыттарынын өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген, жеткире иштелип чыкпай калган мыйзам актылары чөйрөсүндө ишке демилге берүүгө.  

 

 

 

 

Жөнгө салуучу таасирин талдоого карата жыйынтыктоочу таблица 

 

 

Орган: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

ченемдик укуктук актылар долбоорлорунун аталыштары  

Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбоору,  

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Банктык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын долбоору 

бул ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы менен чечилиши болжолдонуп жаткан көйгөй

мамлекеттин жана коомдун, банктардын жана алардын кардарларынын, бүтүндөй өлкөнүн экономикалык өнүгүү жагындагы заманбап керектөөлөрүнө шайкеш келүүсү үчүн, банк мыйзамдарын мындан ары да модернизациялоо жана жаңылоо 

ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдаган жумушчу топ (Аты-жөнү, кызматы): 

А.М. Садыркулова - Улуттук банктын Юридика башкармалыгынын начальниги, жумушчу топтун жетекчиси

С.К. Шаршенов -Улуттук банктын көзөмөл блогунун куратору алдында иш алып барган эксперт

К.А. Темиров Юридика башкармалыгынын мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн начальниги 

Е.А. Букаренко Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын Көзөмөл методологиясы бөлүмүнүн начальниги 

Чалбаев С.А. Тышкы көзөмөл башкармалыгынын Банктарга тышкы көзөмөлдүк бөлүмүнүн начальниги 

Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн еызматкерлери, Кыргызстан банктар Бирлигинин өкүлдөрү (президенти -Абдраев А.К) да жумушчу топтун ишине тартылышты. 

ченемдик укуктук актыга баа берүү мөөнөттөрү (долбоорго баа берүү башталган жана аяктаган күн көрсөтүлсүн):  

2011-жылдын 10- октябрынан 2013-жылдын 20-февралына чейин  

долбоордун аракеттенүү чөйрөсүнө туура келген субъекттер

1) мамлекеттик органдар  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, башка мамлекеттик органдар, соттор  

2) мамлекеттик эмес органдар  

Банктар жана Улуттук банк тарабынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган финансы-кредиттик мекемелер 

3) жеке адамдар жана юридикалык жактар 

жеке адамдар жана юридикалык жактар 

долбоорду кабыл алуудагы сарптоолор (тартылган тараптар сыяктуу эле, бүтүндөй экономиканын чыгымдары камтылат), сом/АКШ доллары 

жок 

жок 

долбоорду кабыл алуудан күтүлүп жактан пайда (тартылган бардык тараптар үчүн сыяктуу эле, бүтүндөй экономика үчүн пайда камтылат), сом/АКШ доллары  

 

 

Пайдалар Жөнгө салуучу таасирин талдоодо чагылдырылган 

Пайдалар Жөнгө салуучу таасирин талдоодо чагылдырылган

Көйгөйдү чечүүнүн алтернативдүү варианттары:  

1) эч нерсе өзгөртүлбөсүн (кандай болсо ошондой калтырылсын)  

Жок, негиздеме Жөнгө салуучу таасирин талдоодо чагылдырылган 

2) жөнгө салуунун колдонуудагы нормалары жокко чыгарылсын 

Жок, негиздеме Жөнгө салуучу таасирин талдоодо чагылдырылган 

3) рынок механизмдеринин аракетинин негизинде кайра жөнгө салууларды жүргүзүү 

Жок, негиздеме Жөнгө салуучу таасирин талдоодо чагылдырылган 

 

 

3) башка чечимдер  

Сунушталган долбоорлорду кабыл алуу 

долбоорго өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду киргизүү зарылчылыгы (көрсөтүлсүн):  

Жөнгө салуучу таасирин талдоодо көрсөтүлгөн 

башка ченемдик укуктук актыларды түзүү/кайра карап чыгуу зарылчылыгы (көрсөтүлсүн)  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары 

ченемдик укуктук актынын долбоору боюнча сын-пикирлер:  

 

коомдук талкуу жүзөгө ашырылганбы (тиешелүүнүн алдын сызып кой)  

ооба  

жоопкерчиликтүү адамдык байланыш маалыматтары:  

Дареги:Бишкек шаары, Үмөталиев атындагы көчө, 101, 202өлмө, тел: 669005, 669032 

Аты-жөнү  

Темиров Канат Абайылдаевич, 

Шаршенов Сейитбек Кубанычбекович  

кызматы  

Мыйзам долбоорлору менен иштөө бөлүмүнүн начальниги 

Көзөмөл бөлүгүнүн куратору алдында укуктук маселелер боюнча эксперт 

Кол тамгасы 

 

Күнү, мөөрү