ДОЛБООР 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

 

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

1-берене. 

 

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж, №2, 77-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1. 30-беренесинин 5-бөлүгүндөгү “жүз” жана “эки жүз” деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша “беш жүз” жана “бир миң” деген сөздөргө алмаштырылсын. 

2. 30-беренесинин 7-бөлүгүндөгү “миң” деген сөз “эки миң” деген сөзгө алмаштырылсын. 

3. 357 жана 358 беренелери төмөнкү редакцияда берилсин: 

«357-берене. Банк операцияларын лицензиясыз жүзөгө ашыруу 

 

Чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын кошо алганда, банк операцияларын мыйзам тартибинде берилген лицензиясыз жүзөгө ашыруу, - 

жарандарга беш жүз эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө, кызмат адамдарына бир миң эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга- эки миң эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. 

 

358-берене. Акча каражаттарын тийиштүү лицензиясыз тартуу 

 

Мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү тийиштүү лицензиясыз мөөнөттүүлүк, кайрып берүү жана төлөө шарттарында жеке же юридикалык жактардын акча каражаттарын тартуу же тартууну ачык сунуш кылуу - 

жарандарга беш жүз эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө, кызмат адамдарына бир миң эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга- эки миң эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.». 

4. 362-берениси төмөнкү редакцияда берилсин: 

“362-берене. Улуттук валютаны кабыл алуудан баш тартуу 

 

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын (банкнотторду жана монеталарды) төлөөгө кабыл алуудан баш тартуу - 

эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.”. 

5. 531-беренеси төмөнкү редакцияда берилсин: 

“531-берене. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын органдары 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын органдары ушул Кодекстин 357-362-беренелеринде каралган, администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.  

Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө Улуттук банктын Төрагасы, анын орун басарлары жана Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын/өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери укуктуу.”. 

 

2-берене.  

Ушул Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 1 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти