Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013 жылдын 

23-декабрындагы № 52\8 токтому. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” 

 

 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 26-апрелиндеги №60 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2002-жылдын 11-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2002-жылдын 25-октябрында №135-02 номеринде каттоодон өткөн №37/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана иши жөнүндө” жобого; 

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 31-январында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 5-мартында №27-07 номеринде каттоодон өткөн №5/1 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө” жобого; 

3) Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 10-июнунда №75-05 номеринде каттоодон өткөн №14/3 токтому менен бекитилген “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” жобого;  

4) Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2000-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2000-жылдын 15-декабрда №201 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №42/1 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого; 

5) Улуттук Банк Башкармасы 2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 токтому менен бекитилген “Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө” жобого 

2. Юридика башкармалыгы:  

- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяласын;  

- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын _______________№______токтомунун 2-барагы 

 

4. Иштеп турган микрокредиттик компаниялар ушул токтом күчүнө кирген күндөн кийинки он эки ай ичинде уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2002-жылдын 11-сентябрындагы №37/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана иши жөнүндө” жобонун 2.8-пунктунун талаптарына ылайык келтиришсин. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Улуттук банктын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын  

2013-жылдын “23” декабрында № 52\8 токтомуна карата тиркеме  

 

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2002-жылдын 11-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2002-жылдын 25-октябрында №135-02 номеринде каттоодон өткөн №37/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

 

1) Жобонун 1.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.3. Микрокредиттик компания - бул, Улуттук банктан алган күбөлүктүн негизинде, жеке адамдарды жана юридикалык жактарды улуттук валютада, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык (“мудараба” жана “кард хасан” бүтүмдөрү боюнча акча каражаттарын тартууну эске албаганда), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген чектөөлөрдүн чегинде юридикалык жактардын, уюштуруучулардын (акционерлердин) өздүк каражаттарынын жана карыздык каражаттарынын эсебинен, карызгер менен макулдашылган шарттарда микрокредиттөөнү (камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берет) жүзөгө ашырган коммерциялык адистештирилген кредиттик мекеме болуп саналган микрофинансылык уюм.». 

 

2) Жобонун 1.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин;  

 

«1.4. Микрокредиттик агенттик (МКА) бул, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамында белгиленгендерди эске албаганда, коммерциялык эмес уюм формасында түзүлгөн, Улуттук банктан күбөлүк алган жана жеке адамдарды жана юридикалык жактарды улуттук валютада, анын ичинде коммерциялык эмес уюмдун уставдык максаттарынын негизинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык (“мудараба” жана “кард хасан” бүтүмдөрү боюнча акча каражаттарын тартууну эске албаганда) микрокредиттөөнү жүзөгө ашырган, адистештирилген кредиттик мекеме.». 

 

3) Жобонун 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 1.5-пункт менен толукталсын

 

«1.5. «Микрофинансылык сектор үчүн системалык мааниге ээ МКК/МКАлар система түзүүчүлөр болуп саналышат. Системалык маанилүүлүк критерийи Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. Система түзүүчү МКК/МКАларга карата жөнгө салуунун жана көзөмөлдүктүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген атайын режими колдонулат».   

 

4) 2.4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

 

«2.4. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, жеке адамдар жана юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери же резидент эместери МККларды уюштуруучулардан (катышуучулар, акционерлер) жана МКАларды уюштуруучулардан (катышуучулар) боло алышат.  

 

5. Жобонун 2.7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

 

«2.7. МККнын же МКАнын уставында Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесинде белгиленген максаттарга жетүү маселелерин жөнгө салган жоболор, иш жүргүзүүнүн негизги аймагы, бир эле адамга же байланыштуу жактардын тобуна берилген микрокредиттин Улуттук банк тарабынан жаңы түзүлгөн МКК үчүн белгиленген максималдуу өлчөмү да (МКК үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн алты пайыздан ашпаган өлчөмдө) аныкталууга тийиш.  Бул чектөөлөр факторинг операцияларына таркатылат. Мында МКК жана МКАнын уставында Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптар сакталган шартта, бул чектөөнүн ашып кетиши да аныкталышы мүмкүн. Дүң кредиттөө менен иш алып барышкан микрофинансылык уюмдар (апекстик институттар), Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамында белгиленген микрофинансылык уюмдардын максаттарына ылайык, микрокредит алууга укугу бар карыз алуучулардын категориялары үчүн бир эле адамга берилүүчү микрокредиттин максималдуу өлчөмү ушул Жобонун 2.7-1-пунктунда каралган учурларды эске албаганда, өздүк капиталдын өлчөмүнүн он пайызынан ашпоого тийиш. Ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырып жатышкан компаниялар үчүн ислам каржылоо принциптери боюнча пландаштырылган ишин сүрөттөө талап кылынат.  

 

6) Жобонун 2.8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Микрокредиттик компаниялардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү кеминде 5 млн. сомду түзүүгө тийиш»

 

7) Жобонун 2.10-пунктунда

 

- Жобонун 2.10-пунктунун 6-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин

«6) МКК үчүн - билдирүү берилген күнгө коммерциялык банктагы топтоо эсебине минималдуу уставдык капиталдын өлчөмүндө акча каражаттардын салынгандыгын тастыктаган документ. Юридикалык жакты мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө уруксат алуу үчүн документтер берилген учурда МКК уюштуруучулары/катышуучулары ушул Жобонун 2.8-пунктуна ылайык, уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банкта ачылган топтоо эсебине салууга милдеттүү. Топтоо эсебиндеги каражаттар эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктү алганга чейин уюштуруучулар тарабынан кайсы бир максаттарга пайдаланылбайт»; 

 

- пункт төмөнкү мазмундагы 7-пунктчасы менен толукталсын

«7) уюштуруучулардын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого өбөлгө түзүүчү маалыматтар». 

 

8) Жобонун 2.16-пунктунда

- биринчи сүйлөмдөгү «10» деген сан «3» деген санына алмаштырылсын

- экинчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Улуттук банк билдирүүлөрдү жана бардык талап кылынуучу документтерди кароо мезгилин 10 жумуш күнүнө узарта алат». 

 

9) Жобонун 3.1-пункту төмөнкү мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын

 

«6) МКК жана/же МКАнын башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн тизмеси, МКК жана/же МКАнын иш тартиби». 

 

10) Жобонун 4.1-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

 

«МКК жана/же МКАлардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн чет мамлекеттердин аймагындагы иши алар ачылган өлкөнүн мыйзам актыларынын жана/же мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат». 

 

11) Жобонун 4-1.1пункту төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:  

 

«МКК жана/же МКАнын аталышын өзгөртүү Улуттук банк менен алдын-ала макулдашылгандан кийин жүзөгө ашырылат.». 

 

12) Жобонун 4-1.2пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

«4) МКК үчүн - билдирүү берилген күнгө коммерциялык банктагы эсебиндеги уставдык капиталды көбөйтүү эсебине акча каражаттарынын толук өлчөмдө салынгандыгын тастыктаган документ (уставдык капитал көбөйтүлгөн шартта) жана уюштуруучулар тарабынан күбөлөндүрүлгөн, МККнын уставдык капиталын көбөйтүү эсебине салынган акча каражаттарынын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматтар;». 

 

13) Жобонун 7.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

 

«7.1. МКК төмөнкү банктык операцияларды кошумча жүзөгө ашыра алат, мында бул операциялар Улуттук Банк Башкармасынын 2007-жылдын 31-январындагы №5/1 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө” жобого ылайык алынган лицензияда көрсөтүлүшү шарт. 

 

1) карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг); 

2) банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөр микрокредиттик компанияда кардарларга эсеп ачуусуз эле

3) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык өз атынан чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу».  

 

14) Жобонун 7.4-пунктундагы “7.1 жана 7.2-пункттарда көрсөтүлгөн” деген сөздөр жана сандар төмөнкү сөздөргө жана сандарга алмаштырылсын: “ушул Жобонун 7.1-пунктунда көрсөтүлгөн”. “Же МКА” деген сөз алынып салынсын. 

 

15) Жобонун 7.6 пунктундагы “же МКА” деген сөз алынып салынсын

16) Жобонун 7.8-пунктундагы:  

- биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин

 

«МККга карыздык милдеттенмелерди (факторинг) сатып алуу жана сатуу боюнча банктык операцияларды жүзөгө ашыруу, банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызматтарды сунуштоо - МККда кардарлардын эсебин ачуусуз эле, чет өлкө валютасын өз атынан сатып алууга жана сатуу укугуна лицензия берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн” 

 

- 2-пунктчадагы «же МКА» деген сөз алынып салынсын

- 3-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин

 

«3) факторинг боюнча операцияларды жүргүзүүгө, банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызматтарды сунуштоо - МККда кардарлардын эсебин ачуусуз эле, чет өлкө валютасын өз атынан сатып алууга жана сатуу укугуна лицензия алуу үчүн жеткиликтүү экономикалык негизди камтыбаган бизнес пландын сунушталышы”. 

 

17) Жобонун 7.9-пунктундагы «же МКА» деген сөз жана «жана 7.2-п» саны алынып салынсын. 

 

18) Жобонун 7.10-пунктундагы: 

- биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин

«Карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг) боюнча банктык операцияларды жүзөгө ашыруу, банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызматтарды сунуштоо - МККда кардарлардын эсебин ачуусуз эле, чет өлкө валютасын өз атынан сатып алууга жана сатуу укугуна лицензия төмөнкү учурларда кайтарылып алынышы мүмкүн»;  

- бешинчи абзацтагы «же МКА» деген сөз алынып салынсын. 

19) 7.2-пункт алынып салынсын. 

20) Жобонун 7.3 жана 7.10-пункттар тиешелүүлүгүнө жараша 7.2 жана 7.9-пункттар катары саналсын.  

 

21) Жобонун 7өлүгү төмөнкү мазмундагы 7.10-пункт менен толукталсын

 

«7.10. МКК же МКА акционердик коом формасындагы МКК тарабынан чыгарылган акцияларды эске албаганда, баалуу кагаздарды чыгаруу, ошондой эле, финансылык лизинг операцияларын эске албаганда, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 33-беренесинде каралбаган башка банктык операцияларды да жүзөгө ашыруу укуктарына ээ эмес». 

 

20) Жобонун 8.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

 

«8.2. МКК жана МКА Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык алардын катышуучуларынын (акционерлеринин) чечими боюнча жоюлушу мүмкүн, мында МКК/МКА лицензиясынын же күбөлүгүнүн түп нускасын белгиленген мөөнөттө Улуттук банкка берүүгө жана лицензияда жана/же күбөлүктө каралган операцияларды жоюу тууралуу чечим кабыл алынган учурдан тартып жүзөгө ашырууну токтотууга тийиш. 

Уюмду жоюу боюнча милдеттер, анын ичинде Улуттук банк тарабынан МККнын же МКАнын лицензиясы же күбөлүгү кайтарылып алынышында, анын катышуусуна (акционерлерине) же төлөөгө жөндөмсүздүк (банкроттук) учурларды эске албаганда, уюмдун уставында жоюуга ыйгарым укук чегерилген башкаруу органдарына жүктөлөт.  

21) Жобого карата 1-тиркеме “Жетектөөчү кызматтагы кызматкерлердин тизмеси” (Кредиттик бөлүмдүн жетекчисинин, башкы бухгалтеринин, начальнигинин аты-жөнү) деген сөздөрдөн кийин төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын “, ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган компания үчүн Шариат кеңешинин мүчөлөрү тууралуу Улуттук банктын ченемдикукуктук актыларынын талаптарына ылайык келген маалымат. ” 

22) Жобого карата 5-тиркемеде

 

- 5-тиркеменин 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

«2. Банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөр микрокредиттик компанияда кардарларга эсеп ачуусуз эле»; 

 

- төмөнкү мазмундагы 3-пункт менен толукталсын

 

«3. Улуттук банктын ченемдикукуктук актыларына ылайык өз атынан чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу». 

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 31-январында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 5-мартында №27-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн, №5/1 “Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

 

1) Жобонун 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

«1.1. Улуттук банктан лицензия алган жана юридикалык жактарды жана жеке адамдарды микрокредиттөөнү жана Кыргыз Республикасынын “Микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамында каралган операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартууну жүзөгө ашырышкан, акционердик коом формасында түзүлгөн, адистештирилген финансы-кредиттик мекеме, микрофинансылык компания болуп саналат”. Микрофинансылык компаниялар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын негизинде, операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга укуктуу

2) Жобонун 1.2-пунктундагымикрокредит” деген сөз “микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөр деген сөздөргө алмаштырылсын

 

3) Жобонун 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 1.4-пункту менен толукталсын

«1.4. «Микрофинансылык сектор үчүн системалык мааниге ээ микрофинансылык компаниялар система түзүүчүлөр болуп саналышат. Системалык маанилүүлүк критерийи Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. Система түзүүчү микрофинансылык компанияларга карата жөнгө салуунун жана көзөмөлдүктүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банк тарабынан белгиленген атайын режими колдонулат».   

4) Жобонун 2.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

«2.3. Жеке адамдар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын резиденттери же резидент эместери микрофинансылык компаниянын уюштуруучуларынан жана акционерлеринен боло алышат, мында юридикалык жактын аны контролдоочу же ал тарабынан контролдонуучу же аны менен жалпы контролдукта турган кайсы болбосун башка юридикалык жактын үлүшү менен биргеликте микрофинансылык компаниянын добуш берүүчү акцияларынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. Бул чектөө Улуттук банктын талаптарына ылайык келген шартта, банктык жана/же финансылык иш менен алектенген юридикалык жакка, ошондой эле чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмга таркатылбайт». 

 

5) Жобонун 2.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

 

«2.4. Уюштуруучулардан болушкан юридикалык жактар мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн болууга, туруктуу финансылык абалга ээ болууга жана кеминде эки жыл ичиндеги салыктарды жана ага барабар төлөмдөрдү төлөө боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга тийиш (үч жылдан ашык иштешкен уюштуруучулардан болушкан юридикалык жактар үчүн).    

Төмөндөгү бир же бир нече белгилерге дал келген адамдар микрофинансылык компаниянын уюштуруучусу же акционери (катышуучу) болуусуна жол берилбейт: 

1) уюштуруучунун же акционердин финансылык кудуретсиздиги (банкроттугу)»; 

2) уюштуруучунун же акционердин (катышуучунун) финансылык же экономикалык кылмыш чөйрөсүндө мыйзамда белгиленген тартипте алынып салына элек же төлөнө элек соттолгондугу болгон болсо; 

3) уюштуруучуга же акционерге (катышуучуга) карата банк ишин жүзөгө ашырууга тыюу салган, соттун чечими бар болсо

4) оффшордук аймакта катталган же ушундай аймактарда катталган адамдар жана/же аффилирленген жактар, же болбосо тизмеси Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук аймакта жашаган жеке адамдар катышуучусу болуп саналган юридикалык жактар

5) оффшордук аймактардын резиденттеринен болуп саналышкан, тизмеси Улуттук банк тарабынан белгиленген оффшордук аймакта жашашкан жеке адамдар

6) акчанын изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча эл аралык уюмдардын сунуш-көрсөтмөлөрүн колдонушпаган жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында эл аралык кызматташууга катышышпаган мамлекеттерде катталган же ушундай өлкөдө катталган адамдар жана/же аффилирленген жактар, же болбосо тизмеси Кыргыз Республикасынын терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген ошол мамлекеттердин аймагында жашашкан жеке адамдар катышуучусу катары саналган юридикалык жактар

7) акчанын изин жашырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча эл аралык уюмдардын сунуш-көрсөтмөлөрүн колдонушпаган жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында эл аралык кызматташууга катышышпаган мамлекеттердин резиденти болуп саналган жана/же ушундай мамлекетте жашаган адамдар булардын тизмеси Кыргыз Республикасынын терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген ошол мамлекеттердин аймагында жашашкан жеке адамдар катышуучусу катары саналган жеке адамдар

8) Кыргыз Республикасы да кошулган эл аралык уюмдардын бул мамлекеттердин жеке адамдары жана юридикалык жактары менен кызматташууга тыюу салууларды жана/же чектөөлөрдү караган санкцияларды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынган мамлекеттерде катталган жана/же ушул мамлекеттерде катталган адамдар жана/же аффилирленген жактар катышуучусу болуп саналган юридикалык жактар. Тышкы иштер чөйрөсүндө ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органы Улуттук банктын талабы боюнча эл аралык санкциялар тууралуу маалыматты сунушташат

9) Кыргыз Республикасы да кошулган эл аралык уюмдардын бул мамлекеттердин жеке адамдары жана юридикалык жактары менен кызматташууга тыюу салууларды жана/же чектөөлөрдү караган санкцияларды колдонуу жөнүндө чечими кабыл алынган мамлекеттердин резиденттеринен болуп саналышкан жана/же ошол мамлекеттердин аймагында жашашкан жеке адамдар. Тышкы иштер чөйрөсүндө ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органы Улуттук банктын талабы боюнча эл аралык санкциялар тууралуу маалыматты сунушташат. 

6) Жобонун 3.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:  

 

«3.2. Микрофинансылык компания Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен төмөнкүдөй банктык операцияларды жүзөгө ашыра алат:  

 

1) камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү

2) кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан кайтарымдуулук шарттарында мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу

3) карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг); 

4) финансылык лизинг боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу, мында микрофинансылык компания мүлктү сунуштоочунун же анын ээсинин мүлкүнүн сатылышын андан сатып алуу жана сатып алуучуга кредит шарттарында сатуу аркылуу каржылоо менен, мүлктү сунуштоочу менен мүлк ээсинин ортосундагы ортомчу катары иш алып барат

5) банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу микрофинансылык компанияда кардарларга эсеп ачуусуз эле

6) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, чет өлкө валютасын өз атынан сатып алуу жана сатуу

7) бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн микрокредит (лизинг) менен чогуу алгандагы нормативинен ашпаган өлчөмдө гарантияларды берүү

8) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык микрокаржылоо кызматтарын сунуштоо. Мында, компания кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кайтарымдуулук шарттарында кабыл алууга лицензиясы болгон шартта гана «Мудараба» жана «Кард Хасан» бүтүмдөрү боюнча каражаттарды тартууга укуктуу.  

Улуттук банктын кошумча лицензиясы (лицензияда көрсөтүлсө) болгон шартта микрофинансылык компания ушул пункттун 1-3 жана 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн операциялардын бардыгын же айрымдарын гана чет өлкө валютасында жүзөгө ашырууга укуктуу.  

Микрофинансылык компаниянын карыз алуучусу (лизинг алуучу) же карыз алуучулар тобу микрокредиттин негизги суммасы, пайыздар жана (же) микрокредитти төлөөгө байланыштуу башка төлөмдөрдү кошо алганда, кредит кайсыл валютада алынса, ошол валютада, б.а чет өлкө валютасында сыяктуу эле, улуттук валютада төлөй алат. Мында карыз алуучу (лизинг алуучу) же карыз алуучулар тобу микрокредиттик (лизинг) төлөөгө улуттук валютадагы төлөмдөрдү, чет өлкө валютасынын, эгерде келишимде башка курс белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аныкталган төлөө күнүндөгү расмий курсу боюнча жүзөгө ашырылат.  

 

7) Жобонун 3.11-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын

 

«Бул тыюу салуу туунду банктарга же туунду микрофинансылык компанияларга, эгерде алар негизги (башкы) банктардын же микрофинансылык уюмдардын (башкы) аталышын алып жүрүшсө, таркатылбайт.». 

 

8) Жобонун 3-бөлүгү төмөнкү пункттар менен толукталсын

 

- төмөнкү мазмундагы 3.12-пункт менен

 

«3.12. Микрофинансылык компания, анын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан жеринде алардын аталышы жазылып турууга тийиш.». 

 

- төмөнкү мазмундагы 3.13-пункт менен

 

«3.13. Микрофинансылык компания, анын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан орду өзгөргөн шартта, каттоодон өткөртүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына бул тууралуу өз убагында маалымдоого тийиш.». 

 

9) Жобонун 4.2-пунктунун 8-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин

 

«8) Шариат кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалыматты кошо алганда, МФКнын кызмат адамдарынын тизмеси (ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан компания үчүн), ошондой эле алардын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келишин тастыктаган анкеталар жана маалыматтар;».  

 

10) Жобонун 4.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

 

«4.6. Чет өлкө валютасындагы камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү укугуна; ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан компаниялар үчүн «Мудараба» жана «Кард Хасан» (каражаттарды тартуу) бүтүмдөрүн кошо алганда, кардарлардын чет өлкө валютасындагы жыйымдарын топтоо максатында, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кайтарымдуулук шарттарында кабыл алууга; чет өлкө валютасында карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатууга (факторинг); бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн микрокредит менен чогуу алгандагы нормативинен ашпаган өлчөмдө, чет өлкө валютасындагы гарантияларды берүүгө; чет өлкө валютасын өз атынан сатып алууга жана сатууга кошумча лицензия алуу үчүн Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына төмөнкү документтер эки нускада сунушталат:   

1) кошумча лицензияны талап кылган, операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат;  

2) уюштуруучунун чечиминин же акционерлердин жалпы чогулушунан протоколдун түп нускасы же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, аларда кошумча лицензияны талап кылган операцияларды жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим/кошумча лицензияны талап кылган бир нече операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиялар камтылат;   

3) МФКнын уставынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, анда кошумча лицензияны талап кылган операциялардын жүзөгө ашырылышы/кошумча лицензияны талап кылган бир нече операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиялар каралган;   

4) кошумча лицензияны талап кылган операциялардын жүзөгө ашырылышын/кошумча лицензияны талап кылган бир нече операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияларды эске алуу менен иштелип чыккан бизнес-план;   

5) МФКнын уюштуруу түзүмү жөнүндө маалыматтар;   

6) каражаттардын МФКнын уставдык капиталы катары коммерциялык банктагы топтоо эсебине салынгандыгын тастыктаган документ (ушул Жобонун 2.6-пунктуна ылайык);   

7) аудитордук уюмдун уюштуруучулардын финансылык абалы тууралуу корутундусу же алардын финансылык жактан ийгиликтерин тастыктаган башка маалыматтар;   

8) лицензиялык жыйымдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнгөндүгүн тастыктаган документ” 

МФК аманатчы менен макулдашылган шартта, өз атынан депозиттерди тартуу укугуна лицензия алуу учурунда ушул Жобонун 4.6-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамында каралган документтерди банктык лицензияны алуу үчүн сунуштайт, мында МФКнын жайлары, анын ичинде филиалдарынын жайлары да техникалык чыңдалышы, жабдылышы, өрт коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жана Улуттук банктын 2010-жылдын 11-февралындагы N 97/24-0 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасында банктардын, финансы-кредиттик мекемелердин техникалык чыңдалышы жана аларды коргоо тартиби боюнча бирдиктүү талаптар жөнүндө” нускоодо белгиленген талаптарга ылайык келүүлөрү тийиш, бул тууралуу МФК менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда тиешелүү актылар түзүлүүсү зарыл.  

 

11) Жобонун 4.11-пунктундагы «отуз календардык күн» деген сөздөр «эки ай» деген сөзгө алмаштырылсын.   

 

12) Жобонун 5.2-пунктундагы «отуз календардык күн» деген сөздөр «эки ай» деген сөзгө алмаштырылсын.   

 

13) Жобонун 7.1-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын

 

«МФК филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн чет мамлекеттин аймагында жүргүзгөн иши, алар ачылган өлкөнүн мыйзамдарынын жана/же мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.». 

 

14) Жобонун 7.5-пунктунун биринчи абзацында “Улуттук банкка билдирилген” деген сөздөр «ачылышына документтерди Улуттук банкка сунуштоо» деген сөздөргө алмаштырылсын

 

15) Жобонун 9.7.2-пункту төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын

«Уставдык өлчөмү көбөйтүлгөн шартта, уюштуруучулардын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого өбөлгө түзгөн маалыматтар сунушталат». 

 

16 Жобонун 9.8.5-пунктундагыбешдеген сөз үч деген сөзгө алмаштырылсын

 

17) Жобонун 9.8.6-пунктундагыбешдеген сөз үч деген сөзгө алмаштырылсын

 

18) Жобонун 10.2-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

 

Микрофинансылык компанияны жоюу, анын ичинде Улуттук банк тарабынан лицензиясы кайтарылып алынышы учурунда милдеттери анын катышуучуларына (акционерлерине) же микрофинансылык уюмдун уставы менен ыйгарым укук чегерилген башкаруу органына жүктөлөт, мында төмөнкү учурлар эске алынбайт

- төлөөгө жөндөмсүз (банкроттук) шартында микрофинансылык уюм Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамына ылайык жоюлат

- мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларды жоюу Кыргыз Республикасынын “Банктарды банкроттоо жана жоюу жөнүндө” мыйзамына ылайык жүзөгө ашырышат.  

 

19) Жобого карата 3-тиркеменин 7-пунктундагы “Директорлор кеңеши” деген сөздөн кийин “Шариат кеңеши” деген сөздөр менен толукталсын.  

 

20) Жобого карата 4-тиркеменин 13-пунктундагы “Директорлор кеңеши” деген сөздөн кийин “Шариат кеңеши” деген сөздөр менен толукталсын 

 

21) Жобого карата 7-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин

 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы  

МФКларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү  

жана жоюу жөнүндө жобого карата  

7-тиркеме 

 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/5 токтомунун редакциясында)   

   

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

   

Улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна  

N ______  ЛИЦЕНЗИЯ  

 

"___" _____________ 200__ ж.   

   

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы миркофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, жакырчылыкты жоюу, жумуштуулук деңгээлин жогорулатуу, ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана калайык-калкты социалдык жактан мобилизациялоо үчүн микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды сунуштоо максатында түзүлгөн микрофинансылык компания ____________________________________________________________________________   

(толук аталышы)   

 

МФКнын юридикалык дареги ________________________________________ _______________________________________________________________________   

(кыскартылып аталышы)   

1. Бул лицензия төмөнкү айрым операцияларды жүзөгө ашырууга уруксат берет:    

1.1) камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү;   

1.2) кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кайтарымдуулук шарттарында мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу;  

1.3) карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг);   

1.4) банк менен агенттик келиишм боюнча чекене банктык кызмататрды жүзөгө ашыруу микрофинансылык компанияда кардарларга эсептерди ачуусуз эле;   

1.5) бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн микрокредит (лизинг) менен чогуу алгандагы нормативинен ашпаган өлчөмдө гарантияларды берүү» 

 

2. Айрым банктык операцияларды жүргүзүүгө чектөө баракчалары ушул лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.   

Лицензия Улуттук банктын Төрагасынын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары кол койгондон тартып күчүнө кирет.   

Лицензия анда түздөн-түз чагылдырылган операцияларды жүзөгө ашыруу укугун сунуштайт.   

Лицензия ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Ушул лицензиядан улам келип чыкан укуктар үчүнчү жактарга берилбейт. 

   

Мөөр 

   

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары 

   

 

  

22) Жобого карата 8-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин

 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы  

МФКларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү  

жана жоюу жөнүндө жобого карата  

8-тиркеме 

   

Улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна 200__жылдын “___”_________ берилген №_______ лицензияга карата  

 

N _____  ЧЕКТӨӨ БАРАКЧАСЫ  

"___" _____________ 200__ ж. 

 

 

"_______________________________________" микрофинансылык компания _______________________________________________________________________   

(юридикалык жактан толук аталышы)   

   

Банктык операциялардын катар номери   

Чектөөлөрдүн болушу   

Чектөөлөр күчүнө кире баштаган күн   

   

Эскертүү    

1.1   

Жок  

   

   

1.2   

Жок 

   

   

1.3   

Жок 

   

   

1.4 

Жок 

   

   

1.5  

Жок 

 

 

   

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары 

   

 

 

 

 

23) Жобо төмөнкү мазмундагы 11-тиркеме менен толукталсын:   

Кыргыз Республикасынын аймагындагы  

МФКларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү  

жана жоюу жөнүндө жобого карата  

11-тиркеме   

 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2012-жылдын 11-июлундагы N 29/5 токтомунун редакциясында)   

   

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

   

Улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна  

N ______  ЛИЦЕНЗИЯ  

 

"___" _____________ 200__ ж.   

   

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы миркофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, жакырчылыкты жоюу, жумуштуулук деңгээлин жогорулатуу, ишкердикти өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана калайык- калкты социалдык жактан мобилизациялоо үчүн микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды сунуштоо максатында түзүлгөн микрофинансылык компания ____________________________________________________________________________   

(толук аталышы)   

 

МФКнын юридикалык дареги ________________________________________ _______________________________________________________________________   

(кыскартылып аталышы)   

1. Бул лицензия төмөнкү айрым операцияларды жүзөгө ашырууга уруксат берет:    

1.1 ) камсыздалган жана камсыздалбаган микрокредиттерди берүү;   

1.2) кардарлардын жыйымдарын топтоо максатында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кайтарымдуулук шарттарында мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу;  

1.3) карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг);   

1.4) банк менен агенттик келиишм боюнча чекене банктык кызматтарды жүзөгө ашыруу микрофинансылык компанияда кардарларга эсептерди ачуусуз эле;   

1.5) бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмүнүн микрокредит (лизинг) менен чогуу алгандагы нормативинен ашпаган өлчөмдө гарантияларды берүү» 

 

2. Айрым банктык операцияларды жүргүзүүгө чектөө баракчалары ушул лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.   

Лицензия Улуттук банктын Төрагасынын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары кол койгондон тартып күчүнө кирет.   

Лицензия анда түздөн-түз чагылдырылган операцияларды жүзөгө ашыруу укугун сунуштайт.   

Лицензия ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Ушул лицензиядан улам келип чыкан укуктар үчүнчү жактарга берилбейт. 

   

Мөөр 

   

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары 

     

24) Жобо төмөнкү мазмундагы 12-тиркеме менен толукталсын:   

Кыргыз Республикасынын аймагындагы  

МФКларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү  

жана жоюу жөнүндө жобого карата  

12-тиркеме 

   

Улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна 200__жылдын “___”_________ берилген №_______ лицензияга карата  

 

N _____  ЧЕКТӨӨ БАРАКЧАСЫ  

"___" _____________ 200__ ж. 

 

 

"_______________________________________" микрофинансылык компания _______________________________________________________________________   

(юридикалык жактан толук аталышы)   

   

Банктык операциялардын катар номери   

Чектөөлөрдүн болушу   

Чектөөлөр күчүнө кире баштаган күн   

   

Эскертүү    

1.1   

Жок  

   

   

1.2   

Жок 

   

   

1.3   

Жок 

   

   

1.4 

Жок 

   

   

1.5  

Жок 

 

 

   

Улуттук банктын Төрагасынын орун басары 

  

 3.  Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 10-июнунда 75-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №14/3 токтому менен бекитилген “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

1) Жобонун 1.2пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

«1.2. Кредиттик союз - бул, өз катышуучуларынын жыйымдарын бириктирүү аркылуу аларга көмөк көрсөтүү жана аларды өз ара кредитөөгө колдонуу, ошондой эле башка башка финансылык кызматтарды, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык кызматтарды сунуштоо максатында кооператив формасында түзүлгөн, финансы-кредиттик уюм.». 

 

2) Жобонун 1.4-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын

 

«- Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы №60/8 токтому менен бекитилген “Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө” жобого ылайык ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык финансылык кызматтарды сунуштоо.  

 

3) Жобонун 1.4-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин

 

«2) төмөнкү финансылык кызматтарды (операцияларды) жүзөгө ашырууга кошумча лицензия:   

- кредиттик союздун катышуучуларынан улуттук жана чет өлкө валютасында депозиттерди (аманаттарды) тартуу 

кредиттик союздун катышуучуларынан улуттук жана чет өлкө валютасында депозиттерди (аманаттарды) тартууга лицензиясы болгон шартта, Кредиттик союз төмөнкүлөргө карата да кошумча лицензияларды алууга укуктуу

- банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу кредиттик союзда кардарларга эсептерди ачуусуз эле

- кредиттик союздун катышуучуларынын тапшыруусу боюнча банк же башка финансы-кредиттик мекеме менен кредиттик союзда эсеп ачуусуз эле эсептешүүлөрдү жүргүзүү;  

- кредиттик союздун катышуучуларына мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында кредиттерди берүү

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууну жүзөгө ашыруу

4) 5.1-пункттагы «аманаттарды (депозиттерди)»  деген сөздөрдөн кийин «ислам каржылоо принциптери боюнча ишин жүзөгө ашырган кредиттик союздар үчүн - “Мудараба” жана “Кард Хасан” бүтүмдөрүн жүзөгө ашырууну кошо алганда, (каражаттарды тартуу)» деген сөздөр менен толукталсын

 

5) Жобонун 6-бөлүгүнүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«6. Кредиттик союзга кошумча лицензия талап кылган операцияларды жүзөгө ашырууга укук берүү тартиби» 

 

6) 6.1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

Кредиттик союзга кошумча лицензия талап кылган операцияларды жүзөгө ашырууга укук, өтүнүч кат берилген учурга кредиттик союз тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү минималдуу талаптары сакталган шартта берилет”. 

 

- 2-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин

 

«2) кошумча лицензияны талап кылган операцияларды жүзөгө ашыруу боюнча ченемдик документтердин (саясат, жол-жоболор) болуусу»  

- пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын

 

«3) кредиттик союздун катышуучуларынан улуттук жана чет өлкө валюталарында аманаттарды (депозиттерди) тартууга лицензиянын болушу». 

 

7) 6.2-пункттагы

- биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:  

«кошумча лицензияны талап кылган операцияларды жүргүзүү укугун алуу үчүн кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө төмөнкү документтерди эки нускада берүүгө тийиш:»; 

 

- 3-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин

 

«3) кредиттик союздун кошумча лицензия талап кылган операцияларынын көлөмүн жана санын болжолдуу эсептөөлөр менен экономикалык негиздемелер»

  

- 5-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин

 

«5) кредиттик союздун кошумча лицензия талап кылган операцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ченемдик документтери (саясат, жол-жоболор), кредиттик союздун башкаруу органдарынын бул документтердин бекитилгендиги жөнүндө чечимдеринин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен).»;  

 

- төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктчасы менен толукталсын

 

«6) кредиттик союз өз атынан чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу боюнча кошумча лицензияны алган учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы №42/1 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун талаптарына таянуу менен иш алып барууга тийиш.». 

 

8) 8.1.-пункт төмөнкү мазмундагы пунктча менен толукталсын

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык Шариат кеңешин түзүү.  

 

9) 1-Пункт 3-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин

 

«1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кредиттик союздардын ишинде орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди азайтуу максатында, Башкарманын Төрагалыгынын, Байкоо кеңешинин Төрагалыгынын, Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн (ислам каржылоо принциптерине ылайык кызматтарды сунушташкан кредиттик союздар үчүн, мында шариат кеңешинин мүчөлөрүн макулдашуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат) жана башкы бухгалтердин (башкы бухгалтердин штаттык кызмат орду жок болгон учурда, башкы бухгалтер укугундагы бухгалтердин) кызмат орундарына талапкерлерге карата минималдуу талаптарды белгилейт.    

 

10) 5-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин

 

«Кредиттик союздарды лицензиялоо  

жөнүндө” жобого карата  

5-тиркеме  

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

 

N __________ ЛИЦЕНЗИЯ  

"___" ____________ 20___-ж 

 

_______________________________________________ кредиттик союзга берилген 

(кредиттик союздун толук аталышы

кредиттик союздун юридикалык дареги ____________________________________ ___________________________________________________________________________ 

 

Ушул лицензия аркылуу төмөнкүдөй кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү (операцияларды) жүзөгө ашырууга уруксат берилет:  

- кредиттик союздун катышуучуларынан улуттук жана чет өлкө валюталарындагы аманаттарды (депозиттерди) тартуу;  

- банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу кредиттик союзда кардарларга эсептерди ачуусуз эле;  

- кредиттик союздун катышуучуларынын тапшыруусу боюнча банк же башка финансы-кредиттик мекеме менен кредиттик союзда эсеп ачуусуз эле эсептешүүлөрдү жүргүзүү;  

кредиттик союздун катышуучуларына мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана кайтарымдуулук шарттарында чет өлкө валютасындагы кредиттерди берүү;  

- өз атынан чет өлкө валютасын сатып алууну жана сатууну жүргүзүү.  

Кредиттик союздун лицензиясы ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Ушул лицензиядан улам келип чыкан укуктар үчүнчү жактарга берилбейт. Лицензиянын үчүнчү жактарга берилиши, кредиттик союздун ишин токтотуу менен лицензиясын алып салууга алып келет. 

Лицензиянын иштөө мөөнөтүнө чек коюлбайт. 

Лицензиянын көчүрмөлөрү жараксыз деп эсептелинет. 

Мөөр 

Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен ыйгарым укук чегерилген адам”. 

 

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2000-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2000-жылдын 15-декабрда №201 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №42/1 токтому менен бекитилген, “Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

 

1) 1.1-пункттагы «Жеке жана юридикалык» деген сөздөр «Юридикалык» деген сөз менен алмаштырылсын

 

2) 1.3-пункттагы экинчи жана үчүнчү абзацтар төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Алмашуу пункту" Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ылайык, ыйгарым укуктуу банктар, адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер жана кредиттик союздар тарабынан жүзөгө ашырылуучу, нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларды жүргүзүү үчүн атайын жабдылган жер.  

"Алмашуу бюросу" бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ылайык жүзөгө ашырылуучу, нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн юридикалык жак тарабынан түзүлгөн атайын жабдылган пункт.  

1.3-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын

 

Акционердик коом формасында түзүлгөн, Улуттук банктын лицензиясын алган, юридикалык жактарды жана жеке адамдарды микрокредиттөөнү жана операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде жеке адамдардан жана юридикалык жактардан ушул Мыйзамда каралган мөөнөттүү аманаттарды тартууну жүзөгө ашыруучу адистештирилген финансы-кредиттик мекеме микрофинансылык компания болуп саналат.  

Коммерциялык уюмдун кандай болбосун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, Улуттук банктын күбөлүгүн алган, жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жана ушул Мыйзамда каралган операциялардын башка түрлөрүн жүзөгө ашыруучу адистештирилген финансы-кредиттик мекеме микрокредиттик компания болуп саналат.  

Кредиттик союз - бул, өз катышуучуларынын жыйымдарын бириктирүү аркылуу аларга көмөк көрсөтүү жана аларды өз ара кредитөөгө колдонуу, ошондой эле башка башка финансылык кызматтарды, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык кызматтарды сунуштоо максатында кооператив формасында түзүлгөн, финансы-кредиттик уюм.». 

 

3) 2-бөлүктүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2. Ыйгарым укуктуу банктардын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын укуктары жана милдеттери». 

 

4) 2.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин

 

«2.1. Ыйгарым укуктуу банктар, алмашуу бюролору, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамында көрсөтүлгөн компетенцияларынын чегинде өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат.». 

 

5) 2.5-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

 

«Ыйгарым укуктуу банктар, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар, алмашуу бюролору төмөнкүлөргө милдеттүү:». 

 

6) 2.5-пункттун

 

11-пунктчасындагы «аты-жөнү» деген сөз алынып салынсын

-13-пунктчасындагы «же аты-жөнү» деген сөздөр алынып салынсын

- 27-пунктчасындагы «же жеке ишкердин» деген сөздөр алынып салынсын

 

7) 2.6-пункттагы «же жеке» деген сөздөр алынып салынсын

 

8) 3.1-пункттун

- биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин

«Ыйгарым укуктуу банкттар, алмашуу бюролору, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар нак чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу операцияларын төмөнкү ченемдик укуктук актыларды сактоо менен жүргүзүшөт:»; 

- 3.2-пункттун экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин

Ыйгарым укуктуу банктар, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар, алмашуу пункттары үчүн чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курстарын ушул Жободо белгиленген тартипке ылайык белгилешет”. 

 

9) 3.3-пункттун биринчи абзацындагы «же алмашуу бюросу» деген сөздөр «алмашуу бюросунда, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларда, кредиттик союзда» деген сөздөргө алмаштырылсын

 

10) 3.8-пункттагы «Жеке жана юридикалык» деген сөздөр «юридикалык» деген сөзгө алмаштырылсын

 

11) 3.9-пункттагы «же жеке ишкердин» деген сөздөр алынып салынсын

 

12) 3.13-пунктун

- биринчи сүйлөмүндөгүжана жеке деген сөздөр алынып салынсын

- экинчи сүйлөмдөгүже жекедеген сөздөр алынып салынсын 

.  

 

13) 4.15-пункттагыжана жеке деген сөздөр алынып салынсын

 

14) 4.20-пункттагы «(жеке ишкер деген сөздөр алынып салынсын

 

15) 5.1-пункттун үчүнчү абзацындагы “жана жеке” деген сөздөр алынып салынсын. 

 

 

16) 7-бөлүм төмөнкү редакцияда берилсин

 

«7. Алмашуу бюролорунун жана алмашуу пункттарынын ишине көзөмөлдүк  

 

7.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ыйгарым укуктуу банктардын алмашуу пункттарынын, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын, алмашуу бюролорунун ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келтирүү максатында, көзөмөлдүк жүргүзөт.  

7.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ыйгарым укуктуу банктардын, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын алмашуу пункттарындагы, алмашуу бюролорундагы нак чет өлкө валюталарын алмашуу операциялары боюнча орун алган тобокелдиктерге жооп бербейт. 

7.3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы текшерүү үчүн негиз болуп эсептелген документти көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу банктардын, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын алмашуу пункттарынын, алмашуу бюролорунун ишине алдын ала билдирүүсүз эле текшерүү укугуна ээ.  

7.4. Ыйгарым укуктуу банктардын, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын алмашуу пункттары жана алмашуу бюролору алардын иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан текшерилип жаткан учурда алмашуу пункттунда же алмашуу бюросунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын текшерүүчүлөр тобуна аудио/видео жазууларды жүзөгө ашыра турган, аудио/видео жабдуулар орнотулбаган өзүнчө жайды сунуштоого, Улуттук банктын текшерүүчүлөр тобуна сунушталган жайга үчүнчү жактардын аудио/видео жабдууларды орнотууга тиешелүү кандай болбосун аракеттерине тыюу салууга,ыйгарым укуктуу банктардын, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын алмашуу пункттарынын же алмашуу бюролорунун документтеринин коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле текшерүүчүлөр тобуна текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон жабдууларды жана техникаларды берүүгө милдеттүү.  

 

7.5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мыйзамда каралган учурларда ыйгарым укуктуу банктарга, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга, кредиттик союздарга жана алмашуу бюролоруна карата эскертүү чараларын жана санкцияларын колдонуу укугуна ээ.  

7.6. Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартибинин, ошондой эле ыйгарым укуктуу банктардын, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын жана алмашуу бюролорунун (пункттарынын) ишин жөнгө салган ченемдик документтердин талаптарынын бузулушу аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүлөргө укуктуу:  

- аныкталган кемчиликтерди четтетүү тууралуу эскертүү же көрсөтмө жиберүүгө жана аларды четтетүү үчүн бузуунун түрүнө карата белгилүү бир мөөнөттү белгилөөгө;  

- мыйзамга ылайык, айыптык санкциялардын колдонулушуна чара көрүүгө;  

- лицензиянын иш-аракетин 7 жумушчу күнүнө чейинки мөөнөткө убактылуу токтотууга ;  

- лицензияны кайтарып алууга .». 

 

20) 1-тиркемедеги «же жеке жактын аты-жөнү» деген сөздөр алынып салынсын;  

 

21) 3-тиркемедеги:  

- Эскертүүнүн 3-пункту алынып салынсын;  

- Эскертүүнүн 5-пунктундагы «жана жеке» деген сөздөр алынып салынсын.  

 

22) 6-тиркеменин 1,2,3-формаларынын биринчи мамычасындагы «жеке ишкердин аты-жөнү» деген сөздөр алынып салынсын.  

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы №40/4 токтому менен бекитилген “Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү тартиби жөнүндөжобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

1) 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

 

««Алмашуу бюросу» - бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ылайык, жүргүзүлгөн нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн юридикалык жак тарабынан түзүлгөн атайын жабдылган пункт .». 

 

2) 1-пункттун 4-абзацынын бүтүндөй тексти боюнча:  

- «же жеке» деген ар кандай жөндөмө мүчөлөрүндөгү сөздөр алынып салынсын;  

- «100 000» деген сан «1 000 000» деген санга алмаштырылсын

 

3) 3-пункттагы «жана жеке» деген сөздөр алынып салынсын

 

4) 7-пункттагы жана жеке деген сөздөр алынып салынсын

 

5) 9-пункттагы

- бешинчи жана жетинчи абзацтардагы «(юридикалык жактар үчүндеген сөздөр алынып салынсын

- сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин

« - өтүнүч ээсинин коммерциялык банктагы топтоо эсебинде өтүнүч кат берилген күнү 1 000 000 сомдон кем эмес өлчөмдө жүгүртүү каражаты бар экендигин тастыктаган, коммерциялык банктын маалымкаты (лицензиясы катталган шартта); 

Топтоо эсебинде жайгашкан каражаттарды уюштуруучулар кандайдыр бир максаттарга колдоно алышпайт жана лицензияны алганга чейин алып чыгара албайт».  

 

6) 14-пункттагы «, өтүнүч жазган юридикалык же жеке жакка» деген сөздөр “өтүнүч жазган” деген сөздөргө алмаштырылсын.  

 

7) 25-пункттагы

- биринчи абзацтагы «(юридикалык жактар үчүн деген сөздөр алынып салынсын

- үчүнчү абзацтагы «юридикалык жактын деген сөздөр алынып салынсын. 

 

8) 27-пункттагы «(юридикалык жактар үчүн деген сөздөр алынып салынсын;  

 

9) 30-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

 

«30. Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна ээ бир юридикалык жак, ал катталган областтын чегинде бир гана кошумча алмашуу бюросун ачууга укуктуу.».  

10) 32-пункттун жетинчи абзацындагы «100 000» деген сан «1 000 000» деген санга алмаштырылсын

 

11) 43-пункттун экинчи жана бешинчи абзацтарындагы «же жеке» деген сөздөр алынып салынсын. 

 

12) 44-пункттагы

- 7-пунктчадагы «же жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүндөдеген сөздөр алынып салынсын; 

 

- 9-пунктчанын бүтүндөй тексти боюнча «(юридикалык жактар үчүн деген сөздөр алынып салынсын;  

- 10-пунктчадагы «(юридикалык жактар үчүн деген сөздөр алынып салынсын;  

- 12-пунктчадагы «юридикалык же жеке адамдын - өтүнүч ээсинин жана/же (юридикалык жактар үчүн)» деген сөздөр «өтүнүч ээсинин жана/же» деген сөздөргө алмаштырылсын

 

13) 47-пункттагы:  

- 2-пунктчадагы « же лицензия берилген жеке адамдын каза болушунда» деген сөздөр алынып салынсын;  

- 3-пунктчадагы «же жеке адам» деген сөздөр алынып салынсын.  

 

14) 48-пункттагы «же жеке адам» деген сөздөр алынып салынсын.  

 

15) 51-пункттун 2-пунктчасындагы “же жеке адамга” деген сөздөр алынып салынсын

 

16) 52-пункттагы «(юридикалык жактар үчүн деген сөздөр алынып салынсын

 

17) 1-тиркемедеги «, жеке адамдын аты-жөнү» деген сөздөр алынып салынсын

18) 2-тиркемедеги

- оң мамычадагы «жеке адамдын аты-жөнү, жашаган жери» деген сөздөр алынып салынсын

- Тиркеменин бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмө мүчөлөрүндөгү “жеке ишкер” деген сөздөр алынып салынсын.  

19) 3-тиркемедеги «жеке адамдын аты-жөнү» деген сөздөр алынып салынсын

20) 4-тиркемедеги

- «же жеке адамдын аты-жөнү» деген сөздөр алынып салынсын

- Тиркеменин бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмө мүчөлөрүндөгү «жеке ишкер» деген сөздөр алынып салынсын. 

21) 5-тиркемедеги «же жеке адамдын аты-жөнү жана дареги» деген сөздөр алынып салынсын

22) 6-тиркеменин

- оң мамычасындагы «же жеке адамдын аты-жөнү» деген сөздөр алынып салынсын

- «же жеке ишкердин», «жеке ишкердин» деген сөздөр алынып салынсын

23) 7-тиркемедеги «же жеке адамдын аты-жөнү» деген сөздөр алынып салынсын

24) 8-тиркемедеги «же жеке адамдын аты-жөнү», «же жеке », «(юридикалык жактар үчүн)», «жеке адамдын», «жеке адамдын кол тамгасы» деген сөздөр алынып салынсын.