Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын «29»-январындагы № 2\6 токтому 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/11 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютада депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолорду  

жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 5, 26 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/11 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютада депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин.  

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом 2014 жылдын 17-февралынан тартып күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.  

 

Төрага Асанкожоева З.М.  

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын «29»-январындагы № 2\6 токтомуна 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/11 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютада депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоолор 

жана өзгөртүүлөр 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/11 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютада депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогору көрсөтүлгөн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютада депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө Жободогу: 

- 4 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4. Улуттук валютада депозиттик операциялар Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча жүргүзүлөт.»; 

- 9 пунктундагы «жылышы» деген сөз «чегерүү» деген сөзгө алмаштырылсын; 

- төмөнкү мазмундагы 11.1.пункт менен толукталсын:  

«11.1. «Овернайт» депозити» бул, Катышуучу тарабынан корреспонденттик эсептен улуттук валютадагы акча каражаттарынын суммасын 1 (бир) түн ичинде Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерүү боюнча депозиттик операция. Чегерилген пайыздарын эске алуу менен улуттук валютадагы акча каражаттарынын суммасын кайтарып берүү Улуттук банк тарабынан Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине депозиттик операция аяктаган күнү ишке ашырылат.»; 

- 12 пунктундагы «Депозиттик операциялардын мөөнөтү» деген сөздөрдөн кийин «,овернайт депозитин эске албаганда» деген сөздөр кошулсун; 

- төмөнкү мазмундагы 13.1. пункт менен толукталсын:  

«13.1. «Овернайт» депозити боюнча пайыздарды чегерүү үчүн 1 (бир) күн эсепке алынат жана ал жыл ичиндеги 360 күн санына жараша жөнөкөй пайыздар формуласы боюнча жүргүзүлөт. Эгерде, “овернайт” депозити жуманын жана/же майрам алдындагы акыркы күнү келишилсе, анда пайыздарды чегерүү мөөнөтү календардык күндөрдө туюндурулган жана «овернайт» депозити келишилген күндөн кийинки күндөн тартып «овернайт» депозити кайтарылып берилгенге чейинки күндү кошо алганда, эсептелген убакыт аралыгы катары эсептелинет.»; 

- 16 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«16. Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети ушул жобонун 4-пунктуна ылайык, төмөнкүдөй шарттарды аныктайт: 

Депозиттик операция түрү

- максималдуу пайыздык чен боюнча аукцион; 

- катталган пайыздык чен боюнча аукцион; 

- «овернайт» депозити. 

Депозиттик операция параметрлери: 

- пайыздык чен (максималдуу/катталган жана «овернайт депозитинин чени) 

- акча каражаттарынын көлөмү, мында «овернайт» депозити боюнча көлөм  

чектелбейт; 

- депозиттик операция мөөнөтү»; 

- 25 пунктундагы «Депозиттик операциялардын мөөнөтү» деген сөздөрдөн кийин «,овернайт депозитин эске албаганда,» деген сөздөр кошулсун; 

- 29 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«29. Катышуучу «овернайт» депозитине жана катталган пайыздык чен боюнча аукционго 1 (бир) гана, ал эми максималдуу пайыздык чен боюнча аукционго 5 (бештен) көп эмес билдирме бере алат. Мындан көбүрөөк билдирме берилген учурда Катышуучунун кийинки билдирмелери четке кагылат жана кабыл алынбайт.»; 

- 30 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«30. Катталган пайыздык чен боюнча аукцион өткөрүлгөн шартта, ага Катышуучулардын Улуттук банк тарабынан жарыяланган катталган пайыздык чени боюнча билдирмелерине жол берилет жана билдирмелер салыштырма салмагына пропорционалдуу негизде канааттандырылат.»; 

- 31 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Максималдуу пайыздык чен боюнча аукцион өткөрүлгөн шартта, Катышуучулардын төмөнкү пайыздык чен же Улуттук банк жарыялаган максималдуу пайыздык ченге барабар билдирмелерине жол берилет. Мында, Катышуучулардын эң аз (Улуттук банк жарыялаган максималдуу пайыздык ченден төмөн) пайыздык чендеги сунуштарды камтыган билдирмелери биринчи кезекте канааттандырылат. Ошентип, билдирмелерди канааттандыруу, сунушталган эң төмөнкү пайыздык чен боюнча ишке ашырылып, андан ары Улуттук банктын максималдуу пайыздык ченине чейин, өсүш тартибинде ишке ашырылат. Эгерде, Катышуучулардын билдирмелеринде сунушталган пайыздык чендер дал келип калса, билдирмелер салыштырмалуу салмагына жараша, пропорционалдуу негизде канааттандырылат.»; 

- 32 пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«32. «Овернайт» депозитин ишке ашыруу учурунда саат 15:00 дөн 16:00 чейин Катышуучулардын Улуттук банк тарабынан жарыяланган «овернайт» депозитинин чени боюнча билдирмелерине жол берилет.»; 

- 35 пункту төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

«Овернайт» депозити боюнча акча каражаттарын эсептен алып салуу АТСте саат 16.00 дон 17.00 чейин ишке ашырылат.»; 

- 36 пунктундагы «депозиттик операция» деген сөздөр «, анын ичинде «овернайт» депозити боюнча АТСте саат 09.00 дон 09.30га чейин» деген сөздөр менен толукталсын.