Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдынм ”29”- январындагы № 2\7 токтому 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы №20/1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы №20/1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом, расмий жарыялангандан тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.  

 

Төрага Асанкожоева З.М.  

 

 

 

Тиркеме 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын”29”- январындагы № 2\7 токтомуна 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы №20/1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы №20/1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

жогору көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө Жободогу: 

- 26 пунктундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтары күчүн жоготкон катары саналсын; 

- 34 пунктундагы экинчи сүйлөмдөгү “Башка катышуучулардын билдирмелери” деген сөздөр “институционалдык инвесторлордун билдирмелери” деген сөздөргө аламаштырылсын; 

- 35 пункту “атаандаша албаган сунушу менен” деген сөздөрдөн кийин “, институционалдык инвесторлордон тышкары,” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 39 пунктагы “Бир кардардан” деген сөздөрдөн кийин “жана/же институционалдык инвестордон” деген сөздөр менен толукталсын; 

- 1-Тиркемесинин 2.1.2 жана 2.1.3 подпунктары күчүн жоготкон катары саналсын.