Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк 

Башкармасынын 2013-жылдын 29 январындагы 2/15 токтому 

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү” жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин:  

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы №42/1 токтому менен кабыл алынган “Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/5 токтому менен кабыл алынган “Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү максатында, Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролдукту уюштуруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобо. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Мамлекеттик өнүктүрүү банкын жана алмашуу бюролорун, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

 

Төрага Асанкожоева З.М.  

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын «29» -январындагы № 2\15 токтомуна  

карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик токтомдоруна  

өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы токтому менен бекитилген №42/1 “Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

“Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого: 

- жобонун бүтүндөй тексти боюнча “КРУБ" аббревиатурасы тиешелүү жөндөмөдө “Улуттук банк” деген сөздөргө алмаштырылсын. 

- 1.3-пункттун 12 абзацындаа “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” деген сөздөрдөн кийин “(мындан ары “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы) деген сөздөр менен толукталсын. 

- 1.3-пункттун 13-абзацы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Чектүү сумма бул “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга ылайык, операциянын (бүтүмдүн) 1 000 000 сомго барабар суммасы, анын чегинен чыккан учурда бул операция (бүтүм) “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга жана ушул Жобого ылайык милдеттүү түрдө ички контролдукка алынат.” 

- 1.3-пункту төмөнкү 14-абзац менен толукталсын: 

«Регистрациялык сумма бул 50 000 сомго барабар суммасы (же анын КРУБтун официалдуу курсу менен чет өлкө валютасына барабар суммасы) (алмашуу бюролору үчүн).». 

- 2.4-пункт төмөнкү мазмундагы 7-8-пунктчалар менен толукталсын

«7) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операциялары тууралуу, анын ичинде эгерде бул операциялар шектүү бүтүмдөр жана операциялар белгилерине кирген жагдайларда, ошондой эле эгерде ишке ашырылган операциянын суммасы чектүү суммага барабар же ашкан болсо, кардар тууралуу маалыматтарды Кардарлар менен операциялар жөнүндө маалыматтарды каттоо журналында (мындан ары Журнал) каттоого милдеттүү. Журнал номерленип, көктөлүп, ага банктын мөөрү коюлушу зарыл (1а-тиркемеси). Алмашуу пункттарында маалыматтын сакталышын камсыз кылган коопсуздук системасы орнотулган шартта журналды электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет. Бул пунктчада көрсөтүлгөн маалымат кеминде беш жыл сакталышы зарыл; 

Ушул пункттун 7-пунктчасында белгиленген маалыматты операция ишке ашырылган күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуштоого милдеттүү.”.  

- 2.5-пункттун 27-28-пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«27) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө да Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы токтому менен бекитилген №52/5 “Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында алмашуу бюролорунда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө” жободо белгиленген талаптар сакталсын. 

28) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операциялары тууралуу, анын ичинде эгерде бул операциялар шектүү бүтүмдөр жана операциялар белгилерине кирген жагдайларда, ошондой эле эгерде ишке ашырылган операциянын суммасы чектүү суммага барабар же ашкан болсо, кардар тууралуу маалыматтарды Кардарлар менен операциялар жөнүндө маалыматтарды каттоо журналында (мындан ары Журнал) каттоого милдеттүү. Журнал номерленип, көктөлүп, ага юридикалык жактын мөөрү коюлушу зарыл (1а-тиркемеси). Алмашуу пункттарында маалыматтын сакталышын камсыз кылган коопсуздук системасы орнотулган шартта журналды электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет. Бул пунктчада көрсөтүлгөн маалымат кеминде беш жыл сакталышы зарыл; 

- 2.7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«2.7. Ушул Жобонун 2.5-пунктунун 1-6, 8-14,29, 30 -пунктчаларында көрсөтүлгөн талаптар ыйгарым укуктуу банктардын алмашуу пункттарына да таркатылат.”. 

- 3.10-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«3.10. Ыйгарым укуктуу банктар жана алардын алмашуу пункттары, алмашуу бюролор чет өлкө валютасын сатып алууда же сатууда сатылып алынган же сатылган чет өлкө валютасынын суммасынан көз карандысыз ишке ашырылган операцияны тастыктаган документ берүүгө милдеттүү, ошондой эле кардардын өтүнүчү боюнча көчүрүүчү кагаз менен сертификат-маалымкатты толтурууга тийиш (4-тиркеме). 

Алмашуу бюролору кандай болбосун операцияны жүргүзүүдө кассалык чек берүүгө милдеттүү.”; 

- 4-бөлүктүн биринчи абзацтагы “жана алмашуу пункту” деген сөздөр алынып салынсын, “жүргүзүп жатышат” деген сөз “жүргүзүп жатат” дегенге алмаштырылсын. 

- 4.2 -4.3-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин

«4.2. Кардарга берилүүчү улуттук валютанын суммасын эсептөөдө кассир сатылып алынган валюта тууралуу операцияларды каттоо журналында чагылдырат (эгерде кардар резидент эмес болсо, бул тууралуу журналга чагылдырат), операциянын ишке ашырылгандыгын тастыктаган документти даярдайт. Алмашуу бюросунда операция жүргүзүлгөн учурда, кассада чек басылып берилет. Кассир (жоопкерчиликтүү жумушчу) сертификат-маалымкатты Жобонун талаптарына ылайык тариздейт.  

4.3. Ишке ашырылган эсептешүүлөрдү текшергенден кийин кассир кардардын катышуусунда алардын аныктыгын текшерүү менен улуттук валютада тиешелүү сумманы берет. Ошондой эле операция алмашуу бюросунда ишке ашырылгандыгын тастыктаган документти кассалык чекти ага берет. Зарыл учурда - сертификат-маалымкат да берилет.”. 

- 4.5-4.6-пункттар төмөнкү редакцияда берилсин

«4.5. Кардарга берилүүчү улуттук валютанын суммасын эсептөөдө кассир сатылган валюта тууралуу операцияларды каттоо журналында чагылдырат (эгерде кардар резидент эмес болсо, бул тууралуу журналга чагылдырат), операциянын ишке ашырылгандыгын тастыктаган документти даярдайт. Алмашуу бюросунда операция жүргүзүлгөн учурда, кассада чек басылып берилет. Кассир (жоопкерчиликтүү жумушчу) сертификат-маалымкатты Жобонун талаптарына ылайык тариздейт.  

4.6. Ишке ашырылган эсептешүүлөрдү текшергенден кийин кассир кардардын катышуусунда алардын аныктыгын текшерүү менен чет өлкө валютасында тиешелүү сумманы берет. Ошондой эле операция алмашуу бюросунда ишке ашырылгандыгын тастыктаган документти кассалык чекти ага берет. Зарыл учурда - сертификат-маалымкат да берилет.”. 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы токтому менен бекитилген №52/5 “Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында алмашуу бюролорунда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

“Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында алмашуу бюролорунда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө” жлбого: 

 

- 4-пункту акыркы абзацына төмөнкү абзац толукталсын: 

«Регистрациялык сумма бул 50 000 сомго барабар суммасы (же анын КРУБтун официалдуу курсу менен чет өлкө валютасына барабар суммасы) (алмашуу бюролору үчүн).». 

- 4-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын

«Чектүү сумма бул “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга ылайык, операциянын (бүтүмдүн) 1 000 000 сомго барабар суммасы, анын чегинен чыккан учурда бул операция (бүтүм) “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга жана ушул Жобого ылайык милдеттүү түрдө ички контролдукка алынат.” 

Верификация ички контролдукту жүргүзүү максатында алмашуу бюролору тарабынан жүзөгө ашырылган идентификациянын жыйынтыктарын талаптагыдай тактоо же текшерүү боюнча иш-чаралар. 

Экстремизм бул конституциялык түзүмдүн негиздерин күчкө салып өзгөртүүгө, коопсуздукту начарлатууга жана бийлик кылуу максатында ыйгарым укуктарды басып алууга жана ээлеп алууга, террористтик ишкердикти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Экстремисттик ишкердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамында аныкталган башка мыйзамсыз иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мыйзамсыз куралдуу күчтөрдү түзүүгө багытталган ишкердик.». 

Бенефициардык менчик ээси (пайда алуучу) бул

- акча каражаттарына же мүлккө менчик укугуна ээ жак жана кардар анын акча каражаттары же мүлкү менен операцияны (бүтүмдү) анын атынан жана/же анын эсебинен жүзөгө ашырат, жана/же  

- мындай жак жана кардар ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, кардардын анын акча каражаттары же мүлкү менен операцияларды (бүтүмдөрдү) ишке ашыруусуна тике же кыйыр түрдө таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ жак жана/же 

- жыйынтыгында, акча каражаттары же мүлкү менен операция (бүтүм) анын пайдасына ишке ашырылып жаткан жак.  

- 5-пункттун 1) пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кардарды идентификациялоодон тышкары алмашуу бюросу кардарды верификациялоону жүргүзүүгө жана бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну) аныктоого Кыргыз Республикасынын ПФТ/ОД мыйзамдуулугу боюнча тийиш.”.  

- 5-пункттун 5) пунктчасындагы “кардарды идентификациялоо” деген сөздөр “кардарды идентификациялоону, верификациялоону жана иликтөөнү, ошондой эле бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну) аныктоону,” дегенде алмаштырылсын. 

- 5-пункттун 8) пунктчасындагы «1 000 000 сом (чет өлкө валютасындагы эквивалентинде)» деген сөздөр “чектүү сумма” дегенге алмаштырылсын. 

- 7-пункттагы “кардардын идентификациялоо” деген сөздөр “кардарды идентификациялоону, верификациялоону жана иликтөөнү, ошондой эле бенефициардык менчик ээсин (пайда алуучуну) аныктоону,” дегенде алмаштырылсын.