Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын  

«30»-майындагы № 24\10 токтому 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым токтомдоруна  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:   

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин: 

Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы №4/2 “Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрокаржылоо компанияларынын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелери” жөнүндө” токтомуна; 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы №16/3 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрокаржылоо уюмдарына карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна; 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/7 “Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна; 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы №25/3 “Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин жана ломбарддын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жана “Микрокаржылоо компаниясынын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жоболорун бекитүү тууралуу” токтомуна.  

2. Юридика башкармалыгы:  

бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

расмий жарыялангандан кийин токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.   

3. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен микрокаржылоо уюмдарын, Микрокаржылоо уюмдар ассоциациясын, кредиттик союздарды, адистештирилген финансы-кредиттик мекеме “Кредиттик союздардын финансылык компаниясы” ААКсын, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.   

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

   

Төрага Абдыгулов Т.С. 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын «30»-майындагы № 24\10 токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы №4/2 “Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрокаржылоо компанияларынын ишин жөнгө салган убактылуу эрежелер” жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрокаржылоо компанияларынын ишин жөнгө салган убактылуу эрежелердин: 

2.3-пунктунун 2.3.1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2.3.1. Микрокаржылоо компаниясынын өздүк капиталын эсептөө (баа берүү күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде ишке ашырылат: 

толугу менен төлөнгөн уставдык капиталдын; 

номиналдан үстөк салынган капиталдын; 

жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капиталдын; 

келечекте керектөө үчүн камдардын; 

өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайда/чыгымынын; 

өтүп жаткан жыл ичиндеги чыгымынын; 

башка микрокаржылоо уюмдарына жана банктарга кандай болбосун инвестицияларды кемитүү менен.”. 

 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы №16/3 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрокаржылоо уюмдарына карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрокаржылоо уюмдарына карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндө” жобонун: 

4.13-пунктунун экинчи абзацындагы “төлөнгөн уставдык” деген сөздөр “өздүк” дегенге алмаштырылсын. 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/7 “Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген “Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 1.1-пунктундагы "кошумча лицензияга ээ, ошондой эле Адистештирилген финансы-кредиттик мекеме "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсынан (мындан ары - КСФК) карыз алышкан" деген сүйлөм алынып салынсын.

 

4. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы №25/3 “Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин жана ломбарддын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жана “Микрокаржылоо компаниясынын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

- жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген “Микрокаржылоо компаниясынын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобонун 2-тиркемесинин: 

1) “Финансылык абалы тууралуу регулятивдик отчет” деп аталган 1-бөлүктүн “В. Капитал” бөлүкчөсүнүн “21. Акционердик капитал” статьясынын: 

- “в” сабы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“в) номиналдан үстөк салынган капитал  

в-1) жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал”; 

2) “Капитал” деп аталган 3-бөлүктүн “Капиталдын түзүмүндөгү өзгөрүүлөр” деп аталган 3А бөлүкчөсүнүн: 

- 5-сабы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“5. Номиналдан үстөк салынган капитал, өтүп жаткан жыл, таза  

5-1. Жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал”; 

 

- жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген “Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобонун 2-тиркемесинин: 

1) “Финансылык абалы тууралуу регулятивдик отчет” деп аталган 1-бөлүктүн 27-сабы төмөнкү редакцияда берилсин: 

“27. Номиналдан үстөк салынган капитал 

27.1 Жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал”.